БАЛДАРДЫН STEAM ТЕХНОЛОГИЯЛЫК КОНКУРСУ
- 31.05.2024
- 0
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Бишкек шаарындагы №62 мектепте бала бакчанын тарбиялануучулары арасында илимий-практикалык чыгармачылыкты жана инновацияга кызыгууну жайылтууга багытталган STEAM технологиялары боюнча сынак өттү.
Сынакка шаардык бала бакчалардын 6-7 жаштагы балдары катышты.
Мелдеш үч номинация боюнча өттү:
«Робомышь»
1-орун — №71 мектепке чейинки билим берүү мекемеси;
2-орун — №18 мектепке чейинки билим берүү мекемеси;
3-орун — №49 мектепке чейинки билим берүү мекемеси.
«Лего Мастер»
1-орун — №64 мектепке чейинки билим берүү мекемеси;
2-орун — №61 мектепке чейинки билим берүү мекемеси;
3-орун — №35 мектепке чейинки билим берүү мекемеси.
«Мультфильм студиясы»
1-орун — №18 мектепке чейинки билим берүү мекемеси;
2-орун — №4 мектепке чейинки билим берүү мекемеси;
3-орун — №61 мектепке чейинки билим берүү мекемеси.
Белгилей кетсек, жеңүүчүлөргө баалуу сыйлыктар жана сертификаттар тапшырылды.
Борбор калаада 96 муниципалдык бала бакча бар, алардын ичинен 12 бакчада STEAM активдүү өнүгүүдө.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер