БАШТАЛГЫЧ КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ АГЕНТТИГИНДЕ ЖАҢЫ ДИРЕКТОР

  • 18.11.2020
  • 0

Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин башына жаңы жетекчи келди. Премьер-министрдин буйругу менен Эгембердиев Талантбек агенттиктин директору болуп дайындалды.

Башталгыч кесиптик билим берүү тармагында чечилбеген курч көйгөйлөр көп. Жаңы жетекчи иштин көзүн таап, тармакты өнүгүү жолуна бурат деген ишенич чоң болууда.

Бул тармактагы ишти алып кетүүгө жаңы жетекчинин интеллектуалдык жана уюштургуч потенциалы жетиштүү. Философия илимдеринин кандидаты. Оратордук искусство, шайлоо ыкмалары жана башка багытта атайын курстарды өткөрүп келгени менен белгилүү. Билим берүүнүн негизги багыттарына стратегиялык көз карашы бар ишмер.

Бөлүшүү

Комментарийлер