КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕР: СУРОО-ТАЛАП ЖОГОРУ КЕСИПТЕР

  • 05.06.2024
  • 0

Кыргыз республикасынын бардык аймагын камтыган уникалдуу окуу жайлар системасы – бул кесиптик лицейлер.  Президент Садыр Жапародун Кыргызстанда жумуш орундарын камсыздоо тапшырмасын аткарууда башталгыч кесиптик лицейлердин ролу чоң. Себеби лицейлер кыска мөөнөттүн ичинде заманбап жумушчу кадрлар даярдап чыгууда.

Кесиптик лицейлер ар бир райондун аймактык өзгөчөлүгүнө жараша түзүлгөн. Кыргызстандагы кесиптик лицейлердин тизмеси:

 

КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕР: СУРОО-ТАЛАП ЖОГОРУ КЕСИПТЕР

 

 

 

КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕР: СУРОО-ТАЛАП ЖОГОРУ КЕСИПТЕР

 

Кадрларды даярдоо биринчи кезекте иш берүүчүлөрдүн суроо-талаптарын эске алуу менен жүргүзүлөт. Эң активдүү иш берүүчүлөр: жеңил өнөр жай, өнөр жай, айыл чарба, IT-технология, транспорт тармагы болуп саналат.

 

КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕР: СУРОО-ТАЛАП ЖОГОРУ КЕСИПТЕР

 

Мындан тышкары, жарандардын арасында жумушсуздук маселесин кыскартуу максатында башталгыч кесиптик билим берүү жайларында 90дон ашык кыска мөөнөттүү курстар да бар. Ошондой эле Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан онлайн форматтагы 18 электрондук окутуу модулдары башкача айтканда, микрокурстар да иштелип чыккан. Онлайн курста жалпы 3200 адам билим алса, анын 2500 аялзаты түзөт.

КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕР: СУРОО-ТАЛАП ЖОГОРУ КЕСИПТЕР

Микрокурстар: санариптик сабаттуулук, баштапкы компьютердик сабаттуулук, финансылык сабаттуулуктун негиздери, жашыл көндүмдөр, Pyton, санариптик материалдар менен иштөө үчүн программалар, графикалык видео контентти түзүү жана иштетүү технологиясы, коммуникация, ишкердиктин негиздери, лидерлик, базалык компьютердик көндүмдөр, электротехник, 1С бухгалтерия, инвестицияны башкаруу багыттары боюнча түзүлгөн. Алар орус жана кыргыз тилинде даярдалган. Бул курстардын өзгөчөлүгү — онлайн форматта 24/7 жеткиликтүү. Бардык жарандар чет жерде жүрүп же үйдөн чыкпай эле ноутбук же уюлдук телефондун жардамында окуй алат. Ар бир сабак видео түрүндө көрсөтүлгөн, колдонуучу киргенден чыкканга чейинки процесстин баары этап-этабы менен көрсөтүлгөн. Колдонуучу 24 саат бою гипернасаатчысынын жардамында суроолоруна жооп алып туруу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн. Колдонуучу окууну кайсыл жерден токтотсо, ошол жерден уланта берүүгө болот. Кокус, окуу тууралуу унутуп калса, улам эскерткен билдирүүлөр келип турат. Курсту аяктагандан кийин кадимкидей онлайн экзамен тапшырып, электрондук сертификат берилет.

 

Айгерим Токтобаева, “Кут Билим”

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер