БАЛА БАКЧАЛАРДЫ КӨБӨЙТҮҮ АМАЛДАРЫ

  • 06.03.2024
  • 0

Билим берүү жана илим министрлигинин “2023-жылдын жыйынтыгы жана КР Билим берүү жана илим министрлигинин 2024-2026-жылдардагы пландары” талкууланган жыйында билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева бала бакчаларды ачууда чоң тоскоолдуктарды жаратып келген лицензиялоо жокко чыгарылып, билим берүүдө мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүүгө басым жасалганын белгиледи. 

Балдарды бала бакча менен камсыздоо билим берүүдөгү эң артыкчылыктуу багыт болуп калууда. Жакынкы жылдары бала бакчалардагы кыска мөөнөткө гана колдонулуп келген уктоочу бөлмөлөрдү оптималдаштыруу, өкмөттүк акселерация программасын жайылтуу жана үч сааттык кыска мөөнөттүү бала бакчалардын жардамы менен балдарды мектепке даярдоо көрсөткүчүн 40% жеткирүү максат кылынууда. Азыркы учурда бул көрсөткүч болгону 26,4% түзөт.

Уктоочу жайларды оптималдаштыруу — учур талабы

Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы боюнча учурда 1834 бала бакча бар. 2022-жылга салыштырмалуу 122 бала бакчага көп жана мурдагыдан 20 миң бала көбүрөөк барып жатат, б.а. мектепке чейинки курактагы бардык балдардын 26,4 пайызы бала бакчага барат, бул өткөн жылга салыштырмалуу 2,5%ке жогору болду.

Акыркы эки жылда бала бакчалардагы уктоочу жайларды оптималдаштыруунун (билим берүү мейкиндигине айландыруу) натыйжасында дагы жаңы орундар пайда болмокчу. Расмий маалыматка ылайык, учурда бала бакчаларда кыска мөөнөткө, тагыраак айтканда, эки саат балдар уктаган учурда эле пайдаланылган 4900 уктоочу бөлмө бар. Ошол бөлмөлөрдү оптимизациялоонун натыйжасында, 120 миң бөбөк бала бакчага баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болору күтүлүүдө. Маселен, Бишкектеги №1 “Шоола” бала бакчасында бөлмөлөрдү оптималдаштыруунун жардамы менен тайпалардын саны 50 пайызга көбөйүп, электрондук кезекте тургандардын саны да 50%ке азайган. Мына ушундай оптимизациялоо жолу менен Нарын шаарындагы бөбөктөрдүн 53,3 пайыз бала бакча менен камсыздалып, 500 бала бакчага баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Нарын шаарынын вице-мэри Элнура Асангазы кызынын айтымында, жыл аягына чейин дагы 300-400 бөбөк бала бакчага бара баштайт.

БАЛА БАКЧАЛАРДЫ КӨБӨЙТҮҮ АМАЛДАРЫ

Сүрөттө: Нарын шаарындагы бала бакчалардын уктоочу бөлмөлөрүндөгү керебеттерди мына ушундай жыйнап, керек учурда жазып койсо болот.

«Өкмөттүк акселераторлор» кандай жеңилдиктерди берет?

2023-жылдын 4-майындагы “Жеке ишкерлер тарабынан турак жайларда мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдө окутуунун, аттестациялоонун жана кабарлоонун тартибин бекитүү тууралуу” ведомстволор аралык буйругу жарык көргөн. Анын негизинде Бишкектин эки районунда пилоттук деңгээлде “Өкмөттүк акселераторлор» программасы боюнча 800 адам окутулуп, 570 адам сертификат алган. Жалпы 262 жеке ишкер катталган.  Мурда талап кылынган лицензия жоюлуп, бала бакча ачууну каалаган ишкерлер өрт өчүрүү жана санитардык-эпидемиологиялык кызматтардан алынган маалымкаттардын негизинде кабарлоо жолу менен ача алат. Ошондой эле үй тибинде бала бакча ачкан ишкерлер салык төлөөдөн бошотулат.

БАЛА БАКЧАЛАРДЫ КӨБӨЙТҮҮ АМАЛДАРЫ

Сүрөттө: Бишкектеги жаңы конуштардын биринде «Өкмөттүк акселераторлор» программасынын жардамы менен ачылган үй тибиндеги бала бакча.

Учурда үй тибиндеги бала бакча ачуу демилгеси республикада кеңири жайылууда. Ушундай ыкма менен ачылып иштеп жаткан 42 бала бакчада 1000ден ашык бала тарбияланат. Алсак, Бишкек шаарында жалпысынан 36 (Биринчи Май районунда — 18, Ленин районунда — 18) ачылса, Чүй облусунда бирөө, алыскы Баткен облусунун Баткен районунда эки жана Лейлек районунда эки жеке менчик бала бакча ачылган. Баткен шаарында эже сиңди Махабат жана Ибадат Алимова ачкан “Интеллект-Баткен” билим берүү борборунда мектеп жашына чейинки балдардан тышкары кошумча окуулар, курстар ачылып, алды республикалык, эл аралык деңгээлде ийгиликтерди жаратып жатат. Ал айымдар акселераторлор программасынын жардамы менен каражат таап, тапкан кирешелерин кайра эле балдардын билим алуусуна жумшайт.

Жеке менчик бала бакчаларды мындай ыкманын жардамы менен ачуунун негизинде аял ишкерлиги колдоого алынып, аларды мамлекет өзү каржылоого алуу жагы да каралууда.

“Мобилдик бала бакча” долбоору ишке ашты

Бала бакчалардын жетишсиздигин чечүү, эки жаштан жети жашка чейинки балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтуу, өзгөчө жаңы конуштардагы балдарды мектепке даярдоо максатында Билим берүү жана илим министрлиги Бишкек шаарындагы Ленин райондук мамлекеттик администрация жетекчилиги жана И.Арабаев атындагы КМУ менен бирдикте борбор калаабыздын Арча-Бешик жаңы конушундагы №79, №93 жана №97 мектептердин базасында «Мобилдик бала бакча» долбоорун ишке ашырды.

БАЛА БАКЧАЛАРДЫ КӨБӨЙТҮҮ АМАЛДАРЫ

Учурда республика боюнча бала бакча жетишсиз аймактарда, айрыкча, айылдарда Дүйнөлүк банктын каражатына кыска мөөнөттүү бала бакчаларды ачууга даярдыктар кызуу жүрүп жатат. Тандалып алынган 560 объектинин 276сында оңдоп-түзөө иштери аяктап, калган объектисинде ирети менен оңдоп-түзөө иштери уланууда. Билим берүү жана илим министрлиги ишке ашырып жаткан бул долбоордун алкагында жергиликтүү бийлик өзү сунуштап, тизмеге кирген имаратты ремонттон өткөрүп, балдар үчүн санитардык-гигиеналык шарттарды түзүп берет. Ал эми Дүйнөлүк Банк заманбап балдар аянтчасын бала бакча үчүн керектүү болгон бардык каражаттар, алсак, шкаф, стол, стул, килем, оюнчуктар, окутуу-өнүктүрүү куралдары жана тарбиячы үчүн колдонмолор менен камсыздайт. Азыркы күндө 144 обьектиде эмеректер орнотулуп, 289 объектиге оюнчуктар, өнүктүрүү куралдары жеткирип берилди. Заманбап балдар аянтчаларын орнотуу иштери аба ырайы шартына карап жүрүп жатат.

Аймактар боюнча алып карасак, Ош облусунда — 56, Жалал-Абад облусунда — 85 жана Чүй облусунда – 3 имарат кыска мөөнөттүү бала бакчага ылайыкташтырылган. Ошондой эле бул бакчаларга жаңыдан жумушка алына турган 700 тарбиячы окутуудан өтөт. Тарбиячылар тренингдин биринчи этабынан өтүштү. Бала бакчалардын жетекчилеринин жогорку кесипкөй кадрларын түзүү максатында тиешелүү сынакты уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоору иштелип чыкты. Мамлекеттик жана муниципалдык, ошондой эле жеке менчик бала бакчалардын 500 директору мектепке чейинки билим берүү тармагына тиешелүү ченемдик укуктук актылар боюнча окуудан өтүштү, негизги көңүл санитардык эрежелерге жана ченемдерге бурулду. 2024-2026-жылдарга билим берүү системасын өнүктүрүүгө 7 багыттын биринчи багыты мектепке чейинки билим берүү жана балдарды эрте өнүктүрүүгө арналат. Анын максаты — 2024-жылы мектепке чейинки билим берүү менен 40% камтуу; мектепке чейинки билим берүүнүн профилдик институтун ачуу; 560 кыска мөөнөттүү бала бакча ачуу; жеке үй-бүлөлүк бала бакчаларда мамлекеттик эмгек акы төлөп берүү (Өзбекстандын мисалында); 4909 уктоо жайларын окуу жайларына оптималдаштыруу, 41 миң баланы кошумча камтуу үчүн жылына 1636 топ ачуу; каржылоонун жаңы моделин (ваучерлер, купондук система) киргизүү; укук коргоо органдары, санитардык-эпидемиологиялык түзүмдөр менен биргеликте бала бакчалардын ишине биргелешкен мониторинг жүргүзүү жана мамлекеттик курулуш менен бирге жаңы СНИПтер жана эко-бала бакчаларды ачуу.

 

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер