БАЛА БАКЧАГА ВАУЧЕР КИРГИЗИЛДИ

  • 20.03.2025
  • 0

Мамлекет бир жаштан алты жашка чейинки балдар үчүн ваучердик каржылоо механизмин иштетүүнү баштады. Пилоттук режимде киргизилген бул механизм социалдык жактан аялуу үй-бүлөлөрдүн балдарына арналат.

2025-жылдын 1-январынан 2025-жылдын 31-декабрына чейин өтүүчү I этабында пилоттук аймактарга 1000 ваучер берилет. Ал эми анын II этабы

2026-жылдын 1-январынан 2026-жылдын 1-сентябрына чейин жүргүзүлмөкчү.

Ваучер деген эмне?

Ваучердик каржылоо: ваучер — бул билим алуу үчүн кандайдыр бир суммага чегерилген купон же билет. Бул ваучердин ээси менчиктин түрүнө карабастан  билим берүүчү уюмду тандай алат жана окуу акысын төлөөдө ушул ваучерде көрсөтүлгөн суммага окуу акысын төлөй алат.

Ваучердин базалык наркы бир балага айына 2000 сомду түзөт.

Ваучердин жогорулатуу коэффициенттери бар, мисалы, жакыр же аз камсыз болгон үй-бүлөнүн баласы үчүн ваучердин баасы 3100 сомду, майып балага 4560 сомду түзөт. Баткен районунун жетүүгө кыйын, бийик тоолуу, алыскы аймактарында жана чек арага жакын аймактарында аймактык коэффициенттер колдонулат.

Ваучерлерди төлөөгө арналган каражаттар республикалык бюджеттен каржыланат.

Кандай бөлүштүрүлөт?

Биринчи этапта мамлекет пилоттук аймактарга ваучер үчүн 1000 квота берет. Облустар боюнча алсак, Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош облустарына – 100, Таласка – 10, Ош шаарына – 90, Чүй облусуна жана Бишкек шаарына — 200 орун бөлүнөт.

Мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча пайдаланылбаган квоталар башка аймактарга, анын ичинде пилоттук аймактардын тизмесине кирбеген, бирок кызмат көрсөтүүчүлөрү бар жана ваучерди алууну каалаган балдарга бөлүштүрүлөт. Квоталарды башка райондорго которуу чечими Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен бекитилет.

Пилоттук сынакка кызмат көрсөтүүчү болуп саналган мектепке чейинки билим берүү кызматын көрсөткөн жеке ишкерлер жана балдарды 10 саат убакытка кабыл алган жеке бала бакчалар катыша алат.

Азыркы учурда каттоо жүргүзүлүүчү “Балалык” автоматташтырылган маалымат системасы иштеп жатат, анда жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында ​​менчигинин түрүнө карабастан мектепке чейинки билим берүү кызматын көрсөтүүчү юридикалык жактар жана жеке жактар ​​(жеке ишкерлер) жөнүндө актуалдуу маалыматтык база – юридикалык жана жеке жактардын реестри түзүлөт.

«Балалык» автоматташтырылган маалымат системасы Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги сыяктуу мамлекеттик органдардын ортосунда ваучер алган балдардын категориясына кирген балдарды верификациялоо үчүн маалымат алмашуу процесстерин автоматташтыруу жана интеграциялоо аркылуу мектепке чейинки билим берүү кызматтарын каржылоонун ваучердик механизмин ишке ашырууну камсыз кылат.

Баткен облусунун чек арага жакын аймактарында иш жүзүндө жашаган балдардын тамак-ашына төлөө үчүн ваучердин наркы жана жеңилдиктер республикалык бюджеттен каржыланат.

Кызмат көрсөтүүчүнүн мектепке чейинки билим берүү кызматтарынын наркы ваучердин наркынан ашып кетсе, ашыкча чыгымды төлөө жоопкерчилиги ата-энелерге жүктөлөт.

Кайсы учурда токтотулат?

Пилоттук өткөрүүнүн алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү кеңештердин чечиминин негизинде жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүнө жараша ваучер алуучу балдарга тамак-аш төлөмдөрүнө жеңилдиктерди беришет.

Тамак-ашка төлөө үчүн жөлөкпулдун өлчөмү бир балага күнүнө 36 сомдон кем эмес, ал айына 756 сомду (36 сом х 21 күн) түзөт жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечими менен көбөйтүлүшү мүмкүн.

Ваучерди төлөө жана тамак-аш боюнча жөлөкпулдарды төлөө эки учурда токтотулат. Биринчиси пилоттук келишимдин жана/же мектепке чейинки билим берүү кызматтары жөнүндө келишимдин мөөнөтү аяктаганда жана/же жокко чыгарылганда жана экинчиси кызмат көрсөтүүчү ишин токтоткондо.

Эгерде бала башка аймакка көчүп кетсе же өз аймагындагы мектепке чейинки билим берүү мекемесин алмаштырса, ваучер жокко чыгарылат. Ошондой эле бала себепсиз бала бакчага барбай койсо эскертүү берилип, эгер бала бакчага барганды кайтадан үзгүлтүккө учуратса бул учурда да ваучер токтотулат. Ата-эне айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча комиссиясы же мэрия аркылуу кайрадан каттоо процедурасынан өтөт.

Кантип алат?

Ваучер алуунун 4 жолу бар:

  1. “Балалык” автоматташтырылган маалымат системасында ваучерди алуу үчүн электрондук арызды толтурат. Анда бала жөнүндө маалымат, жеңилдик категориясы жана жашаган жеринин дареги көрсөтүлөт.
  2. Арыз айыл өкмөтүнүн же мэриянын социалдык маселелер боюнча комиссиясы тарабынан каралат жана жолдомо алган балдарга автоматтык түрдө уникалдуу персоналдаштырылган код ыйгаруу менен баланын талон алууга укугу жөнүндө чечим кабыл алат.
  3. Ваучерди алуу үчүн кезектүүлүк тартиби реалдуу убакыт режиминде автоматтык түрдө “Балалык” системасында ваучерди алууга арыз берилген датага жараша түзүлөт жана ата-эненин же мыйзамдуу өкүлдүн жеке кабинетинде чагылдырылат.
  4. Ваучерди алганы тууралуу маалымат “Балалык” автоматташтырылган маалымат системасындагы ата-эненин жеке эсебине жөнөтүлөт.

Дагы бир ата-энелер үчүн маанилүү маалымат: ата-энелер балдарын кайсы бала бакчага алып барарын өз алдынча тандай алат.

ким алат?

Билим берүү жана илим министрлигинин бюджеттик саясат жана финансылык анализ башкармалыгынын башкы адиси Алмазбек Нишараповдун айтымында, ваучер ала турган алты топ болот.

— Биринчиси, 18 жашка чейинки беш жана андан көп баласы бар үй-бүлөлөрдүн балдары, анын ичинде асырап алынган балдар; экинчи топко жеке ассистенттин кызматын албаган майыптыгы бар балдар; үчүнчү топко ата-энеси же мыйзамдуу өкүлдөрү бар I же II топтогу майып жана ал майыптыгы боюнча ай сайын социалдык жөлөк пул алган балдар; төртүнчү топко ар бир үй-бүлө мүчөсүнө ай сайын кирешеси жакырчылыктын чегинен төмөн болгон аз камсыз болгон үй-бүлөнүн баласы; бешинчи топко аз камсыз болгон үй-бүлөнүн баласы жана алтынчы топко Баткен облусунун чек арага жакын райондорунда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жетүүгө кыйын жана бийик тоолуу, алыскы райондорунда жашаган жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары кирет, — дейт адис.

Анын айтымында, тиешелүү келишимдер түзүлгөндөн кийин ваучер менен кошо мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөткөн жеке ишкерлерди жана жеке бала бакчаларды каржылоо үчүн колдонула турган уникалдуу код ыйгарылат.

Айнагүл КАШЫБАЕВА, 

 

“Кут Билим”

Комментарийлер