БҮГҮН ФУТБОЛДОН ЕВРО-2024 ЧЕМПИОНАТЫ БАШТАЛАТ

  • 14.06.2024
  • 0

БҮГҮН ФУТБОЛДОН ЕВРО-2024 ЧЕМПИОНАТЫ БАШТАЛАТФутбол боюнча Европа чемпионаты 14-июндан 15-июнга караган түнү башталат.

17-ирет өтүп жаткан турнир Германиянын 10 шаарында 24 команданын катышуусунда өтөт.

Ачылыш оюнунда Германия менен Шотландия командалары Allianz Arena стадионунда беттешет. Беттеш 14-июндан 15-июнга караган түнү Бишкек убактысы боюнча саат 01:00дө башталат.

Беттешти франциялык калыс Клемент Турпен башкарган калыстар тобу тейлейт.

БҮГҮН ФУТБОЛДОН ЕВРО-2024 ЧЕМПИОНАТЫ БАШТАЛАТТоптордун толук курамы:

А тайпасы — Германия, Шотландия, Венгрия, Швейцария

В тайпасы – Испания, Хорватия, Италия, Албания

С тайпасы — Словения, Дания, Сербия, Англия

D тайпасы — Польша, Нидерланды, Австрия, Франция

Е тайпасы — Бельгия, Словакия, Румыния, Украина

F тайпасы — Түркия, Грузия, Португалия, Чехия.

Ар бир тайпадан эки мыкты команда, ошондой эле төртүнчү орунду алган төрт мыкты команда плей-оффко чыгат.

Бул ирет Россиянын курама командасы турнирге катышпайт, анткени ал УЕФАнын санкциясы астында оюнга кошулбай калган. Орустардын чемпионатка катыша албай турганы 2022-жылы сентябрда белгилүү болгон, УЕФА орусиялык команданы турнирге тандоо чүчүкулакка катыштырбай койгон. Ошондой эле Евро-2024 мелдешинде орусиялык калыстар дагы катышпайт. Ошол эле учурда УЕФА менен Түштүк Американын Футбол Конфедерациясынын ортосундагы кызматташтык келишиминин алкагында, Аргентинадан келген калыстар тобу турнирдин калыстарынын тизмесине киргизилген.

Ал арада Евро-2024 үчүн командаларынын катарына Орусиянын Премьер-Лигасынын төрт оюнчусу кирди. Алар: «Локомотив» коргоочусу Марио Митай, «Рубиндин» чабуулчусу Мирлинд Даку (Албания), «Сочинин» коргоочусу Ваня Дркусич (Словения), коргоочу Срджан Бабич (Сербия).

БҮГҮН ФУТБОЛДОН ЕВРО-2024 ЧЕМПИОНАТЫ БАШТАЛАТУчурдагы Европа чемпиону 2021-жылы турнирди уткан Италия командасы болуп саналат.  Европа чемпиондугун Германия менен Испания  үч ирет уткан.  Турнирди эки жолу Италия жана Франция жеңип алган. СССР, Португалия, Чехословакия, Голландия, Дания, Греция командалары бир жолудан бул континенттин чемпиону болушкан.

 

Кабыл Макешов,  спорттук баяндамачы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер