“БАГЫТТЫН” БИЛИМ АЛУУЧУЛАРЫ БАЛДАР ҮЙҮНӨ БАРЫШТЫ
- 18.04.2023
- 0
«Багыт» академиясынын билим алуучулары Ош шаарындагы түштүк аймагы боюнча балдарды жана үй-бүлөнү калыбына келтирүүчү атайын адистештирилген борборуна барып, даярдаган белектерин тапшырып кайтышты.
Академиянын билим алуучулары ал борбордо дарыланып жаткан балдардын ден соолугун калыбына келтирүүдө вирусту өлтүрө турган рецеркулятор, акыл-эсти өстүрүүчү электрондук шаймандарды алып барышты жана ошондой эле, бардык балдарга жага турган оюнчуктарды жана шириндиктерди таратып беришти.
“Багыт” академиясы 2021-жылы гуманитардык-технологиялык колледжинин кыргыз тили жана адабияты окутуучусу Надилбек кызы Бегимай тарабынан түзүлгөн. Академияда студенттерге аксиология, психология илими, кыргыздын нарктуулугун таануу, өзүн-өзү өнүктүрүү, акыл эмгек маданияты боюнча акысыз сабактар берилет.
Бул академияда учурда 200гө жакын студент билим алат.
Асылзат ЭРГЕШОВА,
ОшТУнун басма сөз катчысы.
Комментарийлер