АЗИРЕТ АСЫЛБЕКОВ — МЫКТЫ МУГАЛИМ

  • 25.05.2024
  • 0

Аламүдүн районунун сырттан жана кечки окуу жалпы билим берүү мектебинин тарых мугалими Азирет Асылбеков «Жыл мугалими -2024» сынагынын облустук сынагында 1-орунга ээ болуп, өзүнүн кесипкөйлүгүн, чеберчилигин тастыктады.

АЗИРЕТ АСЫЛБЕКОВ - МЫКТЫ МУГАЛИМ

Маалыматка ылайык, тарых сабагын жогорку деңгээлде чыгармачылык менен окутууда, окуучуларынын предметке болгон кызыгуусун арттырып, шыктандырып келет. Азирет Асылбеков сабактарында заманбап технологияларды колдонуу менен окуучуларына тарых барактарын жаңыча ачып берген мыкты мугалим. Мектептин сыймыктанар мугалими жана окуучулардын сүйүктүү агайы.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер