БАЛДАР ҮЧҮН 1.8 МИЛЛИОН КИТЕП!

  • 12.01.2024
  • 0

БАЛДАР ҮЧҮН 1.8 МИЛЛИОН КИТЕП!

2023-жылдын 12-декабрында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттигинин (USAID) «Окуу керемет!» долбоору 1679 максаттуу мектеп үчүн балдар адабият китептеринин 1 790 030 нускасын тапшырды. Аталган китептер 2024-жылдын январь айынын аягына чейин бардык мектептердин китепканаларына жеткирилет.

 Бул макалада мектептер кандай китептерди алышат жана башталгыч класстардын окуучуларынын окуу көндүмдөрүн жогорулатуу үчүн ал китептерди кандай колдонуу керек экендиги тууралуу сөз болот.

 Китептер жөнүндө маалымат

 USAIDдин «Окуу керемет!» долбоору мектеп жана коомдук китепканаларга тапшырган балдар адабият китептери 1-4-класстардын окуучулары үчүн кошумча окуу материалдары катары иштелип чыккан.

Бул жаңы китептерди жаратуунун негизги максаты – жаш окурмандардын кызыгуусун арттыруу жана алардын окуу жана түшүнүү көндүмдөрүн өнүктүрүү үчүн китептердин ар түрдүүлүгүн камсыз кылуу.

Окутуу тилине жана окуучулардын санына жараша ар бир мектеп жана коомдук китепкана атайын бөлүнгөн китептердин топтомун алышат.

Ошондой эле берилген жана долбоордун алкагында иштелип чыккан көптөгөн башка китептер Блум эл аралык электрондук китепканасында (Bloom Library) көрсөтүлгөн QR-код аркылуу да жеткиликтүү.

БАЛДАР ҮЧҮН 1.8 МИЛЛИОН КИТЕП!

Жаңы китептердин ар бири 7-11 жаштагы балдардын жаш өзгөчөлүктөрүнө жана кызыкчылыктарына ылайык иштелип чыккан. Алар китепте берилген идеялар балдарга түшүнүктүү жана жеткиликтүү болуш үчүн жөнөкөй тилде чоң шрифттер менен жазылган. Тексттер балдарга түшүнүктүү сюжеттер аркылуу баяндалган жана кызыктуу көркөм иллюстрациялар менен коштолгон. Берилген китептер ар түрдүү темаларды жана жанрларды камтып, инклюзия, көп түрдүүлүк жана гендердик теңчилик принциптерин эске алуу менен жазылган. Алар талап кылынган окурмандык көндүмдөрдүн деңгээлине жараша классификацияланган; бул ар бир окуучунун окуу компетенттүүлүгүнө ылайык китептерди оңой тандоого мүмкүндүк берет.

      Китептердин классификациясы

   Башталгыч класстын окуучуларынын жаш курагы бирдей болгону менен алардын окуу жана окуганын түшүнүү көндүмдөрү көбүн эсе ар кандай деңгээлде калыптанат. Демек, мындай окуучуларга тийиштүү татаалдыктагы китептерди, башкача айтканда, аларга түшүнүктүү болгон, бирок ошол эле мезгилде алардын окуу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө өбөлгө түзгөн жана андан ары окууга шык берген китептерди тандоо керек.

Долбоор чыгарган китептер тогуз деңгээл боюнча классификацияланган: биринчи класс үчүн үч деңгээл жана 2-4-класстар үчүн экиден деңгээл. Классификациялоодо китептин мазмуну окуу программасынын негизги бөлүмдөрүнө ылайык келиши, класстар жана курактык топтор үчүн лексикалык минимум, тексттердин узундугу жана татаалдыгы жана башка критерийлер эске алынган. Ар бир китептин арткы мукабасында ага тиешелүү татаалдык деңгээли берилген.

Китептердин жаңы түрлөрү

Басылып чыккан китептердин арасында өзгөчө форматтагы китептер (чоң форматтагы китептер), жана белгилүү бир окуу көндүмдөрүн практикада колдонууга багытталган китептер (чечмелеп окуу, декоддоо үчүн китептер) бар.

Чоң форматтагы китептер – бул үлгүлүү жана биргелешип окууну уюштурууга арналган чоң өлчөмдөгү сүрөт китептери, анткени мындай китептерде берилген текст төмөнкү сапаттарга ээ:

  • андан ары эмне болоорун оңой эле алдын ала айтууга болот;
  • сүйлөмдөр жөнөкөй жана татаал сөз айкаштарын камтыбайт;
  • кайталанган фразалар кездешет.

Чоң форматтагы сүрөт-китептер балдардын өнүгүүсү үчүн өтө маанилүү. Чоң форматтагы китептерди окуу менен окуучулар өзгөчө тажрыйба ала алышат. Алар окуучуларга окуу техникасын өздөштүрүүгө мүмкүндүк берип, окуучулардын сюжетти эстеп калуу, аны кайра айтып берүү, иллюстрацияларды талкуулоо жана окуганын терең түшүнүү көндүмдөрүн өрчүтөт. Бул китептерди окуучулардын тобу же жалпы класс менен, хор түрүндө бир мезгилде же кезек менен окуса болот. Мындай китептер көбүнчө биринчи класста колдонулат.

Декоддо үчүн китептер – биринчи класста балдар окуп-үйрөнө турган тамга-тыбыш шайкештикти чагылдырган сөздөрдү камтыган китептер. Бул китептерде атайын тандалган сөздөр камтылган, алар тийиштүү сөздөрдү окуу жөндөмүн өрчүтүү үчүн көп жолу кайталанат. Декоддоо көндүмү окуй алуу жөндөмүнүн негизи болуп саналат жана балдарда шар окуу көндүмүн өнүктүрүүгө жана сөз байлыгын кеңейтүүгө негиз түзөт.

Өзүнүн эне тили болбогон тилдеги тексттерди декоддоодо же окууда кыйынчылыктарга дуушар болгон окуучуларга жардам көрсөтүү максатында декоддоо үчүн китептерди орус, өзбек жана тажик тилдүү мектептерде кыргыз тилине үйрөтүү, жана кыргыз өзбек жана тажик тилдүү мектептерде орус, тилине окутууда жана күнүмдүк турмушта өз үйүндө сүйлөшүүдө колдонулган тил мектептеги окутуу тилинен айырмаланган балдар менен иштөөдө колдонсо болот.

БАЛДАР ҮЧҮН 1.8 МИЛЛИОН КИТЕП!

Балдар адабиятынын жанрлары

Сунушталган китептердин арасында ар кандай жанрдагы жана темадагы китептер бар – бул балдардын окууга болгон кызыгуусун колдоо жана өнүктүрүү үчүн маанилүү шарттардын бири. Тексттердин көп түрдүүлүгү мугалимдерге окуганды дифферциациялап үйрөтүүгө, ар бир окуучу үчүн ал окуй жана түшүнө ала турган китепти тандоого мүмкүндүк берет.

Төмөндө каталогдогу мисалдар менен долбоор тарабынан басылып чыккан китептердин негизги жанрлары жана тематикалары келтирилген.

Ырлар – бул ыр түзүлүш мыйзамдарына жооп берген кичинекей чыгарма, анда ритм жана рифма маанилүү. Мисалы, “Көл сүйлөйбү?”, “Почему ошибся Марк?” ж.б. китептеги ырлар.

Аңгемелер – бул бир сюжеттик линияны ачкан жана бир нече каарман катышкан кичинекей чыгарма. Аңгемелерде каармандар балдардын кабылдоосуна жакын окуяларды жана социалдык, эмоционалдык өнүгүүнү башынан өткөргөн окуялар баяндалат. Алардын мисалында балдар боорукер болууну, достукту жана жардамды баалоону, ар кандай кырдаалдардан чыгуунун жолун табууну, балалык болсо да турмуштук маселелерди чечүүнү үйрөнүшөт. Мындай аңгемелердин мисалдары катары “Пирог для мамы” же “Башкы таймаш” чыгармаларын карасак болот.

Жомоктор – сюжети сыйкыр дүйнөсү, баатырлык же турмуш менен байланышкан ойдон чыгарылган окуялар жөнүндө чыгарма. Бул жанр жакынкы убакка чейин башталгыч мектеп үчүн эң популярдуу болгон, бирок бара-бара ал заманбап аңгемелерге жана бөлөк жанрларга орун берүүдө. Топтомго «Девятицветный олень», «Көмөч нандын акылы», «Түрү суук өрдөк» ж. б. жомоктор кирди.

Энциклопедиялар жана маалыматтык китептер – түрдүү популярдуу темалар боюнча илимий маалыматтарды жана баяндамаларды камтыган басылмалар. Мисалы, “Автомобили”, “Опасные и необычные  природные явления”, “Дүйнө элдери” жана башкалар.

 Тапшырылган китептердин арасында илимий — популярдуу маалымат менен ойдон чыгарылган көркөм мазмунду айкалыштырган, аралаш жанрдагы китептерди табууга болот.

Фантастика – бул реалдуу эмес, учурда ишке ашпай турган окуяларды чыныгы жашоо менен айкалыштырган көркөм адабият жанры. Фантастика фэнтезиден реалдуу эмес көрүнүштөр катары мистикалык эмес, илимий (мисалы, жаңы технологиялар, адамзаттын келечектеги жетишкендиктери ж.б.) көрүнүштөр берилгендиги менен айырмаланат. Тапшырылган китептердин топтомуна “Большое путешествие к Чёрной дыре”, “Түнкү керемет”, “Приключения Марата и Алисы в Солнечной системе“ ж.б. фантакстикалык чыгармалар кирген.

Фэнтези – бул баяндоодо мифология жана жомок мотивдери колдонулган фантастикалык жанр. Фэнтези жанрындагы чыгармалардын мисалдары: “Чаар ат жана Аппалуза”, “Приключение эльфийки Элифы”, “В поисках сестры” ж.б.

Комикс – бул сүрөттөр аркылуу берилген аңгемелер, алардын сюжети негизинен иллюстрациялардын жардамы менен ачылып берилет. Мисалы, “Спасём крошку Си” комикси.

Окурмандардын математикалык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө өбөлгө түзгөн китептер. Бул “Математика в шоколаде”, ”Дом для лисы”, “Канча?” ж. б..

Китептерди кантип колдонсо болот?

 Бул китептер балдардын окуу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө, алардын окууга болгон кызыгуусун арттырууга, үй-бүлөлүк жана өз алдынча китеп окуу маданиятын өрчүтүүгө жардам бериши үчүн, алар текчелерде турбастан, балдар жана мугалимдер тарабынан ар дайым колдонулушу керек.

Кандай сунуштарды берүүгө болот?

 Балдар үчүн сунуштар:

  • окуу көндүмдөрүн өнүктүрүү үчүн, окурмандык компетенттүүлүк деңгээлине ылайык келген китептерди тандап, күн сайын окуу (мисалы, экинчи класстын окуучусу 2.1 же 2.2 деңгээлин, ал тургай шар окуса жана окуганын түшүнсө –1 деңгээлин тандаса болот);
  • бош убагында өзүнүн кызыкчылыгына туура келген китептерди ырахат алуу үчүн окуу;
  • мектеп изилдөө долбоорлорун даярдоодо, тапшырмаларды аткарууда маалымат алуу үчүн пайдалануу (мисалы, жаратылыш, техника же кесиптер жөнүндө илимий-популярдуу китептер);
  • театрлаштырылган чыгармаларды, бий, спектакль же концерттерди коюу үчүн колдонуу;

Башталгыч класстардын мугалимдери үчүн сунуштар:

  • окуу компетенттүүлүгү ар кандай деңгээлде калыптанган окуучулар үчүн тийиштүү татаалдык деңгээлиндеги китептерди тандоо;
  • «Келгиле, окуйбуз» жана «Окуу керемет!» долбоорлорунун окуу модулдарында сунушталган окуучулардын шар окуу, окуганын түшүнүү көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган стратегияларды жана ыкмаларды колдонуу менен сабак өтүү;
  • «Мен жана дүйнө», «Тил жана окуу», «Музыка», «Турмуш-тиричилик коопсуздугунун негиздери» жана бөлөк предметтер боюнча тапшырмаларды аткаруу үчүн өз алдынча маалымат издөө үчүн китептерди окуучуларга берүү;
  • ата-энелерге электрондук китепканалар жана басып чыгарылган китептер жөнүндө маалымат берүү, аларды балдар менен бирге китеп окууну, жана окуганы боюнча талкуулоону сунуштоо.

Китепканачылар үчүн сунуштар:

  • окуучуларга алардын окурмандык компетенттүүлүк деңгээлине дал келген китептерди сунуштоо максатында башталгыч класстарда кошумча окуу үчүн балдар китептеринин классификация деңгээлдерин изилдеп түшүнүү;
  • башталгыч класстардын мугалимдерине окуучулардын окуу компетенттүүлүгүнүн деңгээлине жана жаш курагына ылайыктуу китептерди кошумча окуу материалы катары колдонуу боюнча кеңеш берүү (мисалы, 3-класс үчүн 3.1 жана 3.2 деңгээлдердеги китептерди жана белгилүү бир темага арналган китептерди тандаңыз жана мугалим менен бөлүшүңүз);
  • мугалимдерди, ата-энелерди жана окуучуларды китептердин жанрдык (көркөм, илимий-популярдуу) жана тематикалык көп түрдүүлүгү жөнүндө маалымдоо, тандалган тематика боюнча окуу сааттарын же китеп окуу клубдарын өткөрүү, кандайдыр бир темага тиешелүү китептерди тандоо жана сунуштоо;
  • башталгыч класстардын мугалимдери менен биргеликте китептерге жана китеп окууга арналган класстан тышкары иш-чараларды балдар китептерин колдонуу менен өткөрүү: окуу боюнча чемпионаттарды, үй-бүлөлүк окуу клубдарын, окуу жана математика лагерлерин, окуу марафондорун, «Китеп куржуну» акциясын, ж. б.;
  • 23-апрель – Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү, 2-апрель – Эл аралык балдар китеби күнү, 12-декабрь – Улуттук адабият күнү ж. б. сыяктуу маанилүү күндөргө арналган иш чараларды мектепте уюштуруу.

Долбоор берген китептер жөнүндө кененирээк маалымат менен атайын иштелип чыккан каталогдон таанышсаңыз болот. Каталог китептер менен бирге ар бир мектеп китепканасына жеткирилет.  Каталогдун электрондук нускасын көрсөтүлгөн QR-код аркылуу ача аласыз.

БАЛДАР ҮЧҮН 1.8 МИЛЛИОН КИТЕП!

Бөлүшүү

Комментарийлер