БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ЭНЕ ТИЛ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

  • 26.02.2024
  • 0

21-февралда Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинде Кара кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына, Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин 30 жылдыгына карата Ош шаардык мэриясы, Кыргызстан улуттук ассамблеясынын түштүк бөлүмүнүн катышуусунда Ош шаарындагы жогорку жана орто кесиптик окуу жайлары менен биргеликте 21-февраль-Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө карата майрамдык иш-чара уюштурулду.

БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ЭНЕ ТИЛ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө арналып өткөрүлгөн иш чаранын алкагында, Ош шаарындагы жогорку окуу жайлары тарабынан дүйнө жүзүндө жашаган улуттардын маданиятын, элдик өзгөчөлүгүн, социалдык-турмушун, улуттук баалуулуктагы артыкчылыктарды чагылдырган көргөзмө уюштурулду. Майрамдык иш чарага келген коноктор көргөзмөгө коюлган буюм-тайымдардын, улуттук кийим-кечелердин өзгөчөлүгү аркылуу, Кыргыз Республикасынын 100 жылдык өнүгүү тарыхынан, алыскы жана жакынкы чет өлкөлөр менен болгон ар тараптуу карым-катышынан, билим берүү жана илим изилдөө ишмердигиндеги жетишкендиктер, жаңы табылгалар боюнча маалымат алышты.

КӨЭАнун ректору, профессор А.А. Мамасыдыков Кыргыз Республикасы эгемен өлкө катары таанылган күндөн тартып, улуттук баалуулуктарды өнүктүрүп, көп улуттуу өлкөбүздө жашаган ар бир этностун нарк-насилинин, эне тилинин сакталып өнүгүшү үчүн мамлекет тарабынан керектүү шарттар түзүлгөнүн белгиледи. Окуу жайлардын ортосундагы биргелешип уюштурулган бул иш-чара жергебиздеги этностор аралык биримдикти күчөтүп, өлкөбүздүн ар тараптуу өнүгүшү үчүн биргелешип иштөөгө негиз болот деген ишеничин билдирди.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер