БАЛА БАКЧАЛАР КӨҢҮЛ ЧОРДОНУНДА

  • 28.03.2025
  • 0

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Ош облусунун Өзгөн районундагы «Ханбаян-Нур» жана «Уулбү Асранова» мектепке чейинки билим берүү уюмдарына барды.

Мырзаке айылындагы «Ханбаян-Нур» бала бакчасынын имараты айылдык кеңештин төрайымы Гүлкан Жороеванын демөөрчүлүгү менен 2023-жылы курулган. Азыр анда 140 бала тарбияланууда.

Министр тарбиялануучулар менен баарлашып, тарбиячылар менен жакындан таанышып, мекемеге дайыма колдоо көрсөтүп келген демөөрчү Гүлкан Жороеванын эмгегин жогору баалап, ыраазычылык билдирди.

БАЛА БАКЧАЛАР КӨҢҮЛ ЧОРДОНУНДА

«Министрдин жөнөкөйлүгү, жылуулугу жана балдарга болгон мээрими ар бирибизге терең таасир берди. Бул сапар биздин тарбиячыларга дем-күч берип, ишенимин бекемдеди», – деди аталган мектепке чейинки билим берүү уюмунун жетекчиси Анара Аширбекова.

Андан соң Д. Кендирбаева Шоро-Башат айылындагы «Асранова Уулбү» бала бакчасына барып, балдарга оюн түрүндө тарбия сабагын өтүп, тарбиячылар менен маектешип, аларга баланы тарбиялоо боюнча сунуштарын берди. Бакчанын жетекчилиги тарабынан айтылган көйгөйлөр мыйзам чегинде чечилерин айтты.

БАЛА БАКЧАЛАР КӨҢҮЛ ЧОРДОНУНДА

Аталган бала бакчанын жетекчиси Алибек кызы Наргизанын айтымында, айылдын тургуну Камчыбек Тагаевдин колдоосу менен айыл өкмөтүнүн эски имаратын бала бакчага айландыруу жолу менен уюштурулуп, 2024-жылдын декабрында ачылган. Азыр анда 81 бала тарбияланууда

Бөлүшүү

Комментарийлер