БАЛДАРДЫ ТАРБИЯЛООДО МАКАЛ-ЛАКАПТАРДЫН МААНИСИ

  • 24.03.2023
  • 0

Окуучуларга берилүүчү билим менен тарбиянын эриш-аркак жүрүшү, экөөнүн бир бүтүндүк экендиги талашсыз.

БАЛДАРДЫ ТАРБИЯЛООДО МАКАЛ-ЛАКАПТАРДЫН МААНИСИ

Баланы тарбиялоодо элдик педагогиканын элементтерин колдонуу өзүнүн оң натыйжаларын берерин тажрыйба эчак эле далилдеп койбодубу. Демек, элдик педагогиканын бир элементи болгон макал-лакаптардын да бул багытта орду эбегейсиз чоң.
Учурда жаштар китеп дүйнөсүнөн алыстап кетти, көркөм адабиятты колуна көп деле албай калды деп безилдеп келебиз. Алтургай, ар кандай иш чараларды өткөрүп, китепкөй балдардын санын арттыра албай убара болуп келүүдөбүз. Жылыш бар, бирок маңдай жылытарлык эмес. Ушундай шартта макал-лакаптарды тарбиялык сааттарда, сабактарда өз орду, ыгы, мааниси менен туура колдонуу аркылуу элдик оозеки чыгармачылык менен алардын жан дүйнөсүн азыктандырып да, тарбиялап да баруу абзел деп ойлойм. Балдардын кеби жардыланып баратат, мындай учурда аларды макал-лакаптарды өз кебине кошуп сүйлөөгө көнүктүрүү оң натыйжасын берет. Ал үчүн мен төмөнкүдөй ыкмаларды сунуш кылмакмын:
1. Атайын кеп куржун уюштуруп, ага макал-лакаптарды топтоп, бирок топтоодо кеп куржунду төмөнкүдөй топторго бөлүү:
а) Мен алгач ирет уккан макал-лакаптар.
Мында окуучулар ар кайсы жерден, мейли мектептен болсун, мейли үйдөн болсун, мейли көчөдөн, же болбосо гезит-журнал, интернет булактарынан болсун жаңы уккан макалын жазып алып, аларды топтоо, маанисин биргеликте чечмелөө.
б) Мен үчүн мааниси түшүнүксүз болгон макалдар. Мында балдар угуп, окуп, бирок маанисин такыр же толук түшүнбөгөн макалдарды жазып жүрөт да, аны сабак учурунда талкууга таштайт.
в) Бүгүн уккан макалым. Мында окуучулар уккан макалдарын күн сайын белгилеп барышат.
Топторду ушул сыяктуу чыгармачылык дараметке жараша уланта берсе болот.
2. Макал-лакаптарды бүгүнкү күнгө ылайыкташтырып түзүү.
Мында окуучулар макалдарды азыркы шартка, коомго ылайыкташтырып өзгөртөт. Мисалы:
а) Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат.
Жигитке жетимиш гигабайт аздык кылат.
б) Оорунду жашырсаң өлүм ашкере кылат.
Мүнөзүңдү жашырсаң тикток ашкере кылат.
в) Досуңду көрсөтсөң ким экендигинди айтып берем.
Инстаграмынды көрсөтсөң ким экендигинди айтып берем.
г) Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат.
Блогер керегинче тартып, өлгөнчө актанат.
Ушул сыяктуу макалдарды окуучуларга берилсе, алар өздөрүнүн дараметине жараша улап көрүшөт. Бирок биргеликте иштеп, мыкты жоопту тандоого болот. Бул топтор менен иштөөгө да ыңгайлуу.
3. Макалдын маанисин айтып, анын өзүн окуучуларга таптыруу. Мисалы:
а) Кээде бир сөздү сүйлөп алып, абдан өкүнөсүң. Бирок кеч болот. (Айтылган сөз-атылган ок.)
б) Жыгылган сайын күрөшө бердим, күрөшө бердим, бирок жыгыла бердим. (Жыгылган күрөшкө тойбойт.)
в) Кичине эле жумуш кылсам колум кабарым кетти, токтотпосом болбойт. ( Жалкоонун жаны таттуу.)
4. Макал-лакаптарды сүрөт аркылуу берип, таптыруу. (Бул ыкма көп эле колдонулуп жүрөт). Мисалы:

1. Жалгыз дарак токой болбойт.
2. Жамгыр менен жер көгөрөт, бата менен эл көгөрөт.
3. Оюндан от чыгат.
Макал-лакаптардын маанисин чечмелеп, анын тарбиялык маанисин ачып берүү менен көркөм чыгармалардан да издетип, таптыруу алардын өз алдынчалуулугун арттырат. Мында ыкмалар аркылуу окуучуларды кызыктырып, сабактын натыйжалуулугуна жетишүүгө болот.

Атаканов Узен Боронбаевич
Аксы районундагы Н. Мамбетов атындагы орто мектептин директору.

Бөлүшүү

Комментарийлер