БААРЫН КОЮП МАНАСТЫ АЙТ!

  • 04.12.2024
  • 0

Быйыл өлкө аймагында Кара-Кыргыз автоном облусунун 100 жылдыгы жана залкар манасчы Саякбай Каралаевдин 130 жылдыгы кеӊири белгилүүдө. Маарекеге карата “Манас” улуттук академиясы тарабынан бир катар иш-чаралар мерчемделген. 24-ноябрда Саякбайдын варианты боюнча манасчылар сынагы өттү. Ага улай Саякбай Каралаевдин 3 томдук чыгармалар жыйнагынын бетачары болду. 2-3-декабрь күндөрү Бишкек шаарында өткөн манас таануучулардын форумунда улуттук көркөм дөөлөтүбүздүн туу чокусу болуп саналган “Манас” эпосун кеӊири жайылтуу маселеси талкууланды. Ал эми 4-декабрда “Манас” эпосунун күнүнө арналган дагы бир жыйынтык иш-чара өткөрүлүп, анын жүрүшүндө КР Садыр Жапаров кыргыз элине кайрылуу жасады. Эмесе, ошого назар салалы…

Президент Садыр Жапаров:

„МАНАС“ БАР – ДЕМЕК ТАРЫХЫБЫЗ,  ЭЛИБИЗ, МАМЛЕКЕТИБИЗ БАР!

Уюткулуу журтубуздун улуу мурасы, элдүүлүгүбүздүн башаты, кылымдарды карытып келе жаткан рухий кенчибиз – “Манас”. Сиздерди “Манас” эпосунун күнү менен чын дилимден куттуктайм!

“Манас” үчилтиги – кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн символу! Элибизди эркиндикке шыктандырып келген эпосубуз улутубуздун намысын ойготуп, биримдикке чакырып, ар кандай сыноолордо журтубузга тирек болуп, өлкөбүздүн эбегейсиз зор энчисине айланды.

Бүгүнкү Кыргызстан – дүйнөгө жаңыча мүнөз менен эшик ачкан, коңшулары менен тең ата сүйлөшүп, мамлекеттик принциптери, саясий эрки менен кыска аралыкта өнүгүүнүн жаңы экономикалык моделин көрсөткөн өлкө. Мындай мамлекетте негизги көңүл илим менен маданиятка бурулат.

Залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов жазгандай, байыркы кыргыз рухунун туу чокусу болгон “Манас” эпосун кайрадан дүйнөгө даңазалоого убакыт келди, бар ибаратыбызды жайып, руханий дасмиябызды даназалоого мүмкүнчүлүгүбүз жетет. Дүйнө өзгөрүп, жасалма интеллект каптаган азыркы кырдаалда элибиздин феномени менен улуттук иденттүүлүгүбүздү сактап, элдүүлүгүбүздү бекемдей алабыз.

Бул багытта Улуттук илимдер академиясындагы “Манас” эпосунун отуздан ашуун вариантын санариптештирип, элге жарыялап, аларды окумуштууларыбыз түрдүү багытта изилдеп жатышкандыгы кубаттоого арзыйт.

Улуттук “Манас” театры өлкөбүздүн аймактарында, чет жактарда да өзүнүн борборлорун ачып, улуттук сыймыгыбыз “Манас” эпосун жайылтууга, дүйнө элине таанытууга жаңы кадамдарды таштады. Ошондой эле “Манас” улуттук академиясы да мына ушундай дымактуу иштерди илгерилетип, эл аралык алкакка чыкканы турат. Ал эми  Таластагы “Манас Ордо” комплексин жаңылоо долбоорлору иштелип жатканын билесиздер.

Кыргыз элинин кайталангыс руханий мурасы – „Манас“ дастанына аяр мамиле жасоо, аздектөө, ар тараптан изилдөө, даңазалоо Кыргызстандын өнүгүшүнө чоң түрткү берет.

Улуу өнөрдү туу туткан манасчылар, кадырлуу калк жакшылары, ата-бабаларыбыз калтырган таберикти кастарлап, ага таазим кылып, даңктай билели. „Манас“ бар – демек тарыхыбыз, элибиз, мамлекетибиз бар!

УЛУТТУК НАРК, НАКЫЛГА КАРК САЯКБАЙ

Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада Кара-Кыргыз автоном облусунун 100 жылдык жана залкар манасчы Саякбай Каралаевдин 130 жылдык маарекесине арналып чыгарылган “Манас” эпосунун 3 томдук китебинин бетачары болду. Китеп кыргыздын элдик чыгармачылыгын кастарлаган окурмандардын калыӊ катмарына багытталган. “Манас” улуттук академиясы тарабынан уюштурулган иш-чарага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов баштаган мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, окумуштуулар менен манас таануучулар, окурмандар менен адистер катышты катышты.

БААРЫН КОЮП МАНАСТЫ АЙТ!

Белгилей кетсек, Саякбай Каралаев 1894-жылы Ысык-Көлдүн Ак-Өлөӊ айылына жакын Семиз-Бел конушунда туулган. Жаш кезинен манасчылык өнөрдү карманат. Атактуу манасчы Чоюке Өмүр уулунун көздөй шакирти. 1936-жылдан тарта Филармонияда артист катары иштей баштаган. Кыргыз ССРинин эл артисти. “Манас” эпосунун толук варианта ошол кишиден жазылып алынган. Ал Манастын Кенен, Алымсарык, Кулансарык сындуу алты атасына чейин жеткире айткан.

Жазылып алынган колжазманын жалпы көлөмү – 500 миӊ 553 сап. “Манас” эпосу – дүйнөдө көлөмү жагынан да, чыгармачылык көркөмдүгү жагынан да теӊдешсиз чыгарма. Маселен, гректердин «Илиада» жана «Одиссеясынан» 20 эсе, парсылардын «Шахнамесинен» 5 эсе, индиялыктардын «Махабхаратынан» 2 эсе чоӊ, накта чыгармачылык көркөмдүгү жагынан да алардан өтсө өтөт, асты кем калбайт.

БААРЫН КОЮП МАНАСТЫ АЙТ!

Андан тышкары, Саякбай Каралаев акын жана аӊгемечи катары да белгилүү. Акыркы мезгилде ал кишинин чыгармачылыгынын ушул жагы эмнегедир унутта калып барат. Ал бизге кыргыздын эӊ байыркы, алтургай “Манастан” мурда жаралган “Эр Төштүк” эпосун калтырды. Ошондой эле, “Канаттуу куштар”, “Бүркүттөр”, “Тулпарлар”, “Карамолдо” сындуу ондогон мыкты чыгармалары бар. Мектеп программаларында анын дал ушу накылга карк чыгармаларынын окутулушу кажет.

МАНАСЧЫЛАРДЫН МААНИСИ ЖАНА ШААНИСИ

Ордо калаада Кара-Кыргыз автоном облусунун 100 жылдыгына жана залкар манасчы Саякбай Каралаевдин 130 жылдык маарекесине арналган манас таануучулардын эки күнгө созулган форуму өттү. Иш иш-чарага баш-аягы жүздөн ашуун адам катышты. Арасында мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, академик Абдылдажан Акматалиев, Жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев, Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Мелис Мураталиев, эл жазуучусу Асан Жакшылыков, манас тануучу Шайырбек Абдырахман ж.б.у.с.лар бар.

БААРЫН КОЮП МАНАСТЫ АЙТ!

Форумдун катышуучулары “Манас” эпосунун табияты жана кыргыз элин жана эне тилин түптүү журт катары сактоодогу мааниси, жалпы жарандарыбыздын, анын ичинде балдар менен жаштардын ата-баба таберигине жана элдик чыгармачылыкка кызыгуусун арттыруу, андагы манас тануучулардын орду жаатында өз ой-пикирлерин, айрым алгылыктуу сунуштамаларын ортого салышты. Эл аралык форум “Манас” эпосунун түпкү маанисин андан ары жайылтуу боюнча резолюция кабыл алынды.

“МАНАС” СЫНАГЫНЫН ЖЕӉҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ

Андан тышкары, Кара-Кыргыз автоном облусунун 100 жылдыгына жана залкар манасчы Саякбай Каралаевдин 130 жылдык жана Шаабай Азизов, Кааба Атабеков, Сейдене Молдокеева сындуу белгилүү манастыларыбыздын маарекесине карата “Манас” улуттук академиясы тарабынан уюштурулган эл аралык сынагынын жыйынтыгы да маалым болду. Калыстардын айтымында, эл аралык сынакка 50 манасчы катышты. Жыйынтыгында төмөнкү манасчыларга сыйлыктар ыгарылган:

  • Бексултан Имашов – биринчи орун;
  • Нурбек Калыбек уулу – экинчи орун;
  • Төлөбек Муса уулу – үчүнчү орун.

Сынактын атайын сыйлыктарына Талгат Садыров менен Нуртилек Сапарбеков арзыды. Кааба Атабеков атындагы сыйлыкка Осмон Шахин менен Улукмырза Эркинбеков, манасчы Сейдене Молдокева атындагы сыйлыкка Нурдөөлөт Тагаев, Салиха Эсенгелдиева, Даткайым Искендербекова, Анжелика Жакыпбекова ээ болду. Андан тышкары, бардык жеӊүүчүлөргө акчалай сыйлыктар, дипломдор, китептер, белек-бечкектер тапшырылды.

Кемел Белек, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер