БААРЫБЫЗДЫ АЙЛАНТКАН “АЛТЫН КАЗЫК”

  • 12.06.2024
  • 0

“Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамдын жаңы редакциясы кабыл алынды, КР
Президентинин демилгеси боюнча улуттук наркка байланыштуу бир катар
жарлыктардын топтому жарыяланды, Мамлекеттик тил боюнча улуттук
комиссияга тил саясатын жүргүзүү милдети жүктөлдү, “Алтын Казык”
мамлекеттик билим берүү программасы ишке киргизилди. Демек, милдет
арбыды, талап катуу коюла баштады, жоопкерчилик жогорулады. Маселен,
мамлекеттик тилдин колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү жана жарандарыбыздын
тилдик интеграциясы үчүн жагымдуу шарттарды түзүү милдети турат.
Ошондуктан, билим берүү реформасынын алкагында жүргүзүлүп жаткан
“Кыргыз тилин окутуп-үйрөтүүдөгү жаңы мамилелер жана анын келечеги”
сындуу иш-чаралардын “Ар бир балага жеткиликтүү, сапаттуу жана татыктуу
билим берүү!” ураанынын астында ишке ашырылып жатышы бекеринен эмес.

Лингвисттердин айтымында, дүйнөдө 2700дөн ашуун тил бар: арасында өлүмтүк
тилдер да кездешет, ал эми эбак өлүү тилге айлангандары канча, жыл өткөн сайын
алардын катары калыңдап барат. Азыркы аңкилдек аткан ааламдашуу доорунун
жаӊычыл технология, заманбап коммуникация, күндөлүк турмушубузду
санариптештирүү, жасалма интеллекти колдонуу таасирлеринен улам, алдыдагы жарым
кылым аралыгында алардын саны дагы кескин кыскарып, өлүү тилге айланат деген
жоромол деле жок эмес.

Өзүңөр жакшы билесиңер, жалпы адамзат ырааттуу маалымат ала турган жана
өз ара байланыш түзө турган ири тилдердин тобу бар: англис, арап, испан, кытай, орус,
француз. Аталган тилдер тобу “БУУнун тили” деп да аталат. Ал эми калкынын саны 7
млн адамдан ашпаган алакандай кыргыз элинин же кыргыз тилинин алдында бир аз
башкачараак максат турат: жакынкы аралыкта жалпы улуттук деңгээлде Кыргызстанда
жашаган этностук топторду жана диний конфессияларды жакындаштырууга, өз ара
пикир алышууга, коммуникациялык байланыш түзүүгө, маалымат алууга, маалымат
алмашууга, маалымат таркатууга жарамдуу тилге айлантуу милдети!

Ошону менен бирге, башкаларга салыштырмалуу өз ара байланыш аудиториясы
кыйла чакан көп тилдерден айырмаланып, кыргыз тилинин дагы бир көмүскө көөнө
мааниси бар. Ал тектеш тилдерди уютуучу, тектеш тилдердин корун сактоочу
тилдердин катарына кирет. Тагыраак айтканда, кыргыз тили – жалпы түрк тектеш
тилдеринин сөз корун сактап турган тил. Анын лексикалык өзгөчөлүгү дал ушунда
турат. Муну эч ким таналбас. Ошондон улам, кайсы бир элдин тили эмес, бүтүндөй бир
бүкүлү мамлекеттер жоголуу алдында турган чакта, эне тилибиздин келечек тагыры
бизди кабатырлантпай койбойт.

Буюрса, «Алтын Казык» мамлекеттик программасынын талаптарына ылайык,
билим берүү тармагын реформалоо боюнча жигердүү аракеттер башталды. Биз анын
алкагында мамлекеттик тилди жетик үйрөнүү, мыкты өздөштүрүү, сапаттуу окуу
китептери менен камсыз кылуу жана окутуу чараларын ишке ашырууга тийишпиз. Бул
тууралуу Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бишкек
шаарында өтүп жаткан “Кыргыз тилин окутуп-үйрөтүүдөгү жаңы мамилелер жана
анын келечеги” темасындагы форумдун жүрүшүндө билдирди.

«Эмне үчүн кыргызча сүйлөбөйсүң деп бири-бирибизди сындап келебиз.

Кыргыз тили күндөлүк турмуш-тиричилик тилинен маалымат алуунун жана маалымат
берүүнүн предметтүү тилине айланып, курулай мактануу менен суктануу өнөкөтүнөн
арылышы керек. Ансыз болбойт. Билим берүү тармагын транформациялай турган
“Алтын Казык” программасында мамлекеттик тилди окутуу усулун өркүндөтүү жана

окутуунун сапатын жакшыртуу чаралары камтылган. Реформанын алкагында билим
берүүнүн жаңы стандарттары менен инновациялык усулдар киргизилет, Кембридж
системасындагы окуу китептери басылып чыгат. Бул багыттагы кайра курумдардын
жүрүшүндө Билим берүү министрлиги ортодо чыныгы Алтын Казыктай кагылып, ал
эми калган тармактар аны айланып турууга тийиш”, — дейт ал.

Билим берүү реформасын тескеп жаткан аткаминердин айтымында, өткөн аптада
Сингапурдун басмаканасы менен эки тараптуу келишимге кол коюлган, окуу китептери
англис тилинен кыргыз тилине түз которулмакчы.

“Мындай жаңычыл усулдар биринчи
кезекте кыргыз мектептеринен башталат. Маселен, Францияда француз тилин же
Россияда орус тилин билбеген бүтүрүүчүгө аттестат берилеби? Албетте, берилбейт!
Батыш өлкөлөрүнө барган эмгек мигранттары ошол өлкөнүн тилин билиши керек. Биз
дагы бара-бара дал ошондой талапты коюшубуз кажет. Мамлекеттик тил саясаты
ушундай”, — деп кошумчалады Эдил Байсалов.

Биз билгенден, жакында эле билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева
“Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзам кабыл алынганын, биз конституциялык
мыйзамдын талаптарын аткарууга милдеттүү экенибизди билдирген. “Билим берүүнү
мамлекеттик тилге өткөрүү этап-этабы менен жүзөгө ашырылат. Буюрса, ишти бала
бакчалардан баштайбыз. Туура түшүнгүлө, бул бөлөк тилдерди басмырлоо эмес,
мамлекеттик тилдин келечегине камкордук. Чыныгы демократиянын гарантыбыз деген
Америка, Германия, Франция баштаган башка өлкөлөрдө деле ушундай талап бар”, —
деген эле ал.

Эсиңерде болсо керек, мындан эки кылым мурда, айтылуу орус декабристтери:
«Биздин аталарыбыз француз болгусу келген эле – орус бойдон калышты, а биз болсо
француз болуп калдык – орус болгубуз келет» — деп заркакшаган экен. Анысы кандай,
оомал-төкмөл, оңду-солду, олбуй-солбуй, ойку-кайкы дүнүйө дегениң ушу тура, мына
ошондой таалайы тайкы кейиштүү тагдыр биздин аталарыбыз менен анын урпактарын
да кыйгап өткөн жок, ушу кезге чейин анын кээрин тартып келебиз.

“Адегенде Сөз болгон” дейт, анысы кандай, улутту улут кылып, улут уркун
узарта турган үч уңгулуу улуу нарк бар – тил, маданият, тарых. Баарысын терип-тепчип
айтпаган күндө да, мамлекеттик тил эгемен мамлекеттин эң башкы белгилеринин бири
болуп саналат. Дегеле, ким болбосун тилди таза сактап, дилди аруу тутууга тийиш.
Ушул экөө өзара эриш-аркак жуурулушканда, нечен кылым кыйрынан бери муундан-
муунга таберик болуп келаткан ата-баба тарых-таржымалы менен илгери үмүт-тилеги,
нарк-насили менен салт-санаасы, акыл-парасаты менен адеп-актыгы келечекке ак
кызматын үзгүлтүксүз өтөй алат.

Ата-баба салтын тутпаган, наркын күтпөгөн адам баласынын арымы кыска
болору анык. Уңгулуу улут урку менен келечек муундарды өзара жалгаштырып турган
– мына ошол эне тилибиз. Бул жеке кыргыз эле эмес, бардык улут өкүлдөрүнө таандык
нерсе. Кайсы тил баш мыйзамга кирет да, кайсынысы кирбейт, кеп оролу анда эмес.
Кептин баары Кыргызстан калкынын уюткусу болгон кыргыз элинин өз эне тилине
жасалган мамилесинде турат. Анын азыркы абалы менен келечек тагдыры, камтыган
чөйрөсү менен колдонуу мүмкүнчүлүгү ар атуулдун көңүлүн өйүтпөй койбос.

Албетте, окуу китептеринин орток тилсиз эле кыргыз тилине түз которулушу –
жакшылыктын жышааны. Бирок мында эске ала турган дагы бир жагдай бар. Маселен,
математика, физика, геометрия, химия биология сындуу окуу китептерин башка тилден
кыргыз тилине ыңгайлаштырып алса болот. Анда талаш жок. Ал эми кыргыз тили,
кыргыз адабияты, тарых боюнча окуу китептер тилден дилге жалгаша алабы – кеп
ошондо! Алардын акыбалы кандай болот? Же алар дагы эле узак жылдардан бери
жылуу коңулда көчүгүн сүрүп отурган академиялык мыкчыгерлердин энчисинде
калабы? Ойгонолу, ойлонолу, толгонолу, анан бир бүтүмгө келели!..

Буга чейин Билим берүү министрлиги бардык мугалимдер жаңы окуу жылынын
башында милдеттүү түрдө кыргыз тилинен тест тапшыра баштарын, ал ыктыярдуу

болорун билдирген. Мыйзам талаптарына ылайык, абитуриенттер да мамлекеттик
тилден тест тапшырышат. Окуучулар дагы класстан-класска көчкөндө тест тапшырууга
тийиш, бирок ал эреже кайсы окуу жылынан тартып киргизилери азырынча белгисиз.
Кантсе да, бул узак мезгилден бери каңкая катып калган мыйзам талаптарын аткаруу
чаралары ордунан козголо баштаганынан кабар берип тургансыйт. Эми, аны дагын да
көрө жатарбыз…

Андан тышкары, форумдун жүрүшүндө бул иш-чаранын башкы максаты кыргыз
тилин мектепке чейинки мекемелерде, мектепте жана жогорку окуу жайларында
окутуунун көйгөйлөрүн жана аларды чечүү жолдорун талкуулоо, практик
мугалимдердин алдыңкы тажрыйбалары менен таанышуу, билим берүүнүн сапатын
жогорулатуу жаатында ой-пикирлерди бөлүшүү, алгылыктуу сунуштамаларды берүү
менен бирге, билим берүү мекемелеринин ортосундагы ырааттуу байланышты
өркүндөтүү болуп санала турганы белгилүү болду.

Форумдун катышуучулары өлкөнүн ар тарабынан келген тажрыйбалуу
мугалимдердин кыргыз тилиндеги сабактарды окутуу боюнча мастер-класстары менен
таанышышты. Буга чейин ЮНИСЕФтин колдоосу менен Республикалык
педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо
институту тарабынан “Функционалдык сабаттуулуктун компетенцияларын
калыптандыруу жана баалоо” электрондук курсу аркылуу Кыргызстан аймагындагы
460 мектептин 10 миңден ашуун мугалими окутуудан өткөн.

Белгилей кетсек, Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына
караганда, Кыргызстандын аймагында 2353 мектеп бар: 1418 мектеп – кыргыз
тилинде, 250 мектеп орус тилинде, 522 мектеп – кыргыз жана орус тилдеринде
аралаш, 161 мектеп – кыргыз, өзбек, орус тилдеринде аралаш. Ошондой эле,
мамлекеттик тилди өнүктүрүү саясатынан алкагында Бишкек шаарындагы 16
мектепте кыргыз класстары ачылмакчы.

Кемел Белек, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер