БАЛТАГУЛ АГАЙ БАСКАН ЖОЛ

  • 28.10.2022
  • 0

Тарых илимдеринин доктору, профессор Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, Кыргызстан калк Ассамблеясынын Ош облусу жана Ош шаары боюнча төрагасы Балтагул НУРУНБЕТОВ  75 жашка чыкты.

БАЛТАГУЛ АГАЙ БАСКАН ЖОЛ

ЖАРКЫН БАШАТТАН БАШТАЛГАН

Белгилүү педагог, коомдук ишмер Балтагул Нурунбетовдун өмүр жолуна кылчайсак, агай эмгек жолун 1962-жылы айыл чарба тармагында жумушчу, андан соң Өзгөн районунун М.Ломоносов атындагы орто мектебинде мугалим катары эмгектенүүдөн баштаган. 1972–1991-жылдары Ош мамлекеттик педагогикалык институтунда окуп, аны кызыл диплом менен аяктап, Ош шаардык жана областтык партиялык комитеттеринде, Оштогу технологиялык техникумдун директору, Областтык кесиптик техникалык билим берүү башкармалыгынын башчысы, областтык партиялык комитетинин сектор башчысы, областтын аткаруу комитетинин бөлүм башчысы кызматтарында ийгиликтүү иштеген. 1991-жылдын февраль айында Ош областтык кеңешинин сессиясы тарабынан Областтык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси болуп бекитилген. 1992-1993-жылдары Ош мамлекеттик администрациясынын башчысынын социалдык маселелер боюнча орун басары болуп эмгектенген. 1993-жылдан тартып 1999-жылдын ноябрь айына чейин Областтык билим берүү жана маданият башкармалыгынын башчысы болду. Ал эми 1999–2006-жылдары  Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. 2006–2010-жылдары “Сулайман-Тоо” улуттук археологиялык музей комплексинин башкы директору, 2010-2017-жылдары Ош технологиялык университетинин коомдук илимдер кафедрасынын жетекчиси болуп эмгектенди.  Азыркы мезгилде Кыргызстан калк Ассамблеясынын Ош облусу жана Ош шаары боюнча төрагасы, Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин профессору.

МЫКТЫ ЖЕТЕКЧИ, ЗАЛКАР ПЕДАГОГ

Балтагул Нурунбетов кайсыл жерде эмгектенбесин өзү иштеген мекемелердин материалдык-техникалык базасын чыңдоого, кол алдында иштеген жетекчилердин, кызматкерлердин чыгармачылык менен иштешине мүмкүнчүлүк берип, иш чеберчилигин жогорулатууга, инновациялык ыкмаларды жайылтууга такай көңүл бөлүп, иштеги жаңылыкка, чыгармачылыкка ар тараптан колдоо көрсөтүп,  аларды өркүндөтүүгө ыңгайлуу шарттарды түзүп келген. Принципиалдуу жетекчи катары өзүнө жана өзүнүн кол алдында иштегендерге талапты коё билип, өзүнүн кесиптик жана интеллектуалдык деңгээлин көтөрүү үстүндө тынымсыз эмгектенип келет. 1990-жылы Кыргызстандын жумушчу классын даярдоо жана калыптандыруу проблемасы боюнча кандидаттык, ал эми 2000-жылы доктордук диссертациясын жактаган. Агай жетекчи жана окумуштуу педагог катары топтогон өзүнүн бай тажрыйбасын жаштар арасында, мектеп, жогорку окуу жай турмушуна, облуста жашаган этностор арасында жайылтууга өзгөчө көңүл бурат. Анын үч монографиясы 200дөн ашуун илимий популярдуу колдонмолору жана илимий-методикалык макалалары жарык көрүп, мектеп, кесиптик, техникалык окуу жайларда кеңири колдонулууда. Агай эл аралык, аймактык,  республикалык деңгээлдеги конференцияларга, КМШ мамлекеттеринин жана Кыргыз Республикасынын окумуштууларынын симпозиумдарына активдүү катышып, өзүнүн омоктуу ой-пикирлерин ортого салып, талкууга жем таштап, түрдүү демилгелерди, идеяларды алып чыгуудан тайбайт. Агайдын ар бир баяндамалары куру сөз эмес, бай тажрыйбанын жыйындысы. Б.Нурунбетов  республикада жаш өспүрүмдөр уюмунун кайрадан түзүлүшүнө жана өнүгүшүнө зор салымын кошкон инсан. Анын демилгеси жана активдүү аракетинин натыйжасында республикада “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” жаш өспүрүмдөр уюму түзүлгөн. Бул демилге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдагы чечими менен колдоого алынып, республикага жайылтылган. Бул уюмдун максаты, формасы жана методдору туурасында Б.Нурунбетов тарабынан атайын китепче чыгарылган.

БИЛИМ МЕНЕН РУХТУ БИЙИКТЕТТИ

Б. Нурунбетов  областтын жана республиканын коомчулугунун, билим берүү кызматкерлеринин, айрыкча Ош облусунда, Ош шаарында жашаган этностордун арасында зор урмат-сыйга ээ. Ал жетектеген Ош областтык билим берүү башкармасы тарбия иштерин өркүндөтүүдө инновациялык мектептерди уюштурууда, алардын материалдык-техникалык базасын чыңдоо маселесинде дайыма республикада биринчи байгелүү орундарга татыктуу болуп келген. Анын демилгеси жана активдүү аракетинин натыйжасында Ош облусунда жана Ош шаарында миңдеген орунга ылайыкташтырылган мектептер, имараттар курулуп, пайдаланууга берилген. 2006-2010-жылдары “Сулайман-Тоо” улуттук тарыхый археологиялык музей комплексин жетектеп, кыска убакыттын ичинде комплекстин материалдык базасын жакшыртып, инфраструктурасын өнүктүрүп, туристтик, илимий жана рух борборуна айландырып, республикада биринчилерден болуп
ЮНЕСКОнун дүйнөлүк баалуулуктар тизмесине киришине Б.Нурунбетовдун эмгеги зор. Жаш муундарга билим берүүдө, кесипке даярдоодо да зор салымын кошуп келүүдө. 2001–2006-жылдары Ош мамлекеттик университетинин кафедра башчысы, 2010–2017-жылдары Ош технологиялык университетинде профессор, коомдук илимдер кафедрасынын башчысы, 2017-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде чыгармачылык менен эмгектенип, өз билимин, бай тажрыйбасын жаштарга үйрөтүүдө. Ошону менен бирге азыркы мезгилде Кыргызстан калк Ассамблеясынын Ош облустук жана Ош шаардык бөлүмүнүн төрагасы областтын, шаардын коомдук иштерине активдүү катышып, этникалык проблемаларды жөнгө салууда жаштарга таалим-тарбия берип, өзүнүн орошон ойлорун ортого салып, адеп-ахлакты бийик туткан, жүрүм-туруму өтүмдүү, калыс сөзү менен эл-журтка, жаштарга таасирлүү үлгү болгон инсан катары белгилүү.

ҮЗҮРЛҮҮ ЭМГЕК ЖЕМИШИ

Балтагул агай үзүрлүү эмгеги үчүн “СССРдин кесиптик техникалык билим берүүсүнүн мыктысы”, “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктысы” төш белгилери менен сыйланган. 1994-жылы “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими” деген ардактуу наам берилген. 2003-жылы Кыргыз Республикасынын “Ардак грамотасы”, 2016-жылы Кыргыз Республикасынын “Даңк медалы” менен сыйланган. 2004-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын чечими менен профессор илимий наам ыйгарылган. 1991–1995-жылдары Кыргыз Республикасынын легендарлуу Жогорку Кеңешине да депутат болуп шайланган. Көрүнүп тургандай, өз эли үчүн байсалдуу жолду басып, өрнөктүү өмүр сүрүүнүн үлгүсүн көрсөтүп келе жаткан Балтагул агай 75 жашка татыктуу келди. Агай азыр да бел чечпей, күн тынымын билбей, карыдым дебей тынымсыз эмгек үстүндө күжүлдөп иштеп жүргөн кези. Учурда агайдын айткан акылы, берген батасы жаштардын келечегине оң таасирин берип, алардын келечек жолунун кең ачылышына көмөгү зор болууда  деп тартынбай айта алабыз. Элдердин достугун, ырашкерлигин чыңдоо ишинде да Балтагул агай Бакайдай башында туруп, сабырдуулукту, бир туугандыкты, боордоштукту чыңдоодо зор эмгек сиңирди. Агайды 75 жашы менен биз да чын дилден куттуктайбыз! Чың ден соолук, узак өмүр, күжүрмөн жүрүш каалайбыз! Бар болуңуз, Балтагул агай!

 

М.ТОКТОРОВ “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер