БАКЕН КЫДЫКЕЕВАНЫН ЧЫГАРМАЧЫЛЫК МУРАСЫ

  • 23.10.2023
  • 0

Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде СССРдин эл артисти, кыргыз театр жана кино дүйнөсүнүн кайталангыс жаркын таланты, чыгаан актриса Бакен Кыдыкееванын 100 жылдык мааракесине карата “Бакен Кыдыкееванын чыгармачылык мурасы” аттуу илимий-практикалык конференция өттү.

БАКЕН КЫДЫКЕЕВАНЫН ЧЫГАРМАЧЫЛЫК МУРАСЫ

Конференцияга Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин 1-орун басары Кайрат Иманалиев, КР театр ишмерлер союзунунун төрагасы Жаныш Кулмамбетов, Кыргыз театрынын ардагери, КРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмер Абаз Сырымбетов, КРдин эл артисттери Анара Сыдыгалиева, Шайгүл Алсейитова, Тынара Абдразаева, Жамиля Сыдыкбаева, Темирлан Сманбековдор, театр ишмерлери, жана КММИУнун жамааты, студенттери катышты.

Театр адистери, замандаштары Б.Кыдыкееванын чыгармачылыгы, инсандык бийик сапаттары, аткаруучулук чеберчилиги тууралуу эскерип, баяндамаларды жасашты.

— Б.Кыдыкеева төрт тарабы төп келген, улуу жаратман талант болгон. Анын өмүр-чыгармачылыгы театр тармагында билим алган студенттер үчүн атайын предмет катары окутууга татыйт. Окуу жайда бүгүнкүдөй саамалык жыл сайын уланып, залкар таланттын туулган күнүнө карата эскерүү иш-чарасын уюштуруп турууну суранат элем. Бул студенттер үчүн баалуу маалыматтарды камтыган бир курс сабакка тете болот. Бүгүнкү конференциянын уюштурган КММИУнун жалпы жамаатына, Театр ишмерлер союзуна терең ыраазычылык билдирем, – деди министрдин орун басары К.Иманалиев.

Конференциянын жүрүшүндө белгилүү режиссер Асанкожо Айтикеевдин “Сахна жылдызы” аттуу даректүү тасмасы көрсөтүлдү.

Эскерте кетсек, КММИУнун “Маданият жана Искусство жарчысы” аттуу илимий журналынын кезектеги саны бүтүндөй Б.Кыдыкеевага арналып чыгууда.

20-октябрда залкар талант Б.Кыдыкеева 100 жашка чыкмак.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер