БАЛДАРДЫН КООПСУЗДУГУ ҮЧҮН БААРЫБЫЗ ЖООПТУУБУЗ!

  • 05.09.2023
  • 0

КР Ички иштер министрлиги жаңы окуу жылынын башталышына карата балдардын коопсуздугу боюнча бир катар нускама-эрежелерди эске салды.

БАЛДАРДЫН КООПСУЗДУГУ ҮЧҮН БААРЫБЫЗ ЖООПТУУБУЗ!

Билимге жол коопсуз болушу керек!

🔻Окуу жылынын башталышына жакын балдар шаарга көп чыга баштайт. Жай мезгилдеги эс алууда алар жолдо коопсуз жүрүм-турум эрежелерин унутуп калышы мүмкүн. Балким, теория эсинде болот. Бирок иш жүзүндө колдонулбайт. Бул балдардын психикасындагы өзгөчөлүктөр десек жаңылышпайбыз.

🔻Балдарда көнүү механизмдери толук калыптанган эмес, жай иштейт жана өзгөргөн шарттарга көнүү үчүн убакыт талап кылынат. Андан тышкары, чоңдордун көңүл буруусу керек. Чынында, көнүү механизмдери чоңдорго дагы тиешелүү. Айдоочулар дагы окуу мезгилинде жолдо балдар көп экенине байланыштуу этият айдоо керектигине дароо көнүшпөйт. Бул адатта, балдар катышкан жол кырсыктардын көбөйүшүнө алып келиши мүмкүн. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги балдар катышкан жол транспорт кырсыктарын алдын алууга зарыл чараларды көрүүдө.

🔻Күн сайын милиционерлер балдарга жолду коопсуз кесип өтүүгө жардам берип, жолдогу коопсуз жүрүм-турум эрежелерин эскертип, жашы жете элек жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун көзөмөлдөп турушат.

🔻Тескөөчүлөр ар дайым ата-энелер менен түшүндүрүү иш-чараларын жана маектешүүлөрдү өткөрүшүп, балдар менен жол кыймылынын эрежелерин кайрадан үйрөтүү керектигин эскертишип, жолдон өтүүдөгү коопсуздук чараларын кайталоого басым жасап, жашы жете электердин жүргөн жерин жана убактысын дайыма көзөмөлдөп туруунун маанилүүлүгүн эскертип турушат.

🔻Көзөмөлдүк иш-чаралар менен гана балдардын коопсуздугун камсыз кылуу мүмкүн эместиги түшүнүктүү.  Өз кезегинде ата-эненин балдарды тарбиялоо процессине канчалык активдүү катышканынан жана чыдамдуу жана акылдуу мамиле жасоосунан балдарды коопсуз жүрүм-туруму көз каранды. Чоңдорго ачык көрүнгөн эрежелерди дайыма балдардын аң-сезимдүү жүрүм-турум үлгүсүнүн деңгээли бекемделгенге чейин үйрөтүп туруу зарыл.

БАЛДАРДЫН КООПСУЗДУГУ ҮЧҮН БААРЫБЫЗ ЖООПТУУБУЗ!

КР Ички иштер министрлиги бардык ата-энелерге кайрылат!

🔻 Сураныч, балдарыңыз менен сүйлөшүңүз, аларга коюлган талаптардын зарылдыгын түшүндүрүңүз жана кылдаттык менен байкаңыз. Эгерде сиз буга чейин балаңызга бир нече жолу көчөдө уюлдук телефонду карап, кулакчын (наушник) менен жүрүү кооптуу экендигин эскертип, бирок балаңыз ал эскертүүңүзгө көңүл бурбаса, балаңыз дагы деле калыптана элек, балаңыз коркунучта.

🔻Сабырдуу болуңуз. Сиздин миссияңыз оор, бирок аткарылышы мүмкүн.

Бөлүшүү

Комментарийлер