БАЛА БАКЧАНЫН ЭРЕЖЕ-ТАЛАПТАРЫ ӨЗГӨРДҮ

  • 02.04.2025
  • 0

Мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги санитардык-эпидемиологиялык эрежелерине өзгөртүүлөр киргизилди. Эми бала бакчалардагы оюн ойноочу жайлар уктоочу жана сабак окуучу жай катары бир максатта колдонулат.

Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымованын айтымында, мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги жаңы санитардык-эпидемиологиялык эрежелер жана нормалар боюнча бир тайпадагы балдардын жаш курагы жана бир тайпадагы балдардын саны да өзгөрүлөт.

— Кыргыз Республикасыпын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги “Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндөгү” №201 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу КР Министрлер Кабинетинин Токтомуна ылайык, бала бакчалардагы орундарга комплектөө жана бала бакчалардагы аянттар боюнча мурдагы талаптар өзгөрүлдү. Тагыраак айтканда, мурда мектепке чейинки курактагы топторду санитардык-эпидемиологиялык талаптарга ылайык комплектөө шарттары бир жаштан үч жашка чейинки курактагы балдар үчүн 20 бала болсо, азыр 25 балага чейин, ал эми үч жаштан жогорку бир топто 30 баладан ашык эмес бала болууга тийиш. Жаш курагы ар кандай балдар болсо жалпысынан 25тен ашык эмес болуусу шарт. Комплектөөдөн тышкары,  жаңыдан курулуп, реконструкцияланып жаткан имараттардын аянттарына коюлган талаптар да өзгөрдү, алсак, кийинип-чечинүүчү жайлар 18 метр2 кем эмес, мектепке чейинки топтор үчүн 16 метр2 кем эмес жана наристе топтору үчүн 12 метр2 кем эмес болот. Андан тышкары бала бакчалардагы ойноочу оюн жайларын бир максатта колдонууга уруксаат берилди. Уктоочу жайлар бүктөлүүчү, жыйналуучу суурма керебеттер менен ж.б. жеңилдетилген  уктоочу жабдуулар менен жабдылса, уктоочу бөлмөлөрдө ойноого жана сабак өтүүгө уруксат берилет. Ошондой эле бул токтом менен учурда иштеп жаткан бала бакчаларда уктоочу жайлар жок болсо, күндүзгү уктоочу бөлмөлөргө трансформациялануучу керебеттерди, бүктөлүүчү суурма, 1-2-3 деңгээлдүү керебеттерди орноштурууга болот. Тагыраак айтканда, изоляцияланган жана жылытылган полдордо, бетинде жөнгө салынуучу температуралык шарттарда, полдордо футондорду жана матрацтарды колдонууга жол берилет, — дейт.

 

Айнагүл КАШЫБАЕВА,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер