Бүтүрүүчүлөр кадр тартыш аймактарга комиссиянын чечими менен жөнөтүлөт
- 03.12.2024
- 0
Билим берүү министрлиги бюджеттик негизде окуган жаш кадрларды жумушка бөлүштүрүү тууралуу жобо иштеп чыкты.
Ага ылайык, экзамен тапшырып диплом жактаган бүтүрүүчүлөр кадр тартыш аймактарга атайын комиссиянын чечими менен жөнөтүлөт. Алар үч жылга чейин жаш кадр катары эсептелип, жумуш менен камсыздалары белгиленген.
«Өлкөдөгү 93 миңден ашык мугалимдин орточо жашы 45-60 жаш. Жаштар мектепте иштөөнү каалабай жатат. 15-ноябрдагы ыкчам маалыматтарга ылайык, республика боюнча 907 мугалим жетишсиз, эң чоң тартыштык Бишкек шаарында (377) жана Чүй облусунда (189). Негизинен орус тилдүү мектептерде, ошондой эле математика, физика, орус, англис тилдери, информатика, музыка жана дене тарбия сабактары боюнча мугалимдер жетишсиз», — деп айтылат маалыматта.
Ошол эле учурда жыл сайын окуу жайды аяктаган 5 000ден ашык педагогдун 2 000ге жакыны бюджеттик жана гранттык негизде билим алары белгиленген. Ушуга байланыштуу гранттык жана бюджеттик негизде окуган жаш адистерди бөлүштүрүүнү жөнгө салган жобо иштелип чыкты. Ага ылайык:
- бүтүрүүчүлөр окууну аяктагандан кийин атайын комиссиянын чечими менен ишке бөлүштүрүлөт;
- медициналык жана педагогикалык багыттарда окугандар бир-эки жыл милдеттүү түрдө иштөөгө тийиш;
- ден соолугунан жабыкрагандар, жетимдик же башка өзгөчө шарттары барлар бөлүштүрүүдөн бошотулат;
- комиссия бүтүрүүчүлөрдүн жөндөмү, каалоосу жана талаптарына жараша жумуш ордун белгилейт;
- милдеттүү иштөө мөөнөтүн бүтүрбөгөндөр дипломдорун ала алышпайт.
Комментарийлер