БАЛДАР ҮЧҮН СОНУН БЕЛЕК!

  • 12.02.2025
  • 0

Алай районундагы №1 Гүлчө мектепке чейинки билим берүү мекемесинде «Эки жомок» китепчесинин салтанаттуу бет ачары болуп өттү!

БАЛДАР ҮЧҮН СОНУН БЕЛЕК!

Ч.Козукеевдин берген маалыматына таянсак, бул китепче бөбөктөрдүн дүйнөсүн байытуу үчүн «Алай ынтымагы» коомдук бирикмесинин демилгеси менен жарык көрүп, анын демөөрчүсү Нурила Темирбаева болду. Китептер Алай районунун 51 балдар бакчасына белек катары тапшырылып, келечекте дагы көптөгөн пайдалуу долбоорлор ишке ашат деген ишеним бар.

Бул иш-чаранын жогорку деңгээлде өтүшүнө эмгек сиңирген Дилбар Камилова, Кенже Сулайманкулова, Нуркыз Абдыкеримова, Феруза Салиева, Жаңылай Тайлакова, Чыныкан Эрмаматова жана №1 балдар бакчасынын жалпы эмгек жамаатынын салымы зор.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер