БАЛДАРДЫ МЕКТЕПКЕ КАТТОО КОМИССИЯСЫ ИШТЕЙ БАШТАДЫ

  • 14.08.2023
  • 0

Бишкек шаарынын райондук билим берүү борборлорунда “Мектепке электрондук каттоо” АМТда микроучастка боюнча катталбаган балдардын жашаган жеринен ата-энелеринин арыздарын кароо комиссияларынын отурумдары иштей баштады. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Атайын түзүлгөн комиссиянын курамында билим берүү борборлорунун, райондук акимиаттардын, социалдык өнүгүү башкармалыктарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун, жарандык сектордун, балдардын укуктарын коргоо боюнча коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү бар.

Бул комиссияны түзүүгө КР Билим берүү жана илим министрлигинин каты жана Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү департаментинин буйругу түрткү берген. Былтыр департаменттин жара райондук билим берүү борборлорунун дарегине “Мектепке электрондук каттоо” АМТ аркылуу балдарды 1-класска кабыл алуу боюнча миңден ашуун кайрылуу түшкөн.

А.К.

Комментарийлер