БАЛДАРДЫН КҮЛКҮСҮ —  БАКТЫЛУУ ОРДО

  • 22.03.2023
  • 0

Улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программанын негизинде Саламаттык сактоо министрлигине караштуу №115 «Наристе» балдар бакчасы Нооруз майрамына карата улуттук баалуулуктарды жайылтуу жана калыптандыруу максатында көргөзмө-салтанат өткөрдү.

БАЛДАРДЫН КҮЛКҮСҮ -  БАКТЫЛУУ ОРДО БАЛДАРДЫН КҮЛКҮСҮ -  БАКТЫЛУУ ОРДО

№115 «Наристе» балдар бакчасынын директору Айзада Салиеванын  айтымына караганда, иш-чара балдар бакчанын аймагында Сүмөлөк кайнатуу менен башталып, тушоо кесүү жана баланы бешикке салуу аземдери, кыргыз боз үйүндөгү даамдуу улуттук азыктар жана майрамдык ыр күүнүн коштоосунда көрсөтүлдү.

— Элибиздин жана жерибиздин өзгөчөлүүлүгүн, уникалдуулугун жана мобилдүүлүгүн көрсөткөн маданиятыбыздын бир бөлүгү катары Нооруз майрамын белгилөөгө болот. Көргөзмө-салтанатка Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова, министрдин орун басары Тилек Мамадалиев, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрликтеринин өкүлдөрү жана балдар бакчанын ата-энелери катышты, — дейт директор. — Умай эненин арча түтөтүп, жакшылык чакырган ак батасы катышуучуларды руханий тазаланууга, жаркын келечекке болгон ишенимди жогорулатууга чакырды. Ал эми жаш жеткинчектердин кырк өрүм чачтары, кыргыз оюмдар менен жарашыктуу кийимдери, ыр-бийлери кеченин катышуучуларын көнүл кош калтырган жок жана улуттук аруулукка, бактылуу балалыкка жетеледи.

Өз сөзүндө министр  Гүлнара Баатырова  улуттук нарк – элдин руханий маданиятынын курамдык бөлүгү, ал өзгөчө идеялардын жана туруктуу элдик эрежелердин негизинде калыптанаарын белгиледи.

— Биздин улуттук наркыбыз ааламдашуу менен санариптештирүүгө карабастан кадыр-баркты, ар намысты, боорукерликти, достукту, ынтымакты калыптандырган жазылбаган улуу мыйзам! Өзгөчөлүүлүгүбүздү сактап калуу жана муундан муунга өткөрүп берүү – биздин милдетибиз. Ааламдашуу шартындагы жаш жеткинчектерибизге улуттук баалуулуктарды калыптандырууга белсинип жаткан №115 «Наристе» балдар бакчасынын жетекчилигине жана кызматкерлерине терең ыраазычылык билдирем, — деди министр айым.

Ал эми Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Айнура Аскарова куттуктоо сөзүндө, балдардын күлкүсү — бактылуу ордо экенин баса белгиледи.

—  «Наристе» балдар бакчасында керемет Нооруз майрамы өттү. Балдардын күлкүсү жаңырган жер — кут уялаган жер эмеспи. КРнын Билим берүү жана илим, КРнын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү, КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлдөрү, ЮНИСЕФтин кеңсеси, коомчулуктун өкүлдөрү наристелерди куттуктап кайттык, — деди А.Аскарова.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер