БАЛА БАКЧАЛАРДЫ ЧЕНЕМДИК КАРЖЫЛООГО ӨТКӨРҮҮ КАРАЛУУДА

  • 27.03.2024
  • 0

Минкаб мектепке чейинки билим берүү уюмдарын ченемдик каржылоого өткөрүү жөнүндө токтомдун долбоорун талкууга чыгарды.

Ал мектепке чейинки билим берүү уюмдарын каржылоо боюнча бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүү, мамлекеттик финансылык ресурстарды пайдалануунун натыйжалуулугун камсыздоо максатын көздөйт.

Балдардын тамак-ашын эсептөө нормалары мектепке чейинки мекемелерде 10 саат болуучу үч жашка чейинки курактагы балдар үчүн 85 сом, үч жаштан жогору балдар үчүн 95 сом болсо, мектепке чейинки мекемелерде 24 саат болуучу үч жашка чейинки балдар үчүн 95 сом, үч жаштан жогоруларга 110 сом, ал эми адистештирилген мектепке чейинки мекемелерде 10, 24 саат болуучу үч жашка чейинки курактагы балдар үчүн 95 сом, үч жаштан жогоруларга 110 сом өлчөмүндө белгиленет.

Баланы тамак менен камсыздоого чыгымдарды каржылоо ченемдери Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги белгилеген тамак-аш азыктарынын чыгымынын минималдуу натуралык нормаларынын негизинде эсептелет. Ал эми аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү балдардын санын эсептөөнү Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жүргүзөт.

Билим берүү жана илими министрлигине райондук (шаардык) билим берүү бөлүмдөрүнүн жооптуу кызматкерлерин, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилерин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жооптуу адистерин мектепке чейинки билим берүү уюмдарында ченемдик каржылоону киргизүү маселелери боюнча окутууну жүргүзүү милдети жүктөлөт.

Кошумчалай кетсек, Баткен облусунун мектепке чейинки билим берүү уюмдары республикалык бюджеттен каржыланмакчы.

Бөлүшүү

Комментарийлер