Wildberries 30 кызды окутту

  • 11.10.2024
  • 0

Бүгүн, 11-октябрда “Эне-балага тирек” коомдук фонду, “Кыргыз Почтасы” мамлекеттик ишканасы жана Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосу менен Бишкекте Wildberries компаниясы тарабынан ишке ашырылган  “IT кыздар” долбоорунун финалисттерин сыйлоо аземи өттү.

Wildberries 30 кызды окутту

“IT кыздар” социалдык долбоору Кыргызстандын аялдар ишкердигин өнүктүрүүгө багытталган жана өлкөдөгү кыз-келиндерге заманбап санариптик кесиптерде тез арада баштап кетүүгө сапаттуу жана жеткиликтүү билим алууга жардам берет.

Wildberries 30 кызды окутту

Мамлекеттик өнөктөштөр менен биргеликте пилоттук долбоорго катышуу үчүн Кыргызстандын кесиптик лицейлеринде билим алып жаткан 30 кыз тандалып алынган. Окутуу 2024-жылдын жай мезгилинде Wildberries компаниясынын арт-директору Дмитрий Матвеевдин координациясында жана дизайн жана кадрлар боюнча компаниянын эксперттеринин катышуусунда онлайн форматта өткөрүлгөн.

Wildberries 30 кызды окутту

Салтанаттуу иш-чарага билим берүү жана илим министрлигинин орун басары Абазбек уулу Расул, “Эне-балага тирек” коомдук фондунун директорунун орун басары Мурзаканова Гүлзат Асанбековна, ААК “Кыргыз Почтасы” ишканасынын башкы директору Черикчиев Марат Жолдошбекович жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин ишкердик чөйрөсүнүн саясаты башкармалыгынын жетекчиси Катаганов Муса. Wildberries компаниясынан бул иш-чарага Wildberries КРдеги GR директору Ксения Школьникова жана “IT кыздар” долбоорунун Кыргызстандагы жетекчиси Ольга Ниязалиева катышты.

Wildberries 30 кызды окутту

Министрдин орун басары Расул Абазбек уулу өз сөзүндө азыркы билим берүү системасы адамды тез өзгөрүлүп жаткан дүйнөгө даярдашы керек экенин баса белгилеп, мындай долбоорлорго катышуу жаштарга адистерден суроо-талапка ээ болгон көндүмдөрдү алып гана тим болбостон, өзүнө ишенимдүү болуп, өсүп-өнүгүүгө мүмкүнчүлүк берерин айтты.

  • Жети дубандан тандалып алынган 30 окуучу кызга эки айдын ичинде графикалык дизайн боюнча акысыз окуу өткөрүлдү. Алар графикалык дизайндын теориясын гана окубастан, аны менен бирге бүгүнкү күндөгү эё керектүү ык-көндүмдөрдү өздөштүрүштү, өзүн-өзү презентациялоо, жумушка барганда кандай көндүмдөрдү талап кылынат деген сыяктуу маалыматтарды Wildberries компаниясынын тажрыйбалуу тренерлеринен үйрөнүштү. Кыздарыбыз алган билимин турмушунда туура колдонот деп ишенебиз. Бул иш-чарага жумуш берүүчүлөр да келди, андыктан өздөрүн көрсөтүп, жумушка орношууга да мүмкүнчүлүк болот, — деди Расул Абазбек уулу.

Wildberries 30 кызды окутту

Долбоордун финалисттери бүтүрүү иштерин ийгиликтүү тапшырып, ноутбуктар жана баалуу белектерге ээ болушту. Мындан тышкары, курс бүтүрүүчүлөрүнүн бардыгы Wildberries компаниясынын өнөктөштөрүнө товар карточкаларын түзүү, социалдык тармактардагы баракчаларды иштеп чыгуу жана дизайн маселелерин чечүү боюнча баштапкы адис катары сунушталды.

Wildberries 30 кызды окутту

Долбоордун катышуучуларынын бири №89 кесиптик лицейдин 2-курсунун студенти Зулайка Кеңешбекова. Ал окуу чоң мүмкүнчүлүктөргө жетүүгө эшик ачканын, эми алган билимин бизнес тармагында колдонорун билдирди.

  • Бул окуудан продукцияларда туура жарнамалоо, сатуу, кайсыл тиркеме менен кандай иштөө жана башка көп маалыматтарга ээ болдум. Мисалы, Figma тиркемеси менен иштөөнү өздөштүрдүм. Аны социалдык тармактагы баракчаларымды кызыктуу алып баруу үчүн колдонуудамын. Муну менен мен катталуучуларымдын санын арттырып, сатып алуучуларды көбөйтө алам. Алган билимимди бизнес багытында пайдаланууну пландоодомун. Тактап кайтканда, байер болуп каражат таап, IT тармагында дагы да билимимди өнүктүрсөм дейм. Бизге билим берген мугалимдерге, тренерге баарына ыраазычылык билдирем,  — дейт Зулайка Кеңешбекова.

 

Wildberries 30 кызды окутту

Биз ар дайым өлкөбүздө “IT кыздар” сыяктуу долбоорлорду колдоого жана өнүктүрүүгө даярбыз. Бүгүнкү күндө сапаттуу жана жеткиликтүү билим эч качан мурункудай зарыл болгон эмес, айрыкча электрондук платформалардын популярдуулугунан жана интернет технологияларынын өнүгүшүнөн улам”, – деп белгиледи “Эне-балага тирек” коомдук фондунун директорунун орун басары Гүлзат Мурзаканова.

 

“Кыргыз почтасы” ААКсынын башкы директору Марат Черикчиев Wildberries менен өнөктөштүктүн Кыргызстандын ишкерлери жана жаш адистери үчүн маанилүүлүгүн белгиледи.

— Биз жаркын жана кызыккан жаштарды көрүп жатабыз, алар бүгүн жаңы нерселерди үйрөнүп, талап кылынган адис болуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонушу керек. Сиздер дүйнөлүк электрондук соода дүйнөсүндө кичинекей кадам жасадык!” — деди.

Wildberries 30 кызды окутту

Wildberries өлкөдө 2017-жылдан бери иш алып барып, жергиликтүү бизнес менен тыгыз кызматташып келет, ишкерлер үчүн ар кандай билим берүү семинарларын өткөрүп, өнөктөштөр жана кардарлар үчүн кызматтарды өнүктүрүүдө.

— Биз бизнес демилгелерин гана эмес,  социалдык долбоорлорду ишке ашырууга да кубанычтабыз. Биздин платформа жергиликтүү ишкерлердин жана IT, дизайн жана электрондук коммерция жаатындагы жаш адистердин өсүүсү жана кесиптик өнүгүүсү үчүн аянтча болуп саналат. Өкмөттүк органдарга жана социалдык мааниси бар долбоорду ишке ашырууга жардам көрсөткөн бардык өнөктөштөрүбүзгө ыраазычылык билдиребиз. Биз Кыргызстанда жана биздин иш алып барган башка өлкөлөрдө жаш адистерди колдоону улантууну пландап жатабыз”, – деп Wildberries компаниясынын башчысы Татьяна Ким видео кайрылуусунда белгиледи.

Бөлүшүү

Комментарийлер