БАЛАНЫ МЭЭРИМ МЕНЕН ТАРБИЯЛАЙЛЫ
- 06.05.2024
- 0
«Баланы туура тарбиялоонун жолу барбы?» деген суроо эзелтен бул кесипке жүрөгүн арнаган педагогдорду ойлондуруп келген. Ал жол азыр баарына бирдей белгилүү.
Гумандуу педагогика – бул балага инсан катары мамиле жасоонун, анын экологиясын сактоонун, балага жөндөмдүүлүгүн ачууга мүмкүнчүлүк берүүнүн, аны тынымсыз өнүктүрүүнүн, педагогикалык процессти гумандаштыруунун, баланын табиятына шайкеш уюштуруунун жана кызматташтыктын педагогикасы.
Гумандуу педагогика, эң негизгиси, адамдын инсан катары баалуулугун жогору коёт, анын табиятынан өзүнө мүнөздүү болгон жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүүнү максат кылат. Бекеринен Ш.А.Амонашвили: “Гумандуу педагогика баланы кандай болсо, ошондой кабыл алат, анын табиятына макул болот жана педагогикалык процесстин баланын жаратылышына ылайык келүүсүн эң жогорку мыйзам катары жарыялайт,” деп айтып, “шокту да, тил алчаакты да, кенебести да, жалкоону да, эмгекчилди да бирдей сүйүш керек, анткени ал балдарга болгон боорукердик жана сүйүү алардын беделине жана кадыр-баркына шек келтирүүгө жол бербейт» деген. Ал балдарды жөндөмдүү жана жөндөмсүз, «жакшы» жана «жаман», «күчтүү» жана «күчсүз», «сүйкүмдүү» жана «сүйкүмсүз» деп бөлүп мамиле жасабай, баарына тең кароого чакырат. Бардык баланы гениалдуу жана уникалдуу жөндөмдүүлүккө ээ деп эсептейт.
Гумандуу педагогика баланын келечегине кандай карайт? Ал мугалимдерге эле эмес, ата-энелерге жана коомчулукка балдарды төрөлгөн күндөн баштап акыл-ой өрүшү кеңири, дени сак, руху күчтүү, сезимтал, адеп-ахлактык жактан тарбиялуу инсан кылып өстүрүүнүн зарылчылыгын баса белгилейт. Баарынан мурун ал апа менен ата баланын эң биринчи мугалимдери болуп эсептелерин, ата-эне менен кызматташтыкка жана өнөкөштүккө артыкчылык берүү менен аларды рухий жана интеллектуалдык жактан өнүктүрүүнү максат кылып коёт. Конфуций: «Ата-эненин ким экендигин үйрөнүп билүү – баланын жүрүш-турушунун пайдубалын билүү» деп таамай айткан. Андыктан, биз таалим-тарбия берүү ишинде, үй-бүлө тарбиясын үйрөнүүгө артыкча көңүл буруубуз зарыл. Кыргыз элинин салттык тарбиялоо маданиятында да: «Бала уяда эмнени көрсө, учканда ошону алат» деп, үй-бүлөлүк тарбиялоого өзгөчө маани берген.
Гумандуу педагогика педагогикалык процессте балага, анын айлана-чөйрөсүнө, жеке жана психологиялык бөтөнчөлүгүнө карата мамиле жасоого өзгөчө көңүл бөлөт. Айрыкча, баланын өнүгүүсүн, анын өсүү динамикасын аныктоону эсинен чыгарбайт. Ар бир бала үчүн жекече окутуунун жана өнүктүрүүнүн планы түзүлөт. Ш.Амонашвили: “Эң башкы максат — баланы, анын акылын, жүрөгүн жана колун өстүрүү зарыл. Бала – бул жаратылыштын өзүнүн өздөштүрүлбөгөн чексиз укмуштуудай жана уникалдуу модели,” – деген ойду айтып, алардын ар биринин индивидуалдуулугун билип, өнүктүрүүнүн жолун жана ыгын таап, ар тараптан өнүктүрүүгө үндөгөн.
Гумандуу педагогиканын негизги милдеттеринин бири — баланы таануу, түшүнүү жана ага ишенүү. Баланы ар тараптан таанып, өзүбүздө балдарга ишенимди жаратуубуз зарыл. Балага ишеним артпай, аны таанып билбей, түшүнбөй туруп жакшы мугалим боло албайбыз. Андыктан бизде дайыма балага болгон ишенимдин жашоосу, түшүнүүнүн жана таанып-билүүнүн гүлдөп өсүүсү туруктуу мүнөзгө ээ болуусу абзел. Баланын дүйнө таануу жөндөмү али өсө элек. Биздин милдет – аны белгисиз билим дүйнөсүнө саякатка ачылыш жасоого ишенип, жылуу мамиле жасап, мээрим төгүп ээрчитип чыгуубуз керек. Биз билим дүйнөсүнө саякатта Ш.А.Амонашвилинин: “Эч качан жаман жана жөндөмсүз бала болбойт, андай бала төрөлбөйт. Ар бир бала ачыла элек, түгөнгүс байлык, укмуштуудай миң кырдуу, сыйкырдуу, таң каларлык дүйнө. Бала — жаратылыштын өзү. Ал өсүп, калыптанып турат. Баланын жаратылышына каршылык көрсөтүүчү чөйрө, анын өнүгүүсүнө жолтоо болот,” деген сөзүн эсибизге бекем сактап, дайыма балага болгон ишенимди бек сактоого, аны терең таанып билүүгө жана түшүнүүгө жетишишибиз зарыл.
Ш.А.Амонашвили: “Балага эбегейсиз кудуретке жана жөндөмгө ээ кудай сүйгөн инсан деп ишенген мугалим – чыныгы мугалим,” – дейт. Айткандай эле, балдардын жан дүйнөсүнө үңүлүп тереңдеп кирип карасаң, алар адам баласына зарыл болгон бардык жөндөмдөр менен төрөлөт, алардын сезүүсү өтө өөрчүгөн, табиятынан аябай чыгармачыл жана бардык нерсеге кызыккан болот. Биздин милдет балдардын дээриндеги катылып жаткан зор мүмкүнчүлүктөрүн ачып, балдарга утуу, жеңиштерге жетүү сезимдерге ээ болушуна жардам беришибиз керек.
Гумандуу педагогика – бул баланы сүйүүнүн педагогикасы. Шалва Амонашвили: “Мектеп латынча “аска” деген сөз. Ал адамдын жан дүйнөсүн, адебин, маданиятын жана руханиятын көтөрүүчү тепкич. Мугалим — жарык берүүчү күн. Ал эми окуучу – жарык издеген жан. Асканын эң бийик чокусунда мугалимдин, ата–эненин сүйүүсү турат. Андан бала өнүгүүнүн азыгын, нурун алат. Балада билимге, жакшы адам болууга чаңкоосу жаралат,” – деген. Чындыгында, балдардын билимге болгон чаңкоосу жана кызыгуусу — дүйнөнү түшүнүүнүн чектелбеген жана баш ийбеген табылгыс бир жолу. Бул ийгиликтүү жана жемиштүү окуунун негизги кыймылдаткыч күчү. Демек, мугалим баланы сүйсө гана мөмөлүү даракка айланат, башкача айтканда, “сүйүү сүйүүнү жаратат” дегендей, баланын сүйүүсүнө ээ болот. В.А.Сухомлинский: “Баланы сүйүү анын бетинен сылап, чекесинен өбүү эмес, анын бактылуу келечегин камсыз кылуу,” деп баса белгилеген. Мындан биз баланы мугалимдин сүйүүсү, анын келечек тагдырына күйүп бышуусу, күн сайын өзүнүн рухий байлыгын, интеллектуалдык деңгээлин, адистик жана кесиптик чеберчилигин арттыруусу менен ачыкталарын түшүнсөк болчудай. Ал үчүн мугалим дүйнөлүк жана ата мекендик педагогдордун эмгектерин казып окуусу тийиш. Мугалим аларды канчалык көп окуп, кеңеш алса, анан алган гумандуу педагогиканын абасы менен дем алса, ошончолук баланы тааный билет. Эгер мугалим окубаса, педагогикалык процессти гумандаштыруу жөнүндө сөз кылууга да болбойт.
Бала табиятынан кең пейил, ишенчээк, боорукер, мээримдүү, дили таза, акылы тунук болуп төрөлөт. Биз баланы дал ошондой кабыл алып, өстүрүүгө милдеттүүбүз. Балага, анын жан дүйнөсүнө түшүнүп, гумандуу мамиле жасап, алардын сезимин, көңүлүн, оюн, дитин өзүбүзгө буруп, жүрөгүн багындырууга жетишүү менен ийгиликтин ачкычын табабыз. Ан үчүн баланын жаралыш тегин, жашоонун кандай кырдаалына туш болгонун, ага ким жана кандай чөйрө таасир эткенин, турмуш жолунда кимге жана эмнеге туш болгонун, жолукканын үйрөнүп, билүүбүз зарыл. Баланын муктаждыгын алдын ала билип, чечип, аны түшүнө билсек, баланын мугалимге карата ыраазылык сезими күчөйт, таянар тоосу, сүйөнөөр түркүгү катары сезет, ишеними күчөйт. “Kyrgyz Concept” компаниясынын президенти, бизнесмен Эмил Уметалиев: “Баланы түшүнө билсе, керек болсо эмчектеги бала дагы азыраак ыйлайт. Алгач баланын муктаждыктарын билүү маанилүү. Деги эле бардык мамиледе бири-биринин муктаждыгын түшүнгөндө гармония пайда болот,” дейт.
Гумандуу педагогика балага инсан катары мамиле жасоону ишке ашырат жана мугалим баланы кызматташы, жардамчысы, шакирти катары санайт. Мугалимдер балдарды сабактын максатын, милдетин, өтүү жолдорун, ыкмаларын, этаптарын, баалоонун түрлөрүн аныктоого, уюштурууга тартышат. Балдар педагогикалык процесске активдүү катышат, чыгармачылык жоопкерчилиги күчөйт, уюштургуч жөндөмдүүлүгү артат. Бирин-бири, бирөөнү баары, баарын бирөө үйрөтүү ишке ашат. Алар сабакта жана сабактан тышкаркы иштерде карым-катыш байланышта биргелешип кызматташып иштөө менен түйүндүү маселелерди бирге чечип, ийгилик жаратышат. Балдар өздөрүн мектептин ээси катары сезишет. Бул педагогикалык процесстеги мугалимдин эң чоң жетишкендиктеринин бири болуп саналат.
Гумандуу педагогика баланы окутуу жана тарбиялоодон мурда аны өнүктүрүү зарыл деп эсептейт. Анткени бала бул дүйнөгө жашоого даяр келбейт. Аны жашоого даярдоо, өнүктүрүү керек. Өнүктүрүп окутуу – бул бала менен бирдикте ачылыш жасоо. Өнүктүрүү – баланын табигый шыгын, жөндөмүн жана талантын ачуу, окууга каалоосун жаратуу. Бала өзү жаратылыштын керемети жана чексиз мүмкүнчүлүккө ээ уникалдуу кубулушу. Ал жаратылыштан үйрөнөт жана өнүгөт. Мугалим баланы жаратылыш менен сырдашууга, анын керемет кооздугуна жана сулуулугуна суктанууга, катылып жаткан сырларын ачууга, изилдөөгө, табышмагын жандырууга, дем, күч, кубат жана шык берүүчү касиетине канаат алууга үйрөтөт. Чыгармачылык жана жаратмандык көндүмдөргө ээ кылат. Бала жаратылыш менен гармониялуу байланышта ар тараптуу инсан болуп калыптанат. Шалва Амонашвили: “Мугалим адамдык жылуулуктун нурун чачкан күн болот. Ал билимдин уругун окуучунун эсине жана аң сезимине гана эмес, алардын жан дүйнөсүнө жана жүрөгүнө себет. Анын адамдык жылуулугу азык берүүчү топурак сыяктуу баланын ар тараптан жетиштүү өнүгүүсүнө шарт түзөт,” дейт.
Гумандуу педагогика – бул окуучуну сыйлаган, эркиндик берген, эркин ой жүгүртүүсүнө шарт түзгөн, сабырдуулукту тумар кылып тутунган педагогика. Балага кичинесинен эркиндик беришибиз керек. Биринчи кезекте акыл-эсинин багынып, баш ийип калуусун эмес, акыл-эсин, сөз эркиндигин жана ой эркиндигин камсыздоо зарыл. Ал эми ой эркиндигине жетиш үчүн балдарды ар кандай тыюулардан алыс болушубуз керек. Тыюу бар жерде, чектелүү да бар. Окуучуну жакшы көргөн, сыйлаган, урматтаган мугалим ага инсан катары мамиле жасайт, пикирин жана тандоосун урматтайт, ар кандай талаш-тартыш маселелерди кылдат карап, баланы түшүнүү менен чечим кабыл алат. Аларга өзүнүн дилиндеги оюн, пикирин, мүдөөсүн жана муктаждыгын эркин билдиргенге шарт түзөт. Анткени окуучу коркуп-үркпөстөн, бүжүрөп-корунбастан, чочулабастан, тартынып-кысынбастан, эркин ой жүгүртүп гана терең билим алат. Окуу процесси кызыктуу болуп, окуучулар чыгармачылыкка жана жаратмандыкка үйрөнөт. Натыйжада, бирөөгө баш ийбеген, эркин ой жүгүрткөн, өз алдынча ойлонгон, «жети өлчөп, бир кесип» чечим кабыл ала билген, өз мээси менен аракеттенген, акыл-эсинин, адамдык асыл касиеттеринин күчү менен башкаларга утулбаган, атаандаштыкка жөндөмдүү, дүйнөнүн чексиз экендигин түшүнгөн, ойлонгон, изденген, суроо берген жана ошого жараша иш-аракеттерин шайкеш келтире билген инсан калыптанат.
Гумандуу педагогика баланы багындырып, мажбурлап тарбиялабастан төрт нерсени: кабыл алууну, түшүнүүнү, колдоо жана кубаттоону эске алуу менен балага дайыма эркин тандоого укук берүү керек деп эсептейт.
Гумандуу педагогика балага табиятынан берилген жөндөмдүүлүгүн, өнүктүрүү укугун инсан катары эң маанилүү баалуулук деп билет. Гумандуу педагогика үчүн В.А. Сухомлинскийдин балдарды өзүнө жана башка адамдарга туура мамиле жасоого, туура жүрүш-турушка жана туура жашоого үйрөтүү идеясы өтө маанилүү. Ал мугалимдерге жана тарбиячыларга: “Мектеп турмушундагы эң коркунучтуу кайгы бул баланын жалгыз калуусу, андан оттон корккондой корккула, ” деп кеңеш берген.
Гумандуу педагогика мугалимди баланын табиятынан берилген жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү укугун инсан катары эң маанилүү баалуулук деп эсептейт. Анын мүмкүнчүлүктөрүнө ишенүүнү, аны инсан катары урматтоону, анын табигый жөндөмүн ачууну, жакшылыкка, адилеттүүлүккө кызмат кылууга үйрөтүүнү күнүмдүк ишинин эрежеси катары саноого чакырат. Ал эми боорукердик, мээримдүүлүк, сүйүү менен сүйүү, кубаныч кубаныч менен тарбияланарын, асылдыкты асылдык тарбияларын, инсан инсандан тарбияланарын, болот от менен курчурун, рухтун күчү өмүр деминен өсөрүн, акылмандыкты китептен окуп үйрөнөрүн дайыма көңүлүндө тутуунун зарылдыгын белгилейт.
Гумандуу педагогика жашоодо гуманисттик баалуулуктарды жетекчиликке алган, өзүнүн көз карашын тандап, анын негизинде тандоо жасай алган, өз көз карашынын тууралыгын далилдей билген, көйгөйлөрдү аныктап, чече алган, башкаларга жардам бере алган адамды калыптандырат. Балага да тандоо мүмкүнчүлүгүн берүү зарыл. Балага тандоо мүмкүнчүлүгүн берүү баланын өз ишениминин калыптануусунда чоң орунду ээлейт. Балдар өзү каалап тандап жатканын түшүнүүсү керек. Ошондо гана бала берилип, болгон мүмкүнчүлүктөрүн жумшап, кызыгуу менен аракеттенет. Бул адамдын эң маанилүү жөндөмү – жашоонун бардык тармагында чыгармачыл жана жаратман болуунун ачкычы болуп саналат.
Гумандуу педагогикада мугалим бала менен тең укукта, кызматташтыкта иштейт. Анын көз карашы боюнча бала өмүр жолунун кыска үзүмүндө билим гана албастан, адептүү жана маданияттуу адам болуп торолуп чыгат. Окутуу, тарбиялоо жана өнүктүрүү процессинде мугалим эч качан окуучуга үнүн бийик чыгарып, буйрук бербейт, сылык-сыпаа багыт, кеңеш берет, оңдоп түзөөлөрдү киргизет, айрым маселелерди чечүүдө кеңешет, оюн, пикирин угат.
Гумандуу педагогика – окуучунун инсанына багытталган, анын индивидуалдык кызыгуусун жана жөндөмдүүлүгүн эсепке алып иш жүргүзүүгө көңүл бурган педагогикалык багыт. Ал окуучуну окутуу, тарбиялоо жана өнүктүрүү процессинин аң-сезимдүү жана активдүү катышуучусу катары карайт, белгилүү бир көлөмдөгү маалыматты өздөштүрүүдөн интеллектуалдык сапаттарын ар тараптуу өнүктүрүүгө артыкчылык берет жана окуучуну адам коомундагы жемиштүү ишмердүүлүккө даяр, өз алдынча эркин жана активдүү инсан кылып өстүрүүнү, өркүндөтүүнү, өзүнүн артыкчылыктуу мүмкүнчүлүктөрүн туура жумшоо көндүмүнө ээ кылууну негизги максаты катары коёт.
Гумандуу педагогика – бул чындыктын, жаңылануунун жана чыгармачылыктын педагогикасы. Ал билим берүү иши чындыктын иши болуусу керек, биздин мектебибиз чындыктын, жаңылануунун жана чыгармачылыктын мектеби болуусу тийиш деп эсептейт. Окутуу – тарбиялоо жана өнүктүрүү ишин жүргүзүүдө билим берүүдөгү, тарбиялоодогу жана өнүктүрүүдөгү жетишкендиктерди, мүмкүнчүлүктөрдү, көйгөйлөрдү, анын себептерин аныктап, аны өнүктүрүүнүн максатын коюудан баштап, уюштурууга, ишке ашырууга, баалоого жана натыйжалуулугун камсыз кылганга чейин турмуштук реалдуу чындыкка таянуу зарыл.
Жаңыланууну аракетке келтирүүчү механизм – педагогикалык чыгармачылыкка түрткү берүүчү жаратман жамаат. Бул — пикирдеш, сырдаш, бирдей ой жүгүрткөн, көз караштары окшош, максатташ чыгармачылык жамаат. Адатта бир дагы жамаат өзүнөн-өзү эле түзүлө койбойт. Адамдар идеянын же олуттуу идеяны алып жүргөн жетекчинин айланасына баш кошушат. Идеянын баалуулугун жамааттын түшүнүүсү, анын жамааттын жалпы идеялдарына дал келиши өтө маанилүү. “Идея адамды эр жүрөк жана тайманбас кылат,” – деп В.А.Сухомлинский белгилегендей, идея адамдарды баш коштурат, биргелешип күрөшкө шыктандырат, дем, күч – кубат берет. Идея — куру кыял эмес, ал реалдуу чындыкка негизделген, чыгармачылыкта ишке ашкан жаңылануу. Идея жок жерде пикирдеш, биргелешип ой жүгүрткөн, чыгармачыл жамаат да, жаңылануу да болбойт. Алдынкы тажрыйбаларды, башка бирөөлөрдүн усулун таңылоо, тууроону талап кылуу мугалимдин изденүүсүн токтотот. Жаңы усулдарды күчтөп киргизүүнүн зарылдыгынын кереги жок. Авторитардык ыкмада башкарылган мектептерде бул кадимкидей көрүнүшкө айланган.
Белгилүү бир чакан болобу, чоң болобу улуу идеяга берилип, биригип баш кошкон пикирдеш, сырдаш, бирдей ой жүгүрткөн, көз карашы окшош, максатташ чыгармачыл жамаат гана зарыл түрдө мугалим өзү өз ыкмасын, усулун жаңылантып, өзүн да жаңырта билгендей, максатын ишке ашыргандай, ойлонгудай, ойлонбой коё албагыдай шарт түзөт. Жаңычылдыктын дух көтөрүүчү күчүнө маани берүүгө үйрөтөт. Эгер духовный жогорулаш болбосо, шыктандыруучу башкаруу да болбойт.
Гумандуу педагогиканын башкы максатынын бири – мугалимдердин өз укуктарын баамдап түшүүнүүсүнө жетишүү болуп саналат. Укугу жок педагогдо бедел да болбойт. Эркин, эч кимден кемсинбеген адамдар гана урмат-сыйга ээ болушат.
Гумандуу педагогика – потенциалдуу окуучулардын мүмкүнчүлүктөрүн өз убагында ишке ашырууну көздөгөн педагогика. Бүгүнкү бала мектепке эң чоң потенциал менен келет. Потенциалдуу окуучу – бул жашоодо өзүнүн алдына койгон максатына жетүү үчүн керектүү билим, билгичтик жана көндүмдөргө ээ болууга умтулган жана мотивациясынын эң жогорку деңгээлин көрсөткөн, билим алууга кызыккан жаш адам. Бул айтылгандар реалдуу күчкө айланып, потенциалдуу окуучулук касиеттерге ээ болуш үчүн максаттуу тарбиялоочу, билим берүүчү, калыптандыруучу, өнүктүрүүчү педагогикалык процесс керек. Мектепте потенциалдуу окуучу ким экендигин билип, аны керектүүлүгүн жана кызыгуусун канааттандыруунун максаттуу программасын, жаңы окутуу методикасын түзүп чыгуу зарыл. Бул окуучуларды келечекке коомдук турмушка даярдоо, аны дүйнөнү жана өзүн таанууга, чыгармачыл эмгекке, ийгиликтүү жашоо көндүмдөрүнө, болумушту өзгөртүүгө, маданиятты өнүктүрүүгө жөндөмдүү кылып калыптандырууга багыт алуу дегендикти билдирет.
Гумандуу педагогиканын көз карашы боюнча мектеп – чыгармачылыктын жайы. Чыгармачылык — талыкпас эмгектен, изденүүдөн жаралат. Ал дайыма эрдик жасоону талап кылат. Мектеп – баланы чын дилинен сүйгөн, анын кызыкчылыгы менен өзүнүн кызыкчылыгын органикалык түрдө байланыштырган, жогорку адамгерчиликтин жана баланын ички дүйнөсүн ачып берүүнүн устаттарынын жайы. Демек, бул жерде билимдин сапаты материалды өздөштүрүү менен гана эмес, баланын алган билимин практикада жана турмушта ийгиликтүү колдоно билүү көндүмдөрүнө ээ болуусу менен, жалпы эле инсандык өнүгүүсү менен бааланат. Мугалим балдардын баарына бирдей мамиле жасап, жөндөмүнө карабастан ийгиликке жетүүгө, чын дилинен кызыгып окууга жардам берүүсү, колдоосу зарыл.
Гумандуу педагогика мугалимдин чыгармачылыгына жана өз алдынчалуулугуна эркиндик берген, өзүн-өзү тынымсыз ырааттуу өнүктүргөн, ага убакыт жана башка мүмкүнчүлүк түзгөн педагогикалык процессти колдойт. Окуу программасы канчалык мыкты түзүлбөсүн, анын натыйжалуулугу бир гана мугалимден – анын окутуу стилинен жана балдарга болгон мамилесинен көз каранды.
Орозали САЙДИЛКАНОВ, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, lll даражадагы Манас орденинин ээси
Комментарийлер