БАЛДАРДЫН МАДАНИЙ-ГИГИЕНАЛЫК КӨНДҮМДӨРҮН КАЛЫПТАНДЫРУУ БОЮНЧА КОЛДОНМО ИШТЕЛИП ЧЫКТЫ
- 10.12.2024
- 0
Билим берүү жана илим министрлиги Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан иштелип чыккан Мектепке чейинки курактагы балдардын маданий-гигиеналык көндүмдөрүн калыптандыруу боюнча усулдук колдонмону ишке киргизүү боюнча тегерек стол өткөрдү.
Иш-чарага Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Билим берүү жана илим министрлигинин, Бишкек шаардык ден соолукту чыңдоо борборунун жана окуу жайлардын өкүлдөрү катышты.
Бул жаңы колдонмо кичинекей кыргызстандыктарда сергек жашоо мүнөзүн түзүүчү түшүнүктөрдү калыптандырууда маанилүү курал болууга багытталган.
Усулдук колдонмону пайдалануу боюнча өлкөнүн бардык мамлекеттик, ведомстволук жана муниципалдык бала бакчаларында окутуулар башталат. Алгач Талас, Нарын областтарында окутуу жүргүзүү пландалууда. Калган областтарда жана шаарларда окутуу иши 2025-жылы улантылат.
Комментарийлер