БҮБҮСАРА БЕЙШЕНАЛИЕВА УНИВЕРСИТЕТИНЕ УЛУТТУК СТАТУС БЕРИЛДИ
- 26.03.2025
- 0
Бул жарлык кыргыздын улуттук искусство жана маданияты үчүн өтө чоң тарыхый окуя. Алтымыш жылга чамалаган мезгилдин ичинде, алатоолук көп улуттуу элдин рухий дүйнөсүнүн бардык тармагына көөнөргүс салымын кошкон жаркын таланттарды тарбиялап чыгарган билим уясына, затына жараша статус берилди.
Маалыматка таянсак, ушул бийик наамдын ыйгарылышына университеттин бүгүнкү ректору Түмөнбай Колдошовдун эмгеги өзгөчө экенин окуу жайынын коллективи эң сонун билет.
Т. Колдошов эки жыл мурда ректор болуп келгенде эң алды менен университетти эл аралык деңгээлдеги — 4-баскычтагы окуу жайына айлантуу максатын программасында билдирген эле.
— Бул амбициялуу тилекти ишке ашыруу учүн бир нече олуттуу кадамдарды жасоо керек экенин да маалымдаган. Ошолордун эң башкысы эмгек коллективин, анын ичинде профессордук-педагогикалык курамды стимулдаштыруу болчу. Ушул жагдайда ректор эмгек коллективин жана окутуучуларга мотивация бере турга бир кыйла иштерди жасаарын убадаланган. Ал иштер да андан бери чекесинен ыраат-ырааты менен аткарылып жатат: университетин фонду баштагыдан үч жарым эсеге көбөйдү. Демек, коллективдин материалдык бакубатчылыгын камсыздоого көмөкчү боло турган фундамент түзүлө баштады. Ошол эле учурда ректордун программасындагы маанилүү пункттарынын бири студенттерге жана окутуучуларга (окуу процессине) оптималдуу шарт түзүп берүү үчүн окуу жайына жаңы корпус салдыруу эле. Бул маселе да ишке аша турган жагына айланды. Ал эми университеттин «улуттук» статусту алышы да, ректордун ошол комплекстүү чараларынын ичиндеги бир чоң максаттарынын бири.
Албетте, бул статус стимул берүү менен бирге, коллективдин жоопкерчилигин да арттырат. Демек, окуу процессинин сапаты мындан да жакшырат. Натыйжасы — 4 — баскычтагы окуу жайына айланууга дагы бир кадам жакындадык дегендик, — дейт Ж.Кулмамбетов.
Бүгүн Кыргыз Улуттук Б. Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университетинин келечегине ишеним баштагыдан алда канча чоң.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер