Бала бакчалардын жетекчилеринин эмгек акысын жогорулатуу боюнча иш жүрүүдө

  • 06.12.2024
  • 0

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги социалдык тармакта жарыяланып жаткан “Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулайт” деген макала боюнча тактоо киргизди.

Буга чейин  мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин эмгек акысын жогорулатуу сунушталган, ушул эле маселени Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары да көтөрүшкөн.

Бала бакчалардын жетекчилеринин эмгек акысын жогорулатуу боюнча иш жүрүүдө

Ушундан улам министрлик 2025-жылы бала бакчалардын жетекчилеринин эмгек акысын жогорулатуу боюнча иш алып барууда. Каржылоо булактары аныкталып, саясий чечимдер кабыл алынса, кошумча маалымат берилет.

Эске сала кетсек, 2022-жылы мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тарбиячыларынын эмгек акысы 80% жогорулаган.

Бөлүшүү

Комментарийлер