БӨБӨКТӨРГӨ АРНАЛГАН КИТЕП ЖАРЫК КӨРДҮ

  • 11.08.2022
  • 0

КР Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, балдар жазуучусу, котормочу Наргиса Карасартованын Лия и Айя – рукодельница китебинин жүзачары болуп өттү. Бөбөктөргө арналып, кооз сүрөттөр менен шөкөттөлгөн китеп Чыгармачыл ишмерлердин эл аралык гилдиясынын (Лондон) колдоосу менен англис тилинде жарык көргөн.

Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Улуттук китепканасында өткөн китептин жүзачарын Чыгармачыл ишмерлердин эл аралык гилдиясынын вице-президенти Марат Ахмеджанов ачып, бул уюмдун жүргүзгөн иштерине токтолуп, келечектеги пландары тууралуу айтып берди. Ага улай балдар жазуучусу Наргиса Карасартованын өмүр таржымалы жана чыгармачылыгы жөнүндө видеотасма көрсөтүлдү.

БӨБӨКТӨРГӨ АРНАЛГАН КИТЕП ЖАРЫК КӨРДҮ

Белгилүү журналист, акын Догдурбек Юсупов Н.Карасартованын чыгармачылыгы жөнүндө жылуу пикирин билдирди.

— Иш-чарага КР Улуттук жазуучулар бирлигинин жооптуу катчысы Жылдыз Акаева, белгилүү адабиятчы, филология илимдеринин доктору, профессор Александр Кацев, Чыгармачыл ишмерлердин эл аралык гилдиясынын мүчөсү, жазуучу Бүбүйра Бектенова баш болгон адамдар катышты. Ушундай эл аралык деңгээлде улуттук адабиятыбыздын уугун бийик көтөрүп, дүйнө элдерине таанытып жаткан карындашыбыздын ийгилиги биз үчүн да сыймык. Наргиса бул китебин орус тилинен англис тилине өзү которгон. Кичинекей бөбөктөргө ылайыкталып кооздолгон китептеги сүрөттөрдү сүрөтчү Светлана Насынбатова тарткан, — деди ал.

А.Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер