БАЛДАРДЫН ЖҮРӨГҮН ТОЛКУТКАН «БАЛАЖАН»

  • 08.07.2019
  • 0

Ушул аптада «Балажан» республикалык-эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борбору Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте көгүлтүр Ысык-Көлдүн жээгиндеги «Барчын» эс алуу жайында «Ысык-Көл балдардын көзү менен» аталышындагы балдардын коомдук уюмдарынын жана бирикмелеринин лидерлеринин эл аралык слету жана пленардык практикасы өткөрүлүүдө. Бул иш-чарага республикабыздагы мектептерден 400дөн ашуун окуучулар жана алардын жетектөөчү мугалим-устаттары катышууда. Мындан тышкары слетко коңшулаш Казакстан, Өзбекстандан да өспүрүм балдар келишти. Слеттун ачылышына Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев катышты. Салтанатта окуучулар кол ойното комуз чертишип, «Кара жорго» бийин бийлешип, сахнаны жаңыртышты. Бул ачылыш салтанаты эле слетко келген балдарды ажайып дүйнөгө алып жөнөгөндөй, өзгөчө кубана кол чаап, коштоп турушту.

БАЛДАРДЫН ЖҮРӨГҮН ТОЛКУТКАН  «БАЛАЖАН»

БАЛДАРДЫН ЖҮРӨГҮН ТОЛКУТКАН  «БАЛАЖАН»

Дээрлик жети күнгө созулган слеттун ар бир күнкү программасы балдардын чыгармачылыгын арттыруу максатында түзүлгөн. Атап айтсак, биринчи күн – «Саламатсыңбы, слет!», экинчи күн – «Таанышуу күнү», үчүнчү күн – «Экзотика күнү», үчүнчү күн – «Спорт күнү», бешинчи күн – «Бизнес күнү», алтынчы күн – «Эң жакшы каалоолордун күнү», жетинчи күн – «Сапарга чыгуу» деп аталып, слеттун максатына ылайык түрдүү тренингдер, практикалык сабактар, мастер-класстар, спорттук оюндар өткөрүлүүдө. Ал ортодо көл жээгиндеги оюн-шоок программмалары балдардын көңүлдөрүн болуп көрбөгөндөй көтөрүп, эс алуу билим менен биргелешип, өз көркүнө чыкты.

Слетко негизинен балдардын коомдук бирикмелеринин жана өзүн-өзү башкаруу органдарынын активисттери чогулган. Мындан тышкары жаш сүрөтчүлөр да бар. Кыргызстандагы кошумча билим берүү уюмдарынын сүрөт тартуу жана кол өнөрчүлүк ийримдеринен келген балдар белгилүү сүрөтчүлөрдүн, уз-чеберлердин колунан сабак алып жатышат. Андан тышкары, Өзбекстандын белгилүү сүрөтчүсү М.Исанов, КР Эл сүрөтчүсү Ю.Шыгаев, КР Сүрөтчүлөр союзунун мүчөлөрү К.Рыскелдиев, Д.Исаков, Н.Овчинникова, «Балажандын» устаттары А.Мусина, А.Тыналиева баштаган топ атайын масстер-класстарды өткөрүштү.

Пленардык практикаларда балдар таза абада көлдүн, тоонун сүрөтүн тартышууда. Аягында ошол сүрөттөрдүн сынагы өткөрүлүп, жыйынтыгы боюнча байгелүү орундар белгиленип, мыкты сүрөттөрдүн көргөзмөсү өтөт. Ал эми өзүн-өзү башкаруу органдарынын жаш лидерлерине балдарды коомго аралаштыруу боюнча эң негиздүү тренингдер өткөрүлүүдө. Мында алар адамдар менен баарлашуунун сырлары, чыр-чатакты өз убагында чече билүү, интернетте маалыматты алуунун коопсуздугун түшүнүү, командада иштөө жана лидерлик сапатты жогорулатуу багытындагы машыгуулардан өтүшүүдө. Мындай машыгуулардын аягында окуучулар кандай көндүмдөрдү алышты, эмнени билишти деген максатта окуучулардын өздөрүнө долбоор жазуу пландалган. Ал долбоорлорун слеттун аягында окуучулар өздөрү коргоп чыгышат. Мындан тышкары, слеттун алкагында мугалимдер социалдык-педагогикалык долбоорлорду да алдын-ала даярдап келишкен. Долбоорлордун негизги максаты – балдарды коомго аралаштыруу, алардын лидерлик сапатын өркүндөтүү, балдардын өзүн-өзү таануусу, баалоосу, алдыга койгон максатын ишке ашыруу. Долбоор «Биз дүйнөнү жакшыртабыз» деген темада изги тилек менен өтөт. Бул долбоорлорду коргоонун жыйынтыгында да алдыга чыккан мугалимдердин тобуна байгелер каралган. Слеттун жыйынтыгында бардык катышуучулар менен биргеликте тегерек стол өткөрүлмөкчү.

БАЛДАРДЫН ЖҮРӨГҮН ТОЛКУТКАН  «БАЛАЖАН»

– Мындай слетту «Балажан» 14 жылдан бери өткөрүп келе жатат. Быйылкы слет да жылдагыдай эле жакшы уюшкандыкта өтүүдө. Балдардын ичинен 120сы мектептердеги өзүн-өзү башкаруу органдарынын лидерлери, 180 сүрөт өнөрүнө кызыккандар, 41 улуттук кол өнөрчүлүккө, узчулукка окууну каалагандар, 50дөн ашыгы англис тилин үйрөнгүсү келгендер деп бөлүп карасак болчудай. Быйыл башка тренингдерден айырмасы –англис тили боюнча окуучуларга Америкадан келген үч волонтер сабак берип жатат. Слеттон балдар эн негизгиси – өзүн-өзү таанып, командада иштөөгө, лидерлик сапатка ээ болууга үйрөнүшөт. Чыгармачылык шыгы артып, жигердүү болуп кайтышат. Биз жыл сайын ушул слетко катышкан балдар менен байланышта болуп, көз салып турабыз. Алар өз мектептерине барышып, слеттон үйрөнгөндөрүн практикада көрүшүп, окуучуларга кадимкидей тренингдерди өткөрүшүп, өз алдынчалуулукка, лидер болууга үйрөтүшүүдө. Жалгыз эмес, командада иштөөгө үйрөнүп калышканы бизди кубандырууда,-дейт «Балажандын» жетекчиси, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер, белгилүү педагог, окумуштуу Дария Мусина биз менен болгон маегинде.

БАЛДАРДЫН ЖҮРӨГҮН ТОЛКУТКАН  «БАЛАЖАН»

Эл аралык слетто белгилүү коомдук ишмер, педагогика илимдеринин доктору, профессор Ишенгүл Болжурованын «Балдардын жигердүүлүгүн жана лидерлик сапатын өнүктүрүү» деген темадагы доклады мугалимдердин зор кызыгуусун жаратты. И.Болжурова жалпы слеттун катышуучулары менен да жолугушуп, келечек муундар менен кеңири маектешип, балдарга ак жол каалап, акыл-кеңешин айтып, ак батасын берди. Аягында профессор өзү атайын ала келген «Айдагы кыз» мультфильмин балдар менен чогуу көрдү.

– Убактынарды бекерге коротпогула. Ушул учкул күндөрдө өнүгүп өскүлө. Силер үчүн дүйнө ачык. Жакшы досторду тапкыла. Бир үй-бүлөдөй ынтымакта жашай турган коом куралы. Келечек силердин колуңарда,- деди И.Болжурова.

Жети дубандан келген балдардын арасында Ысык-Көлгө биринчи жолу келгендердин саны арбын. Алар эми жакшы окусак, ата-энебиз бул слетко жыл сайын жибергенге уруксат берет деген ишенимде. Слетко каалаган балдардын баары эле келе бербейт. Ал үчүн да тандоо бар. Мектепте жакшы окуп, коомдук ишке катышып, өзүңдүн артыкчылыгыңды көрсөтүшүң керек дешет алар. Айрымдары кааласак жибере беришет дешти. Ал эми Балыкчы шаарындагы Ч.Айтматов атындагы мектептин мугалими Жалгашбек кызы Наргиза слетко өзү даярдап алып келген 10 бала мектепте сынактан биринчи орунга чыгып, жолдомо утуп алышканын сүйүнүү менен кабарласа, алыскы Чаткал райондук балдар чыгармачылыгы үйүнүн директору Кутманбек Молдобеков райондогу 400 баланын ичинен 15 таланттуу балдарды тандап алып келгенин айтты. Алар бул слетко биринчи жолу катышып жатыптыр. Тоң районунун мугалими Кубатбек Рыскелдиев балдардын шыгын ойготууга чоң түрткү берген «Балажанга» өзгөчө ыраазычылыгын билдирди. Агай ушундай балдардын шык-жөндөмүн ойготууга түрткү берген уюмдар көбөйсө деген тилекте. Ал да бул жакка 15 окуучу алып келген. Жалал-Абад облусунун балдар чыгармачылык үйүнүн директорунун орун басары Гулмира Медетова 15 окуучу алып келсе, Кара-Кол шаарынын Ч.Айтматов атындагы чыгармачылык үйүнөн 14 бала келген. Алардын бул жакка экинчи ирээт келиши.

БАЛДАРДЫН ЖҮРӨГҮН ТОЛКУТКАН  «БАЛАЖАН»

БАЛДАРДЫН ЖҮРӨГҮН ТОЛКУТКАН  «БАЛАЖАН»

 

– Былтыр бизге абдан жаккандыктан, быйыл да шыктуу балдарыбызды тандап алып келдик, — дешти алар. Ош облусунун балдар чыгармачылык үйүнөн келген мугалимдер Жакыбали Парпиев жана Жапар Акматов да шыктуу балдарды алып келдик дешти.

– Биз «Балажандын» слетуна биринчи келишибиз. Балдарыбыз самолетто биринчи учушту, Ысык-Көлүбүздү биринчи көрүшүп, таңгалып жатышат. Ачык асман астында пейзаждык сүрөттөрдү тартканды үйрөнүшүүдө,-деди кубанышып.

Аймактардан келген балдардын кубанычы чексиз. Алардын кимин токтотуп сурабайын, көңүлдөрү көтөрүңкү. Бардыгы — Эң сонун, шарты жакшы,- дешти. Окуучуларды жетектеп келген мугалимдер да аларга өз балдарындай мамиле жасап, эскертүү берсе да үнүн катуу чыгарбаганы, көлгө түшсө да, топ ойносо да баарын өз көзөмөлдөрүнө алып турушканы, көздүн карегиндей карап жүргөнү мага жагымдуу таасир калтырды. Бизге Америкадан келген «Тынчтык корпусунун» волонтерлору Ричард, Даниель, Павел жакты дешти алар. Волонтерлор азыр Жалал-Абадда турушат. Кыргызча жакшы билишет. Алар биздин балдар, кыздарды зээндуу экен деп макташты.

Слеттун негизги уюштуруучулары болгон «Балажандын» жетекчилигинен жөнөкөй кызматкерине чейин жана быйыл биринчи катышкан жаш валонтерлору иш-чарага катышканы келген өспүрүм балдар, кыздардын көзүнүн агы менен тең айланып, камкордукка алып, жогорку меймандостукту көрсөтүп, чабалекейдей чуркап жүрүшкөнү алардын уюштуруучулук ишиндеги жөндөмүнөн, жигердүүлүгүнөн, маданияттуулугунан кабар берип турганын айтпай кетпесек болбос.

 Майрамбек Токторов,

«Кут Билим», Бишкек–Ысык-Көл

 

Бөлүшүү

Комментарийлер