АЙЫЛЫНЫН АТАГЫН ЧЫГАРГАН ОКУУЧУЛАР

  • 17.07.2023
  • 0

Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Карыбек уулу Акматаалы орто мектебинин 10-классынын окуучулары Айжамал Уланбекова менен Адинай Жаныбаева 2023-жылдын март айында Казахстан Республикасынын ЮНЕСКО клубу уюштурган «ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурасы» аталышындагы эл аралык конкурска онлайн катышты.

АЙЫЛЫНЫН АТАГЫН ЧЫГАРГАН ОКУУЧУЛАР

21 мамлекеттин өкүлү катышкан сынак жети этап менен өттү.  Ат-башыдан чыккан окуучулар финалдын жеңүүчүлөрү аталып, 21-23 июль күндөрү Алматы шаарында өтүүчү иш-чарага чакыруу алышкан.

Иш-чарада алар Кыргызстандын тарыхый комплекси болгон «Кошой -Коргон» тарыхый мурасын дүйнѳ жүзүнүн ЮНЕСКО мурасына киргизүү максатында, ѳздѳрүнүн презентациясын жакташат.

Окуучулар мектептен тышкары 12жылдан бери Балдарга билим берүү борборунда кошумча билим алышат.  Буга чейин да сүрѳт боюнча Дубай, Турция, Кытай, Белоруссия, Казахстан, ж.б мамлекеттердеги эл аралык конкурстарга катышып, байгелүү орундарга ээ болуп келишкен.

  • Бала кезден бери көптөгөн жергиликтүү сынактарга, алардын ичинде эл аралык бий, сүрөт, жана Манастаануу республикалык таймашына катышып жүрүп, көп тажрыйба топтодум, такшалдым. 2022- жылы күзүндө сүрөт боюнча “The planet of art «Великий Шелковый путь» аталышындагы эл аралык сынагында Кыргызстан боюнча биздин мекеменин окуучалары ГРАНПРИге ээ болуп, Алматы шаарына жолдомо алганбыз. Алматыдан келгенден кийин эле ЮНЕСКОсунун Инстаграм баракчасынан «Second international unesco model under the patronage of unesco «World heritage» деген долбоор тууралуу маалымат алдым.  Ар бир мамлекеттен экиден англис тилин билген делегат катышуусу керек экен.  Алгач жалгыз катышууну ойлонуп жаткам, кийин жакын курбум, классташым Адинайга сунуштадым. Финалга өтөбүз деген ишенич чоң бар болчу. Кудай буйруп, кыялыбыз орундалды, — дейт Айжамал Уланбекова.

Айжамалдын айтуусуна караганда, сынакка 200дөн ашык 16 дан 25 жашка чейинки адамдар катышты. Шарттары да татаал болду. Ар бир делегат өз мамлекетиндеги ЮНЕСКОго кирген объектилер жөнүндө видео слайд аркылуу чагылдырышы, эссе жүзүндө эмне үчүн конкурска катышкысы келгендиги тууралуу жазуусу, ар бир этаптарга ылайыктуу тапшырмаларды аткаруусу керек.  Сынактан ийгиликтүү өтүү тажрыйбасыз окуучулар үчүн бир топ эле кыйынчылыкты туудурду.

 

  • Бул тармакта тажрыйбыз жок болгондуктан мугалимдерибизден кеп-кеңеш алып турдук. Негизи мугалимдердин басымдуу бөлүгү Таш- Рабат мемориалдык комплексин сунуштаган. Кайсы объектти аларыбызды билбей жүргөндө Балдарга билим берүү борборундагы сүрөт ийриминен берген мугалимибиз Апсамат Стамов Кошой – Коргонду сунуштады.  Өзүм мурда Манастаануу республикалык таймашына катышып жүргөндүктөн, менде Кошой-Коргон тууралуу маалыматтар кенен болчу. Негизи бул жерде тарыхый фактылар, анын ичинде табылган артефакт болгондуктан аябай пайдасы тийди. Бардык табылгалары тууралуу маалыматтарын угуп, анан презентациябызды даярдадык. Адинай экөөбүз тең мектепте англис тилин жакшы окугандыктан, тил жагынан маселе жаралган жок, — дейт окуучу.

Окуучулар сунуштаган объект үч негизги критерийден өтүп, эми 22- июлда  Алматы шаарында өтүүчү  иш чарага камданууда. Эгерде окуучулардын долбоору 70% ашуун добуш алса, резолюция кабыл алынып, Кошой-Коргон мемориалдык комплекси  дүйнө жүзүнүн ЮНЕСКОсунан орун алат.

Айгерим ТОКТОБАЕВА, «Кут БИЛИМ»

Бөлүшүү

Комментарийлер