БАЛДАРДЫ ЭРТЕ КУРАКТАН ӨНҮКТҮРҮҮНҮН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ

  • 29.01.2025
  • 0

Белгилүү билим берүү эксперттери, медицина тармагынын профессор-окумуштуулары балдарды 5-6 жашынан окутуу дүйнөлүк тажрыйбадан көрүнүп тургандай эле Кыргызстанда да сөзсүз түрдө өз жемишин берерин белгилешүүдө. “Интеллект” жеке менчик мектебинин негиздөөчүсү Жакшылык Матанов өзүнүн беш жашынан мектепке барган баласы окуу программасын мыкты деңгээлде өздөштүрүп жаткандыгын, анын ийгиликтери ата-энени эле эмес, мугалимдерин да шыктандырганын кубануу менен бөлүштү. 

БАЛДАРДЫ ЭРТЕ КУРАКТАН ӨНҮКТҮРҮҮНҮН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ

Өзөгүндө улуттук баалуулуктар болушу парз

Билим берүү тармагында 15 жылдык тажрыйбасы бар эксперт Жакшылык Матанов 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн өзөгүндө улуттук баалуулуктардын орду өзгөчө экендигин белгилейт.

— Балдарды беш жашынан тарта мектепке берүү боюнча оң пикирдемин. Себеби, өзүмдүн балам да беш жашынан барды. Анын кабыл алуусу, өздөштүрүүсү эң мыкты. Мен эксперт катары Билим берүү жана илим министрлигинин 12 жылдык билим берүү, ички концепцияны, методиканы өзгөртүүгө алган багыты тууралуу пикирлерим менен бөлүшө кетүүнү туура көрүп турам. Жалпысынан туура деп эсептейм, биз акыры бир өзгөрүүгө барышыбыз керек болчу. Арийне, ар бир нерсенин башталышында сөзсүз өзүнүн кемчиликтери болот, сындагандар андан көп болот дегендей. Эми ошо өтүү процесси кандай болот? Албетте, системалуу түрдө болушу керек. Билим берүү тармагы эң чоң тармак эмеспи, мында 1 млн 482 миңге жакын бала билим алат. Туура эмес кадамдар балдардын келечегине терс таасирин тийгизиши мүмкүн, андыктан кылдат иштелип чыгышы керек. Кыргызстандын билим берүүсүнүн өзүнүн улуттук баалуулуктары, методикасы камтылган туура модели болууга тийиш.

Мен өзүм негиздеген мектептин окутуу системасы жөнүндө кыскача айта кетейин. Жеке менчик болгондуктан, мүмкүнчүлүктөрүбүз абдан кеңири. Бир класста 12 бала отурат. СТЕАМ программасы кеңири колдонулат, Кембридж системасы киргизилген. 1-класстан баштап англис тили, кыргыз тили окутулат. Базистик план боюнча кыргыз тили жумасына үч жолу окутулат. Мен минимум жумасына беш жолу киргизүүнү сунуштагым келет. Анын үстүнө эми балдар класстан класска көчүрүүдө кыргыз тилинен экзамен бере баштайт эмеспи, биз ушул темп менен калсак, балдар кыйналып калат. Мисалы биз “Я и мир” деген предметти “Мекен таануу” предметине которуп, кыргыз тилин беш сабакка жеткирип алдык. Кыргыз тилин окутууда улуттук баалуулуктарды, нукуралуулукту үйрөтүп, атактуу инсандарыбызды, кыргыздын патриот уулдарынын басып өткөн жолун мектеп программасына киргизип, кагаз түрүндө эле эмес, 3 D форматында балдарга визуалдуу түрдө да көргөзүп, өзүбүздүн тарыхыбызды, кыргыз маммлекетин түптөөгө салым кошкон улуу инсандарыбызды кеңири тааныштырууга милдеттүүбүз деп эсептейм. Ошондо биздин балдарда патриоттуулук, мекенди сүйүү сезими ачылат. Мындан ары дүйнөдө мурдагыдай стабилдүүлүк жок, баары ийкемдүү болот, ошондуктан биз баардыгын учурунда чече алган, заманбап технологияларды жакшы түшүнө билген муунду тарбиялашыбыз керек. Балдарга жасалма интеллектти 5-класстан тарта үйрөтө баштоого тийишпиз, — дейт Ж.Матанов.

“Апчүңдү берчи” менен эле чектелбейли

“Интеллект” менчик мектебинин шарттары, анда кандай өзгөчө методикалар колдонуларын сураганыбызда, ал мындайча жооп берди. – Жаңы окуу жылында биздин мектептин босогосун аттаган балдарга эң оболу мектепти сүйүү, жактыруу чөйрөсүн түзүп берүүдөн баштайбыз. Бала эртең менен ойгонгондо мектепке өз каалоосу менен баргыдай болушу керек. Психологдор, ата-энелер менен бирге социум түзүп берүүгө басым жасайбыз, андан кийин ата-энелерин окутабыз. Бул да эң маанилүү жана жооптуу маселе. Эски системада минутасында 45-46 сөз окушу керек, таблица билиш керек деген талап бар. Биз үчүн бул эң негизгиси эмес. 1-класска келген бала эң негизи өзүнүн оюн кенен айта алганды, башкалардан чоочуркабаганды, башкалар менен мамиле түзө билүүнү, б.а. коммуникация кылганды өздөштүрүүсү кажет. Андан кийин албетте, сөзсүз түрдө тамга таануу, жазуу ж.б. үйрөтөбүз, экинчи чейректен баштап тил үйрөтүү сыяктуу жүктөмдөрүн акырындап көбөйтө баштайбыз.

БАЛДАРДЫ ЭРТЕ КУРАКТАН ӨНҮКТҮРҮҮНҮН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ

Азыр 1-класска беш жарым жаштан келип жатпайбы, бул куракта мектепке келген бала эмне кыла алат дегенибиз жеринен туура эмес. Бала бир жашында, эки, үч, төрт, беш жашында билүүгө тийиш болгон, ата-энеси үйүндө үйрөтө турган көп нерселер бар, биз, ата-энелер ошолорду үйрөткөндүн ордуна “апчүңдү берчи” деген менен эле чектелебиз. Мына маселенин төркүнү кайда жатат. Андыктан негизги фундаменталдык нерселерди кыска метраждуу ролик кылып тартып, жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу элдин кеңири катмарына жеткирип, элдин аң-сезимин көтөрүшүбүз зарыл. Ушул нерселерди психологдор менен биргеликте министрлик иштеп чыгып, керек болсо 100-150 ролик түзүп, ТВ, социалдык тармактар аркылуу тынбай таратып, кулагына куюп турушубуз керек. Кандай күчтүү программа, система болбосун, биз аларды аң-сезимибиз аркылуу кабыл алып сиңире албасак, эч кандай майнап чыкпайт. Анткени ага убакыт керек. Мисалы, фин, жапондордун балдары 4-класска чейин тамга тааныбай, жазганды да билбеши мүмкүн, бирок ата-эне ага стресс болбойт. Жапондор 4-класска чейин нарктуулукту, ууру кылбоо, жалган сүйлөбөө, кыскасы, жапон болгонду, өзүнүн улуттук нарктуулугун үйрөтөт. Бизде андайды элестетүү кыйын. Ал үчүн элдин аң-сезими тегиз өнүгүп жетилиши керек. Мен өзүм күбө болгон бир окуяны айтып берейин.  Афганистандан көчүрүп келген бир кыргыз балага улам-улам машина алып беришти, ал бирок улам эле авария болуп жатты. Анын тентектигинен же кутургандыгынан эмес, ал тек гана тээ бала кезинен машина эмес, топоз минип чоңойгон да, ага атасы машина айдап үйрөтпөсө кайдан машина айдамак эле?! Бала курсактагы кезинен баштап ага ыңгайлуу, жагымдуу чөйрө түзүү керек деп психологдор, врачтар бекеринен айтышпайт, — дейт Жакшылык Матанов.

Бала бакчадан барган балдар окууну тез өздөштүрөт

Бишкек шаарынын тургуну Канат Мидин уулу келинчеги экөө балдарын кандай мектепке берсек деп көпкө ойлонуп, жакын туугандарынын катышуусунда кенен дебат да өткөрүшкөнүн эстеди.

— Балам, балалуу болгондо билесиң” деп коюшат го. Балдарыбыз мектепке бара турган куракка жеткенде кайсы мектептен окутсак деп ойлоно баштадык. Мен өзүм орусча окугандыктан, оюмда балдарымды кыргыз тилдүү мектепке берсек деп жүргөм. Тилекке каршы, шаарда эң күчтүү делген мектептердин баары кыргыз тилдүү эмес, жеке менчик мектептердин көбү деле ушундай. Кеңеш айткан туугандарымдын бир тарабы “Болоор бала дээринен, окуй турган бала өзү эле окуйт, окубаганды эмне кылсаң да окубайт, бирок андай таланттуу балдар чанда эле чыгат, алар тоодо жүрсө да билим алып алат” десе, экинчи тарабы “Кыйналсаң да жакшы билим бериш керек” деп шаардагы мыкты мектептерди санап чыгышты. Өзүм кыргыз, орус, англис жана кытай тилдеринде сүйлөйм. Келинчегим да көп тил билет. Экөөбүз тең билимдин кандай маанилүү экенин жакшы түшүнөбүз. Ары ойлонуп, бери ойлонуп, кыргыз тилинде окуткан жеке менчик мектепти тандадык” – деп эки баласын мектепке даярдаган учурдагы түйшүктөрү менен бөлүштү.

Учурда эки баласы тең борборубуздагы кыргыз тилдүү жеке менчик мектептен билим алат. 1-класска окуп жаткан кичүү уулунун программаны кабыл алуусу жакшы, бул балким алгач бала бакчага барып жүргөндүктөнбү, тез эле көнүп кеткенин байкаган. Балдары билим алып жаткан мектеп кыргыздын улуттук баалуулуктарына, кыргыз наркына, таалим-тарбиясына сугарылган мектеп экенине өзгөчө сыймыктанарын жашырбайт.

— Балам мектепке алты жашынан барды. Азыр балдарды алты жашынан окутуу боюнча ар кандай пикирлер айтылып жүрөт. Врачтар да өз пикирлерин билдиришүүдө. Баланын даярдыгы ата-эненин шартына жараша да болот. Анан эң негизгиси, бала бакчага барып жүргөн балдар бат эле көнүп кетет экен, — дейт ал.

Канат Мидин уулун ата-эне катары балдардын телефонго мамилеси өзгөчө түйшөлтөрүн жашырган жок. Ал балдарга такыр көзөмөлсүз, эч кандай чектөө жок телефон берип коюу кооптуу экенин, ошол эле учурда заманбап техникадан такыр ажыратып, замандан артта калбашына көз салуу керектигин белгиледи. Оюнда окуу жайдын имараттары, техникалык жактан камсыз болгону абдан маанилүү болсо да, окуу жайдын программасы, стандарттары, менеджменти, балдарга, ата-энелерге жасаган мамилеси андан да маанилүү деп эсептейт. Чогулуштарда ата-энелерге жалпы маалымат беришкени, калган маселелерди ар бир мугалим менен жекеме-жеке баарлашканы жакканын айткан ал, өлкө боюнча ушундай мектептер көп болсо, балдарга да, ата-энелерге да жакшы болмок деген пикирин билдирди. Ырасында эле жеке менчик мектептерде балдарга, ата-энелерге жасалган мамилени мамлекеттик мектептер менен салыштырууга болбой турганын мойнубузга алышыбыз керек.

Беш жаштагы баланын мүмкүнчүлүгү жана тобокелдиги

Окумуштуулар балдарга милдеттүү окутуунун жаш курагы ар кайсы өлкөлөрдө ар кандай болорун аныктап чыккан. Алсак, Венгрияда баланы үч жашынан, Нидерланды, Австралияда беш жашынан мектепке берсе, көпчүлүк өлкөлөрдө 6-7 жашынан беришет.

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору, профессор Шайирбек Сулаймановдун расмий маалыматында балдарды эрте курактан өнүктүрүү тажрыйбасы мээнин өөрчүшүнө, окууга, ден соолукка жана жүрүм-турумуна терең таасирин тийгизерин белгилейт. Ал дүйнө жүзү боюнча миллиондогон бөбөктөр туура эмес тамактануунун, эрте стимулдаштыруунун, окуунун жана камкордуктун жоктугунан, стресске кабылуудан улам өз дараметин ачалбай, өнүгө албай каларын белгиледи.

— Балдардын социалдык, психологиялык жана физиологиялык даярдыгын жана эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен Кыргызстанда балдарды алты жашынан мектепке даяр деп эсептөөгө болот. Баланын жашоосундагы беш жыл – ал үчүн зор мүмкүнчүлүк жана тобокелдик мезгили экенин түшүнүү зарыл. Балдардын ушул алгачкы жылдардагы когнитивдик жана социалдык-эмоционалдык көндүмдөрү алардын билим алуу жана бойго жеткендеги кийинки натыйжаларына көпкө таасир этет. Ошол эле учурда, балдардын мектепке кирүү үчүн маанилүү даярдоо этабы эрте балалык мезгили болуп саналат. Эксперттер эрте балалык мезгилиндеги 1-3 жашын жана мектепке чейинки 3-5 жаш курактагы мезгилин «мүмкүнчүлүктөр терезеси» деп аташат, анткени бул мезгилде болуп жаткан өнүгүүнүн бардык аспектилеринде укмуштуудай өзгөрүүлөр болот, — дейт профессор. Адис ошол эле учурда балдардын өнүгүү мезгилинде кошумча инвестиция болбосо, беш жаштагы балдар, өзгөчө колдоого муктаж үй-бүлөдөгү балдардын мектептеги турмушу начар башташарын кошумчалады.

— Эрте инвестициялоо дени сак, бай жана жашыл коомдорду түзүүнүн эң үнөмдүү жолдорунун бири экендигин моюнга алышыбыз керек. Ошол эле учурда, баланын жашоосунун биринчи беш жылы мүмкүнчүлүгү чоң жана өтө аялуу мезгили болушу мүмкүн. Бул куракта балдар келечектеги когнитивдик жана социалдык-эмоционалдык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө негиз түзүп, жашоосунун башка мезгилине караганда тезирээк үйрөнүшөт, ал эми жашы улам өйдөлөгөн сайын кыйыныраак жана натыйжасы азыраак, — дейт профессор.

Медицина адистери окуу процесси учурунда балдардын ден соолугуна терс таасирин тийгизе турган көрүнүштөрдөн алыс болууга чакырат. Ал биринчиден – окуу жүктөмдөрүнүн өтө жогору болгондугуна байланыштуу китеп каптарынын оордугу жана балдардын кыймыл-аракеттеринин өтө төмөндүгү. Балдардын өз маалында тамактануусунун да мааниси өтө чоң. Врачтар балдардын тамактануусунун ортосундагы аралык төрт сааттан ашпоосу керектигин белгилешет. Андыктан ата-энелер чипсы, бутерброд, гамбургер сыяктуу фастфуддарды сатып берүүдөн алыс болуп, балдардын ысык жана суюк тамактарды көбүрөөк ичишине кам көрүүсү парз деп эсептешет.

 

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Комментарийлер