“БҮГҮН БИЗГЕ ЖООМАРТ КЕРЕК”

  • 16.05.2024
  • 0

Бүгүн кыргыз адабиятынын, искусствосунун, маданиятынын түптөөчүлөрүнүн бири Жоомарт Бөкөнбаевдин туулган күнүнүн 114 жылдыгына карата “Бүгүн бизге Жоомарт керек” аттуу китептин бет ачары Ж.Бөкөнбаев атындагы шаардык китепканада өттү. Китепке Жоомарт Бөкөнбаевдин тандалган чыгармалары, котормолору жана ал жөнүндө ар башка жылдарда жазылган макалалар кирген.

“БҮГҮН БИЗГЕ ЖООМАРТ КЕРЕК”

Жоомарт Бөкөнбаев 33 жыл гана жашаган. Өмүрү кыска болгону менен тарыхта өчпөс из калтырып, бир канча чыгармаларды, эмгектерди жаратып кеткен. Ал 33 жашынын төрт жылын Токтогул Сатылгановду, анын чыгармаларын, чыгармачылыгын изилдөөгө арнаган.

  • Менин атамдын атын Жоомарт деп дал ушул Токтогул койгон экен. Атам төрөлгөн кезде Токтогул атайын Бөкөнбайга уулду болгону менен куттуктаганы келип, анын сыйын көрүп, атын жоомарт адам болсун деп коюп кетет. Атына заты жарашып, чынында атам аябай март киши болгон. Ал өзүнүн өмүрүнүн төрт жылын Токтогул Сатылгановго арнаган. Элестетип жатасыңарбы, өзү аз гана жашаса, анын төрт жылын Токтогулдун ырларын топтоого, изилдөөгө арнаган. Эгерде ал акын, драматург, котормочу болбогондо эң мыкты илимпоз болмок. Атам Токтогулдун ар бир ырына маани берип, кандай жазылганына, сапатына, сезимдерине, мүнөзүнө, публицистикалык мүнөзүнө терең маани берген. Бул өзгөчө ааламда бир жаралчу талант, — дейт уулу Кулубек Бөкөнбаев.

Токтогулдун 75 жылдык мааракесине карата 1938-жылы “Токтогулдун ырлары”, 1939-жылы “Токтогул” драмасын жазган. Кийинчерээк Токтогул операсына либретто жазган.  “Токтогулдун үмүрү” аттуу прозасын жазып, “Комуз күүсү” поэмасын арнаган.

Азыркы Ала-Тоо аянтынын атын да Ж.Бөкөнбаев сунуштаган. Болбосо ал Крупская атындагы аянт деп аталып калмак.

  • Жоомарт ата аянттын минтип аталышына караманча каршы чыгып, кыргыздын борбордук аянты “Ала-Тоо” деп аталышы керек деп ага катуу турган экен, — дейт келини Ишенгүл Болжурова. – “Манастын уулу Семетей” киносун тартуу аракети менен Ысык-Көлдүн киного ылайыктуу жерлерин карап жүргөн кезде кырсыкка кабылып, Жоомарт Бөкөнбаев бул дүйнө менен кош айтышып кете берет. Ошентип, кино тартылбай калат. Ошол киного деп даярдалган кийимдердин баардыгын казактардын белгилүү “Кыз Жибек” киносунда колдонушкан.

“БҮГҮН БИЗГЕ ЖООМАРТ КЕРЕК”

Иш-чарага Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан №70 мектептин окуучулары катышты. Аларга “Балажан” окуу-методикалык борборунун тарбиялануучулары Жоомарт Бөкөнбаевдин ырларынан көркөм окуп беришти.

  • Азыр айтылып жаткан сөздөрдү ушул жерде отурган мотурайган балдар кулагынын сыртынан кетирип койбой, жүрөгүнүн түпкүрүнө сактап алса бул биздин эң чоң жеңишибиз болот. Анткени Жоомарт Боконбаевдин максаты ошол болгон. Ал бардык адамзатка чакырык жасагысы, жаштарды өстүрүп, өнүктүргүсү келген. Анын кандай чыгармасын караба мезгилден алдыда жүргөн киши болгон. Ар дайым шашып жүргөн, чыгармаларын окуп бүтпөй кала тургандай, бир нерсеге жетпей кала тургандай болуп жүргөн адамдай элестетем.

Жада калса ошол мезгилде “Манастын улуу Семетейди” тартам дегенин. Ал баарына жетишип калайын деген. Бирок тилекке каршы, андай болбой калды. Ал кинону бүгүн да тарта албай жүрүшөт, — дейт Рахат Таштемирова.

Жаннат Маатова, «Кут билимдин» практиканты

Бөлүшүү

Комментарийлер