АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫ: АКЖОЛ МАХМУДОВ ФИНАЛГА ЧЫКТЫ

  • 15.04.2024
  • 0

АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫ: АКЖОЛ МАХМУДОВ ФИНАЛГА ЧЫКТЫБүгүн,15-апрелде Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында грек-рим күрөшү боюнча Токио олимпиадасынын күмүш байге ээси, дүйнөнүн эки жолку, Азиянын үч жолку чемпиону  Акжол Махмудов финалга чыкты.

Грек-рим күрөшүнөн 77 килограмм салмак боюнча ал чейрек финалда казакстандык балбан Ибрагим Магомадовду 3:3 эсебинде жеңди. Акыркы упайды Акжол алгандыктан жеңиш ага ыйгарылды.

Жарым финалда ирандык Амир Али Абди менен беттешип, 12:2 эсебинде мөөнөтүнөн мурда 1 мүнөт 58 секундда утуп алды. Эми финалда жапондук балбан Нао Кусака менен алтын медаль үчүн кечинде күрөшөт. Аны 2023-жылы Сербияда өткөн дүйнө чемпионатында жарым финалда утуп алган.

АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫ: АКЖОЛ МАХМУДОВ ФИНАЛГА ЧЫКТЫАтактуу балбан Акжол Махмудов 15-апрелде 25 жашка чыкты. Ал Азиянын үч жолку  (2018-ж., 2022-ж., 2023-ж.), Токио Олимпиада оюндарынын күмүш байгесинин ээси (2021-ж.), дүйнөнүн эки жолку чемпиону (2022-ж., 2023-ж.), уландар арасында дүйнө чемпиону (2016-ж.), жаштар арасында дүйнө чемпионатынын күмүш (2017-ж.) жана коло байгелеринин ээси (2018-ж.), уландар жана жаштар арасында Азия чемпиону (2016-ж., 2017-ж.) болуп саналат.

Ошондой эле бүгүн кечинде грек-рим күрөшү боюнча  55 кг. салмакта Улан Муратбек уулу, 87 кг. салмакта Азисбек Атабеков жана 130 килограмм оор салмакта Эрлан Манатбеков коло байге үчүн күрөшөт.

Финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 18:00дө башталат.

АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫ: АКЖОЛ МАХМУДОВ ФИНАЛГА ЧЫКТЫЭскерте кетсек: 11-апрелден бери Азия чемпионаты  борбор калаабыздагы “Бишкек Арена” спорт комплексинде курч мүнөздө өтүп жатат.

Буга чейин кыз-келиндер эркин күрөшү боюнча алтынчы ирет Азия чемпиону Айсулуу Тыныбекова (62 кг) болсо, Айпери Медет кызы (76 кг) менен эр-азаматтардан Тайырбек Жумашбек уулу (61 кг) Азиянын эки жолку чемпиондору болуп, алтын медалдарды  тагынган. Күмүш байгенин ээси  Айаал Лазарев болсо, коло медалдарды Улукбек Жолдошбеков, Алибек Осмонов, кыздардан Арууке Кадырбек кызы жана Гүлнура Таштанбекова жеңип алышкан.

Эртең ,16- апрелде грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Жоламан Шаршенбеков баштаган 5 балбан өлкөбүздүн намысын коргойт.

Кабыл Макешов,

 спорттук баяндамачы, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер