«Балдарга ыңгайлуу, мугалимдерге түшүнүктүү..» Агартуу министрлигинин ата-энелерге жообу
- 08.12.2025
- 0
Урматтуу ата-энелер,
Министрлик 12 жылдык билим берүүгө өтүү боюнча сиздердин кайрылууңуздарды карап чыгып, төмөнкү түшүндүрмөлөрдү берүү зарыл деп эсептейт.
1.Окуу программасы балдардын курактык өзгөчөлүктөрүнө ылайык келет. Бардык программалар кенже класстын окуучуларынын психологиясын жана физиологиясын эске алуу менен иштелип чыккан. Окуу материалы акырындык менен жөнөкөйдөн татаалга карай киргизилет.
1-класста ишмердүүлүктүн негизги түрү – оюн, окутуу акырындык менен жүргүзүлөт. 2-класстын программасы балдардын «Наристе» мектепке чейинки даярдоодон өткөндүгүнө негизделген жана 7 жаштагы окуучулардын курагына толук жооп берет. Бул окутуунун түзүмү бала ашыкча жүктөлбөшү үчүн ойлонулган дегенди билдирет.
2. Мугалимдерди даярдоо жана окутуу дайыма жүргүзүлөт — буга чейин да болгон, азыр да бар жана мындан ары да улантылат.
Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жайкы, күзгү жана окуу жылынын ичинде үзгүлтүксүз уюштурулат. Агартуу министрлиги, Кыргыз билим берүү академиясы, Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институту менен биргеликте методикалык колдоо, семинарлар жана курстарды дайыма өткөрүп турат. Өткөөл процесс мугалимдер үчүн атайын материалдар жана нускама менен коштолууда.
3. Мектептерди кадр менен камсыз кылуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин милдети, бул багыттагы иш үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.
Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги жогорку окуу жайлар менен биргеликте педагогикалык кадрларды даярдоо, кабыл алууларды көбөйтүү менен алардын сапаттуу даярдыгын камсыздоо багытында иш алып барууда. Бул көп өлкөлөрдө актуалдуу маселе, Кыргызстан да аны системалуу чечүүдө.
Биз жаңыланган программаларга жана 12 жылдык билим берүүгө өтүү балдарга ыңгайлуу, мугалимдерге түшүнүктүү, ал эми ата-энелерге тынч болуусу үчүн бардык зарыл чаралар көрүлөрүнө ишенебиз.
Министерлик ар дайым ачык жана бардык суроолорго жооп берүүгө даяр.
***
📌Уважаемые родители,
Министерство внимательно изучило ваше обращение по вопросам перехода на 12-летнее образование и считает необходимым дать следующие разъяснения.
1. Учебная программа соответствует возрастным особенностям детей.
Все программы разработаны с учётом психологии и физиологии младших школьников. Материал вводится постепенно: от простого к сложному. В 1 классе основной вид деятельности — игра, обучение строится мягко и постепенно. Программа 2 класса основана на том, что дети прошли предшкольную подготовку «Наристе», и полностью соответствует возрасту 7-летних учащихся. Это означает, что структура обучения продумана так, чтобы ребенок не был перегружен
2. Подготовка и обучение педагогов проводится постоянно — была, есть и будет.
Учителя проходят обучение на всех этапах: летом, осенью и в течение учебного года. Министерство просвещения, Кыргызская академия образования и Республиканский институт повышения квалификации педагогических работников регулярно организуют методическую поддержку, семинары и повышение квалификации. Переход сопровождается профессиональными материалами и инструкциями для учителей.
3. Обеспечение школ педагогами — зона ответственности Министерства высшего образования и науки, и эта работа ведётся непрерывно.
Министерство высшего образования и науки совместно с вузами готовит педагогические кадры, увеличивает набор, усиливает подготовку и работает над качественным обеспечением школ учителями. Эта задача актуальна для многих стран, и мы последовательно её решаем.
Мы уверены, что переход на обновлённые программы и 12-летнее образование будет сопровождаться всеми необходимыми мерами, чтобы детям было комфортно, учителям — понятно, а родителям — спокойно.
Министерство всегда открыто к диалогу и готово разъяснять любые вопросы.
Комментарийлер