БАЛА БАКЧА 53 МИҢ СОМДУК ЖАБДЫКТАР МЕНЕН КАМСЫЗДАЛДЫ

  • 06.02.2023
  • 0

Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Жерге-Тал айылындагы «Аруу-Нур» бала бакчасына жергиликтүү жашоочулар керектүү жабдыктарды алып беришти.

БАЛА БАКЧА 53 МИҢ СОМДУК ЖАБДЫКТАР МЕНЕН КАМСЫЗДАЛДЫ

Аталган бала бакчанын директору Айгүл Чылымованын айтымында, жергиликтүү жашоочулар сыналгы, оюнчук, медициналык каражаттарды алып берип, видеокөзөмөл койдуруп беришти. Буга жалпы 53 миң 578 сом сарпталган.

БАЛА БАКЧА 53 МИҢ СОМДУК ЖАБДЫКТАР МЕНЕН КАМСЫЗДАЛДЫ

— Бала бакчада жакын аралыкта жайгашкан айылдардагы бала бакчалардын тарбиячылары, музыканттары, эмчи айымдары жана көмөкчү чарба жумушчулары арасында сабак өтүүдөгү жаңы ыкмалар, функционалдык милдеттерин тактоо, иш кагаздарынын жүргүзүлүшү, иш жүргүзүүдөгү айырмачылыктар боюнча тажрыйба алмашуу болуп өттү, — деди А. Чылымова.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер