БҮБҮСАРА БЕЙШЕНАЛИЕВА АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК МАДАНИЯТ ЖАНА ИСКУССТВО УНИВЕРСИТЕТИ

  • 17.05.2024
  • 0

БҮБҮСАРА БЕЙШЕНАЛИЕВА АТЫНДАГЫ  КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК МАДАНИЯТ ЖАНА ИСКУССТВО УНИВЕРСИТЕТИ

2024-2025-окуу жылына төмөнкү адистиктер боюнча абитуриенттерди күндүзгү жана сырттан окуу бөлүмдөрүнө кабыл алууну жарыялайт:

Урматтуу абитуриент достор!

Кыргыз эли өнөргө бай эл. Эпос, дастан, ыр-бий, күү аркылуу не деген кең ааламды жүрөктөргө батырат. Байыртадан эл тагдырын чечүүдө акылман-чечендер, ыроочу-нускоочулар, өнөрпоздор негизги ролду аткарган. Кет Буканын күү аркылуу кабар угузганы не деген улуу дүйнө.

Бүгүнкү ааламдашуу заманында адамдык насилди, улуттук наркты коргоп калуу үчүн өнөр-санат адамдары чыныгы баатыр жоокер. Өлкө аларга муктаж. Жакшы кино, мыкты спектакль, мукам обон, мазмуну терең ыр, жүрөк кылын черткен күүлөр инсанды жамандыктан кайтарып, жакшылыкка чакырат, адамдын адебин оңдоп, дил, тил байлыгын коргойт. Мына ошол руханий жоокерлерди тарбиялаган өлкөдөгү адистешкен жалгыз жогорку окуу жай таланттууларды кучагына алып, тарбиялап келе жатат.

Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети Кыргыз ССР-инин Министрлер Советинин 1967-жылдын 12-августундагы №7771 токтому менен КМИИ болуп түзүлүп, 1974-жылдын 28-январындагы №21 токтому менен СССРдин Эл артисти Бүбүсара Бейшеналиеванын аты ыйгарылган. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 28-августундагы №470 жарлыгы менен окуу жайдын аталышы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети болуп макамы кошо өзгөртүлдү.

Бүгүнкү күндө КММИУда 4 факультет, 15 кафедра, 2 окуу корпусу, 1 жатакана бар. 16 адистикте 1300 студент билим алууда. Окуу жай 56 жылдан бери миңдеген таланттуу өнөрпоздорду тарбиялап, кыргыз маданиятынын бардык боштуктарын толтуруп келатат. Улуттук опера-балет театры, Улуттук филармония, Улуттук академиялык драма театры, аймактардагы театр, филармониялар, кесиптик орто окуу жайлар, таланттуу балдар мектептери сыяктуу мекемелерди кесипкөй адистер менен камсыз кылууда. Өлкөгө кызмат кылган көптөгөн Эл артисттерди, Эмгек сиңирген артисттерди, чыгаан таланттарды тарбиялады. Учурда да тарбиялап жатат. Алыскы жана жакынкы чет өлкөдөн жүздөгөн илим-өнөр изденүүчүлөр келип билим алууда.

Биздеги эң чоң байлык — адам ресурсу. Окуу жайда кесипкөй адистер, чыгаан таланттар эмгектенет жана билим алат. КММИУ алдыга көп максаттарды койгон. Заманбап билим берүү моделин түзүп, эл аралык мейкиндикке жол алуу үчүн 5 жылдык стратегиялык план иштелип чыкты. Студенттин билимин андан ары тереңдетүү, илимий чөйрөгө багыт берүү максатында КММИУнун алдында квалификацияны жогорулатуу борбору, аспирантура ачылып иштеп жатат.

Жакынкы күндөрү магистратура ачуу үчүн жигердүү аракеттер жүрүүдө. Эл аралык байланыштар жакшырып, алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөгү окуу жайлар менен кызматташуу жолго коюлууда.

Соңку жылда окуу жайдын студенттери республикалык бир нече сынактарда баш байге, биринчи, экинчи орундарды ээледи. Атап айтсак КММИУнун студенттери оркестр коллективинин сынагында баш байге, хор коллективинин сынагында баш байге, республикалык бий сынагында 2-орун, эл аралык студенттик театр фестивалында баш байге, эл аралык кино фестивалдарында баш байгелерди камсыз кыла алды.

Урматтуу абитуриент достор! Жаштыктын жана жигердүү жаратмандыктын гармониясы болгон биздин окуу жайга кош келиңиздер!

Т.Р.Колдошов,
Б.Бейшеналиева атындагы КММИУнун ректору, ф.и.к., профессор

Искусство факультети

  • Хор дирижёру, педагог: музыкага шыктуулугун жана ырдоо жөндөмүн текшерүү, коллоквиум;
  • Оркестр дирижёру, педагог: музыкалык жөндөмүн текшерүү, музыкалык аспапта ойноо, коллоквиум;
  • Фольклордук-этнографиялык ансамблдин солисти, педагог: кыргыз элдик аспаптарда ойноо, ырдоо, эпос, дастан жана айтыштардан үзүндү аткаруу ж.б.;
  • Эстрадалык оркестрдин жетекчиси, педагог: музыкага шыктуулугун, жөндөмүн текшерүү жана музыкалык аспапта ойноо;
  • Эстрадалык ансамблдин жетекчиси, солист-педагог: музыкага шыктуулугун жана ырдоо жөндөмүн текшерүү. (Түрдүү жанрдагы эки-үч ыр аткаруу);
  • Музыка мугалими: музыкага шыктуулугун жана ырдоо жөндөмүн текшерүү.
  • Атайын орто музыкалык билими бар: хор дирижеру, оркестр дирижёру, фольклордук-этнографиялык ансамблдин солисти, музыка мугалими, эстрадалык оркестрдин жетекчиси, эстрадалык ансамблдин солисти бөлүмүнө кирүүчүлөр, дирижёрлук кылуу, музыка теориясы жана сольфеджио боюнча экзамендерди тапшырышат.

Аспирантура

  • Музыкалык искусство (искусство таануу).
  • Маданият тарыхы жана теориясы (маданият таануу).

Магистратура: музыка мугалими.

Кино жана телекөрсөтүү факультети

  • Телекөрсөтүү жана радио уктуруу режиссёру, педагог: сценарий жазуу, актёрлук жөндөмдүүлүгүн текшерүү, коллоквиум;
  • Кино жана телекөрсөтүү оператору, педагог: фото-сүрөттөр боюнча конкурс; фоторепортаж, физика жана химия боюнча ангемелешүү;
  • Үн режиссёру, педагог: (Кино жана ТВ ) адистиги боюнча коллоквиум, музыкалык жөндөмдүүлүгүн текшерүү; физика боюнча ангемелешүү;
  • Кино актёру, педагог: үнүн жана сүйлөө чеберчилигин текшерүү, адабий чыгармалардан үзүндү окуу, музыкалык-ритмикалык шыктуулугун текшерүү;
  • Оюндук-кино жана телефильмдин режиссёру, педагог: сценарий жазуу, актёрлук жөндөмдүүлүгүн текшерүү, коллоквиум;
  • Кино таануучу педагог: пьесага анализ жүргүзүү жана сын-пикир, коллоквиум;
  • Адабий чыгармачылык (киносценарист), педагог: пьесага анализ жүргүзүү, коллоквиум.

Хореография жана маданий ишмердик факультети:

  • Социалдык-маданий ишмердигинин менеджери: социалдык-маданий ишти уюштуруу (жазуу түрүндө), адистиги боюнча коллоквиум (оозеки);
  • Хореографиялык коллективинин менеджери, педагог: аткаруучулук чеберчилик (классикалык, элдик-сахналык, тарыхый-турмуш бийлери), коллоквиум;
  • Хореография педагогу.
  • Музей иши жана эстеликтерди коргоо.

Театр факультети

  • Драма актёру, педагог: үнүн жана сүйлөө чеберчилигин текшерүү, адабий чыгармалардан үзүндү окуу, музыкалык-ритмикалык шыктуулугун текшерүү;
  • Драмалык режиссёр, педагог: практикалык режиссура, пьесага талдоо жүргүзүү, актёрлук жөндөмдүүлүгүн текшерүү;
  • Театр таануучу, педагог: пьесага анализ жүргүзүү, коллоквиум.

Бардык абитуриенттер адистиги боюнча экзамендерден сырткары кыргыз же орус тилинен бланкалык тест тапшырышат.

Университетке тапшыруучу абитуриенттерден Жалпы республикалык тесттин сертификаты ТАЛАП КЫЛЫНБАЙТ.

Абитуриенттер мамлекеттик бюджеттин жана контракттын негизинде кабыл алынат.

Алыс жактан келген студенттер жатакана менен камсыздалат.

Документтер 2024-ж. 8-июлдан 31-июлга чейин кабыл алынат, кирүү экзамендери 2024-ж. 1-августта башталат (Министрликтин макулдашуусу менен).

 

Талап кылынуучу документтер:

  1. Орто же атайын орто билими жөнүндө аттестат же диплом (түп нускасы);
  2. Медициналык справка (0-86 У формасы);
  3. 3х4 өлчөмүндөгү 6 сүрөт;
  4. Паспорт, аскердик китепче же каттоо күбөлүгүн көрсөтөт;
  5. Эмгек китепчесинин көчүрмөсү (эмгек стажы барлар үчүн).

Дареги: Бишкек ш., Жантөшев көчөсү 113.

Тел.: (0312) 57-03-79,

WhatsApp + (996) 701 113 057; 709 78 94 26;

Instagram: @ kguki_kg             www.kguki.kg

e-mail: [email protected]

Бөлүшүү

Комментарийлер