БААТЫР АГАЙ БАЯНЫ

  • 15.05.2023
  • 0

БААТЫР АГАЙ БАЯНЫ

Мугалимдик кесиптеги талыкпаган мээнеткечтиги, чыгармачыл демилгелери, окуучуларынын мыкты жетишкендиктери үчүн СССРдин тушундагы эӊ жогорку сыйлыктардын бири болгон Социалисттик Эмгектин Баатыры наамына арзыган Апыш Койчумановдун туулганына быйыл 100 жыл толот. Үлкөн устат жөнүндө жакында акын Өскөнбай Бердибаевдин “Түбөлүк өчпөс издер (Эскерүүлөр жана ой толгоолор)” аттуу китеби жарык көрдү.

Мааракенин шаӊы менен баатыр мугалимдин балдары жана неберелери Ак-Моюн айылынын көчөлөрүнө чырак орнотуу, мектеп оӊдоодон өткөрүү үчүн каржылык жардам бермекчи.

БААТЫР АГАЙ БАЯНЫ

Китептин автору Ак-Моюндагы мектептин мугалимдери жана китепканачысы менен

 

Тоолор көрүшкөндө

 

Кыргызда “эки тоо көрүшпөйт, эки адам көрүшөт” деген макал бар. Калетсиз чындык. Бирок бир тоону көргөндө өзүнүн туулган жерин эстеген тоолуктун жан дүйнөсүндө рухий бийиктиктер кездешет экен. Акын катары тааныла баштаган сарыколдук (Тажикстандагы Мургап районунун аймагы эзелтен Сарыкол аталып келген) акын Өскөнбай Бердибаев алыскы Ат-Башыга аттанып чыкканын,  абдан толкундануу менен баяндаптыр. Ал Теӊир-Тоону аралап баратып, өзү туулуп өскөн Памирдеги аскасы көк тиреген тоолорду эстейт.

Автор кучак жая тосуп алган тоолуктардын пейилине чексиз ыраазы болот. Баатыр мугалимдин жакындары, жердештери, шакирттери мектепке чогулуп келип, ал жөнүндө билгендерин айтып бергенде, ушундай руху бийик инсандын өрнөгү кандай таасирдүү болгонуна ынанат.

 

Бир жарым миӊдей көргөзмө курал

 

Апыш Койчуманов агай мугалим жана сүрөтчү кол өнөрчү да болуптур. Жаныбарлардын сүрөтүн тартканда түгүн, жүнүн, тал канаттарын желимдеп жабыштырып, ар кайсы сабактарда колдонуп жүргөн экен. Агай окуучуларды сабакка кызыктыруу максатында беш жарым миӊдей көргөзмө куралды өз колу менен даярдаган.

 

Апыш Койчумановдун өмүр жолу

 

1923-жылы Ак-Моюн айылында (азыркы Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу) дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. 1940-жылы өз айылындагы жети жылдык мектепти бүтүргөн соӊ башталгыч класстын мугалими болуп иштеген. Ал фронтко чакырылып, Ата Мекендик согушка катышып, эки жолу жараат алган. 1945-жылы декабрда демобилизацияланып, мектепте иштөөнү уланткан.

1973-жылы Фрунзедеги Маяковский атындагы педагогикалык институттун педагогика-методикалык факультетинин башталгыч мектептерде окутуу кафедрасында сырттан окуу бөлүмүндө жогорку педагогикалык билим алган.

Окуучуларды тарбиялоодогу жана коммунисттик тарбиялоодогу зор эмгеги үчүн СССР Жогорку Советинин Президиумунун 1978-жылдын 27-июнундагы Указы менен ага “Социалисттик Эмгектин Баатыры” деген наам ыйгарылган. Андан сырткары “Ленин” ордени, «Орок жана Балка» алтын медалы, “Каармандыгы үчүн” медалы жана “Кызыл Жылдыз” ордени менен да сыйланган.

1984-жылдын июль айынын башында А.Койчуманов жол кырсыгынан каза болгон.

Сыйлыктары:

Социалисттик Эмгектин Баатыры, “Кызыл Жылдыз” ордени, «Аскердик артыкчылыгы үчүн» медалы, «Даңк» медалы.

Апыш Койчумановдун ысымы өзү сабак берген мектепке жана Ак-Моюн айылындагы көчөлөрдүн бирине ыйгарылган. Улуу устаттын айкели айылда жана имараттын жанында, ошондой эле Ат-Башы айылында орнотулган.

Жубайы Эсенкожоева Жумакадыр менен Апыш агай 4 уул, 5 кыз, 35 небере, 73 чөбөрөлүү болушкан.

 

“Мугалим” даректүү тасмасы

 

Апыш Койчуманов агай жөнүндө «Мугалим» даректүү тасмасы 1982-жылы “Кыргызфильм” киностудиясында тартылган. Сценарийдин автору: В.Юраов. Режиссёру: А.Айтикеев. Бул тасмада чыгаан устаттын окуучуларга жасаган жылуу мамилеси, адамгерчилмк асыл сапаттары, талыкпаган ак эмгеги, бийик адамгерчилик сапаты даана көрсөтүлгөн.

 

Атаӊды көргөн өлбөсүн

(Баатыр мугалимдин жакындары, жердештери эскерет)

БААТЫР АГАЙ БАЯНЫ

Өскөнов Мурзакул:

— 88 жаштамын. Апыш Койчумановдун жакын инисимин.

Үйүндө бир бөлмөсү толо өз колу менен жасаган окуу куралдары, көрсөтмө каражаттар болчу.

 

Азизова Бурул:

— Апыш Койчуманов атындагы мектепте 28 жыл эмгектендим, ал эми устатыбыз менен чогуу 12 жыл чогуу иштедим. Ал кезде кошуна турчубуз. Агай экөөбүз ар дайым мектеп боюнча кеңешип сүйлөшчүбүз. Өтө эмгекчил, билимдүү жакшы адамдардан болчу. Эртең менен таңкы саат төрт-бештерде туруп алып сүрөт тартчу, бирдемелерди сомдоп, узана берчү – усталык, сүрөтчүлүк өнөрү бар эле. Ар бир сабакты өзүнчө көргөзмө куралдары менен өтчү. Өзү жасаган көрсөтмө куралдарын мага эсептетип, баарына штамп бастырып, номер койдурчу.

Агай өтө шашма, бир иш бүтпөй калса жаны жай алчу эмес эле. Мектептин же окуучулардын иши үчүн ичкен ашын жерге койгон киши эле жарыктык. Өз кесибин өтө берилип сүйөөр эле. Агай сабактарды колдонмо куралсыз өтчү эмес.

 

Бектурганов Мамбетемин, билим берүүнүн отличниги:

— Апыш агайдын алгачкы окуучуларынан болом. Жай айларында ал Нарын облусундагы мугалимдерди атайын окутуп жүрдү. Андан кийин министрликтин өтүнүчү менен Бишкекке (ал кездеги Фрузнеге) келип, телевидение аркылуу атайын сабактарды берип жүрдү.

 

Ахунов Абдыкадыр:

— Апыш Койчуманов агай менен 1978-жылдан баштап чогуу иштештим. Ал кезде Базаркулов деген агартуу министри эле, ошол киши агайды өзү тандап, анын көп балалуу мыкты ата, үлгүлүү үй-бүлөнүн башы, согуштун ардагери, жөнөкөй, талыкпаган мээнеткеч адам экендигин, элет жериндеги мектепте билим сапатын кескин жакшыртууга жетишкен өжөрлүгүн, эл-журттун алдындагы кадыр-баркын эске алып, көп жылдык эмгегинин натыйжаларын иликтеп көргөн соӊ министрлик Социалдык Эмгектин Баатыры наамына талапкерлигине көрсөткөн. Толугу менен татыктуу экендиги далилденгенден кийин бул наамды  1978-жылы  алган. Кийинки жылы министр өзү  келип  1930-жылы жылы салынган эски имаратты көрүп баатырдын  мектеби  атына-заты татыктуу болушу керек деп жаңысын курууга демилге көтөргөн.

Апыш агайдын бир да жолу кейип  кепчигенин  же  нараазы  болгонун  көрбөдүм,  кандай  түйшүктүү  эмгек  үстүндө  болсо  да  токтоолук, сабырдуулук менен баарын жеңип жүрдү. Чыныгы өз эмгегинин үзүрүн көрүп, чоң  сыйлыкты  алгандан  кийин  да мурдагысындай жөнөкөй бойдон жүрдү, эч качан бой көтөргөн жок. Агайдын  эмгеги,  баскан  жолу  өз  кесибинин  чыныгы  баатыры  болушу  көп  адамдардын  мугалимдердин, окуучулардын тагдырын жакшы жакка бура алды.

Агайды көрүп көп адамдар үлгү алды, түзөлдү, оңолду.

 

Устаттарын барктаган улуттун келечеги кеӊ

 

Кыргызстанда Социалисттик Эмгектин Баатыры деген бийик наамга эки гана мугалим ээ болгон: Кочкор районунан Көкөбай Мамбеталиев жана Ат-Башы районунан Апыш Койчуманов.  Совет доорунда таанылган бул устаттар жөнүндө көп жазылган, айтылган, алдыда дагы далай сөз болору бышык.

Бул ирет азыркы агай, эжейлерди кадырлап алуу зарылдыгын гана белгилеп коёюн. Кайра куруу мезгили келгенде “Останкинодо” атактуу жазуучулар, артисттер менен катар элге кеңири таанылган жаңычыл мугалимдер менен да кездешүү өткөрүлгөн. Залдан: “Эмне үчүн эмгек баатыры сыяктуу наамдар, мамлекеттик маанидеги сыйлыктар мугалимдерге берилбейт?” – деп сурагандарга донецкилик жаӊычыл мугалим Виктор Шаталов минтип кайра суроо менен жооп берген: “Ушул залда отургандардан кимиңер өз кесиптештериңерди бул сыйлыкка көрсөтүүгө демилге көтөрдүңөр?”

Азыркы кезде сыйлык, наамдар канчалык калыс ыйгарылып жатат? Бул чөйрөдөгү мителерди кантип жок кыла алабыз? Бир барак алкыш каттан баштап эмгек сиӊирген мугалим наамына чейин татыктууларды кимдер аныктап, убагында сыйлоо үчүн жоопкерчилик көтөрүп жатат?..

 

Даярдаган Жолдош Турдубаев

Бөлүшүү

Комментарийлер