БАЛДАРДЫ БАКЫТКА БӨЛӨГӨН «БАЛАЖАН»

  • 10.07.2023
  • 0

БАЛДАРДЫ БАКЫТКА БӨЛӨГӨН «БАЛАЖАН»

Билим берүү жана илим министрлиги «Балажан» республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-методикалык борбору менен биргеликте уюштурган «Ысык-Көл балдардын көзү менен» эл аралык слётуна кошумча билим берүү борборлорунан 9 жаштан 17 жашка чейинки 400дөн ашык бала катышты.

Слёттун программасынын ар бир күнү Тайны разума», «Я — миллионер!», «Colour fest», «Digital space» ж.б ар башкача аталыштарга ээ болуп, күн сайын ар кыл темадагы тренингдер, мастер-класстар, интерактивдүү оюндар өткөрүлдү. Башкалардан өзгөчөлөнгөн «Я — миллионер!» күнүндө балдар ар кандай кызматтарды көрсөтүп, өз алдынча акча табууну үйрөнүштү. Мисалы, бөлмөлөрдү тазалоо, мейкап жана укалоо жасоо, тату тартуу сыяктуу кызматтарын жарнамалап, өз алдынча кардар табышты. Айрымдары ашканаларды иштетүү үчүн насыяга бир пайыздык үстөк менен чоң суммадагы каражат алып, кардарларды тейлеп акча чогултушту. Бир күн бою тапкан акчаларына кечинде жумшак оюнчуктарды, концелярдык товарларды, бижутерияларды сатып алышты. Муну менен балдар акча кандай кыйынчылык менен табыларын, кайра кантип туура пайдалануу керектигин билишти.

Мындан тышкары, балдар кол өнөрчүлүк боюнча Казакстандын Экибастуз шаарынан келген Балдардын көркөм сүрөт мектебинин мастерлеринен сабак алышты. Эл аралык «Ала-Тоо» университетинин IT жана бизнес колледжинин доценттери, Codify Lab маркетологдору өз тажрыйбалары менен бөлүштү. Мисалы, Ноокен районунун “Масы” айылындагы билим берүү борборунун окуучусу Айкөл Зайырбеков Эл аралык «Ала-Тоо» университетинин IT жана бизнес колледжинин доценти Руслан Исаев өткөн тренингде сайт ачуу, аны иштетүү, кооздоо тууралуу кенен маалымат алганын, “Tilda Publishing” жаңы программаcы менен таанышып, аны менен иштөө эрежелерин өздөштүргөнүн айтат.

Болочок бизнесмендер үчүн OcОO Royal Construction курулуш компаниясынын коммерциялык директору Бектур Садыров «Продуктунун баалуулугун өстүрүү” тууралуу, ал эми Оc0O NEO Capital негиздөөчүсү жана башкы директору Санжар Маматкадыров “Финансылык сабаттуулук» боюнча тренингинде финансылык сабаттуулук эмне үчүн керектиги, акча пайдалануунун эрежелери тууралуу кеңири баяндап беришти.

БАЛДАРДЫ ӨНҮКТҮРГӨН ПРОГРАММАЛАР

Тоолуу Ат-Башы районундагы Балдарга билим берүү борборунан келген Апсамат Сматов сүрөт мугалими. Слётко 13 баладан турган “Теңир-Тоо” командасын алып келди. Анын айтымында, программадагы ар бир күн баланын убакыты текке кетпегениндей иштелип чыккан. Бала бир эле учурда эс алып да, руханий жактан өнүгө да алат.

Өткөн жылы балдарыбыз ыр, бий өнөрүн көрсөтүп келишчү. Бул сапар кол өнөрчүлүк, сүрөтчүлүк өнөрүбүздү өнүктүрүп, тажрыйба алууну чечтик. Балдар үчүн ар бир күн кызыктарга бай болду, өзгөчө эмоцияда жүрүштү. Чынында, биз “Балажан” борборунун аркасы менен көп иш-чараларга катышып келебиз. Сүрөтчү балдарыбыздын арасында Франция, Түркия, Азербайжан, Казакстанда өткөн эл аралык сынактарга катышкандар да бар. Уюштуруучуларга терең ыраазычылык билдирем! Кызыктарга бай программалары аркылуу балдардын жүрөгүндө катылып жаткан талантын, өнөрүн алып чыгып, ойготот экен. Ар бир убакыт баланын эс алуусу менен бирге эле өнүгүүсүнө багытталган. Бир да убактысы текке кетпейт. Балдардын мээси чарчабагандай уюштурулуптур, — деди Апсамат Сматов.

Ош шаарындагы №42 “Керме-Тоо” жана “Жетиген” орто мектебинен 21 бала слётко катышып, “Билимге кантип умтулса болот?”, “Балдарды кантип бийге, спортко тартабыз?”, “Кафе ачуунун жолдору?” деген үч долбоорун сунушташты. Аларга долбоор жазууну “Балажан” борбору онлайн форматта үйрөттү.

Сегиз жылдан бери слёттун активдүү катышуучубуз. Бул убакыт аралыгында балдар кадимкидей өзгөрдү. Долбоор жазууну да үйрөндү. “Балажан” борбору быйыл “Zoom» платформасы аркылуу долбоор жазуу, акчаны туура эсептөө керек деген темада балдарды окутуп, өз алдынча долбоор жазууга бир ай убакыт берди. Балдар долбоорду толук өздөрү иштеп чыгышты, биз багыт гана берип турдук. Банктан кантип насыя алып, кайра аны кантип жабуу керек, кардарларды кантип тартуу керек деген сыяктуу суроолорго өздөрү жооп табышты. Буга чейин да гуманитардык багыттагы: мүмкүнчүлүгү чектелген жана аз камсыз болгон адамдарга жардам берүү жана алар менен достошуу, коомго аралаштыруу, Кыргызстандын экологиясын сактоо, интернетти туура колдонуу деген темадагы долбоорлордун үстүндө иштегенбиз. Ал ишибизди дагы да улантуудабыз. Мисалы, колдоого муктаж адамдар үчүн даталуу күндөрү концерт уюштуруп турууну салтка айлантканбыз. Өзгөчө адамдар көңүл бурууга муктаж эмеспи, аларга белек беребиз, киного чакырабыз, кафеге алып барабыз. Карылар үйүнө да барып, алардын небересиндей сыйыбызды көрсөтүп, мамиле курабыз. Быйылкы долбоорубуз да ийгиликтүү болоруна ишенебиз. Слётто балдар үчүн ар бир күн кызыктуу. Лагерь тууралуу бири-бирине айтып отуруп, жылдан-жылга келген балдарыбыздын да саны көбөйүүдө, — дейт жетекчиси Рано Сарикова.

Айгерим ТОКТОБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер