БАЛДАР ҮЧҮН ЖОМОК КИТЕП ЖАРЫККА ЧЫКТЫ

  • 28.11.2019
  • 0

Бүгүн саат 16:00до Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде Түрк цивилизациясын изилдөө борбору тарабынан даярдалган “Түрк элдеринин жомоктору” аттуу китептин бет ачар аземи өтөт. 

Китепке байыркы замандан бүгүнкү күнгө чейин ооздон-оозго, муундан-муунга өтүп келе жаткан боордош түрк элдеринин (анатолиялык түрк, кыргыз, казак, өзбек, азербайжан, түркмөн, алтай, хакас, уйгур, татар) жомокторунун арасынан кызыктуу, тарбия берүүчү сапатка ээ болгон  жомоктор киргизилди. Ошондой эле китеп заманбап түрдө жасалгаланып, жомокторго кооз иллюстрациялар берилди. Аталган эмгек өспүрүм балдарга, мектеп окуучуларына, китеп сүйүүчүлөргө арналып, түрк дүйнөсүнө зор салым кошо турган жыйнак болот деген ишеним менен даярдалды.

Китеп Гүлмира Мамбеталиева, Женгиз Буяр, Максат Ажыкан уулу, Нурсултан Абдимиталип уулу (түзүүчүлөр), Сатыбалды Көчөрбай уулу (дизайн), Айтбүбү Бадахшанова (сүрөтчү), Гүлзада Станалиева, Жемил Шимшек, Керим Тузжу (редактор), Калия Кулалиева (рецензия) тарабынан кыргыз жана түрк тилдеринде даярдалды.  КТМУнун басмакана бѳлүмүнѳн 1000 нускада басылып чыкты.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер