БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР ҮЧҮН ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ МАМЛЕКЕТТИК АТТЕСТАЦИЯ 15-ИЮНГА ЧЕЙИН ЖҮРГҮЗҮЛӨТ

  • 27.05.2024
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги бардык түрдөгү жалпы билим берүү уюмдарында негизги жалпы жана орто жалпы билим берүүнүн билим берүү программалары боюнча жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация 3-июндан 15-июнга чейин жүргүзүлө тургандыгын маалымдайт.

БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР ҮЧҮН ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ МАМЛЕКЕТТИК АТТЕСТАЦИЯ 15-ИЮНГА ЧЕЙИН ЖҮРГҮЗҮЛӨТ

Тагыраагы, жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация окутуу кыргыз, орус, ɵзбек жана тажик тилдеринде жүргүзүлгөн жалпы билим берүү уюмдарынын 9-11-классынын бүтүрүүчүлөрү үчүн 4 предмет боюнча жүргүзүлөт.

9-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн:

—    алгебрадан (жазуу түрүндө комплекстүү тест) – 3-июнда;

—    эне тилинен (дилбаяндын элементтерин камтыган баяндама) – 7-июнда;

—    кыргыз тилинен (орус, өзбек жана тажик тилинде окутулган класстарда) жана орус тилинен (окутуу кыргыз тилинде окутулган класстарда, жазуу түрүндө комплекстүү тест) – 11-июнда;

—    Кыргызстандын тарыхынан (оозеки) – 14-июнда.

11-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн:

—   эне тили жана адабиятынан (эссе) – 3-июнда;

—   математикадан (жазуу түрүндө комплекстүү тест) – 7-июнда;

—   Кыргызстандын тарыхынан (оозеки) – 11-июнда;

— кыргыз тилинен (орус, өзбек жана тажик тилдеринде окутулган класстарда) жана орус тилинен (окутуу кыргыз тилинде окутулган класстарда, жазуу түрүндө комплекстүү тест) – 14-июнда.

Буйрук

Бөлүшүү

Комментарийлер