БАЛА БАКЧАГА ВАУЧЕР МЕХАНИЗМИ КИРГИЗИЛДИ
- 18.03.2025
- 0
Мамлекет бир жаштан алты жашка чейинки балдар үчүн ваучердик каржылоо механизмин иштетүүнү баштады. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматында айтылгандай, пилоттук режимде киргизилген бул механизм социалдык жактан аялуу үй-бүлөлөрдүн балдарына арналат.
Анын биринчи этабында пилоттук аймактарга 1000 ваучер берилет. Пилоттук ишке 10 сааттык мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөткөн жеке бала бакчалар тартылат. Республика боюнча 37 районго 1000 квота каралган.
Ваучерди ким алат?
Министрлик ваучер ала турган алты топту белгиледи: биринчиси, 18 жашка чейинки 5 (беш) жана андан көп баласы бар үй-бүлөлөрдүн балдары, анын ичинде асырап алынган балдар; экинчи топто жеке ассистенттин кызматын албаган майыптыгы бар балдар; үчүнчү топто ата-энеси (мыйзамдуу өкүлдөрү) I же II топтогу майып жана ал майыптыгы боюнча ай сайын социалдык жөлөк пул алган балдар; төртүнчү топто ар бир үй-бүлө мүчөсүнө ай сайын кирешеси жакырчылыктын чегинен төмөн болгон аз камсыз болгон үй-бүлөнүн баласы; бешинчи топто үй-бүлө мүчөсүнө эсептегенде жалпы кирешеси 1000 сомдон аз болгон аз камсыз болгон үй-бүлөнүн баласы жана алтынчысы — Баткен облусунун чек арага жакын райондорунда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жетүүгө кыйын жана бийик тоолуу, алыскы райондорунда жашаган жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары.
Ваучерди кантип алат?
- “Балалык” системасында ваучерди алуу үчүн электрондук арызды толтурат: https://balalyk.edu.gov.kg/accelerator/, анда бала жөнүндө маалымат, жеңилдик категориясы жана жашаган жеринин дареги көрсөтүлөт.
- Сиздин арызыңыз айыл өкмөтүнүн же мэриянын социалдык маселелер боюнча комиссиясы тарабынан каралып, баланын ваучер алууга укугу жөнүндө чечим чыгарылат.
- Ваучерди алуу үчүн кезектүүлүк тартиби автоматтык түрдө (реалдуу убакыт режиминде) «Балалык» системасында ваучерди алууга арыз берилген датага жараша түзүлөт жана ата-эненин/мыйзамдуу өкүлдүн жеке кабинетинде чагылдырылат.
- “Балалык” системасында ата-эненин/мыйзамдуу өкүлдүн жеке кабинетин ачуу керек: https://balalyk.edu.gov.kg/accelerator/.
Белгилей кетсек, комиссия чечим кабыл алганда, сиздин балаңызга тиешелүү келишимдер түзүлгөндөн кийин мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөткөн жеке ишкерлерди жана жеке бала бакчаларды каржылоо үчүн колдонула турган уникалдуу код менен ваучер ыйгарылат. Баланын ата-энеси жемыйзамдуу өкүлдөрү өз алдынча жеке бала бакчаны тандай алат.
Ваучер – бул балага берилген минималдуу мамлекет тарабынан кепилденген каржылоо. Ваучердин негизги наркы бир балага айына 2000 сомду түзөт. Ваучердин жогорулатуу коэффициенттери бар, мисалы, жакыр же аз камсыз болгон үй-бүлөнүн баласы үчүн ваучердин баасы 3100 сомду, майып балага 4560 сомду түзөт. Баткен районунун жетүүгө кыйын, бийик тоолуу, алыскы аймактарында жана чек арага жакын аймактарында аймактык коэффициенттер колдонулат.
Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”
Комментарийлер