АЙЫЛЫБЫЗДА УЛУУЛУК  БАР БИЗ БИЛГЕН…

  • 10.05.2023
  • 0

АЙЫЛЫБЫЗДА УЛУУЛУК  БАР БИЗ БИЛГЕН…

Аксы районундагы №10 Жоробек Мамытбеков атындагы орто мектебинин химия мугалими, кезегинде мектепте класстан тышкаркы иштерди уюштуруучу болуп эмгектенген, окуучулардын  шык-жөндөмүн, талантын, бекем билимин, мыкты тарбиясын жөнгө салып келаткан  эл агартуунун мыктысы, КР Президентинин Ардак грамотасынын ээси  Жээнбүбү НАДЫРБЕКОВА тууралуу азыноолак кеп кылгым келди.

Жээнбүбү Надырбекова 1956-жылдын 16-ноябрында айтылуу Аксы районунун жарашыктуу Жаңы-Жол айылында чыгаан мугалим Жакыпбек Надырбековдун үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген.

1975-жылы «Ленинчил жаш», азыркы Ж.Мамытбеков мектебинен орто билимге ээ болгон. 1979-жылы Кыргыз мамлекеттик универстетинин химия факультетин ийгиликтүү аяктаган соң, эмгек жолун  Кара-Суу орто мектебинен баштаган.

Жаштайынан үй-бүлөдө, мектепте, жогорку окуу жайында бекемделген терең билим, такшалган мүнөз, изденүү, талбас эмгек, өз билимин тынымсыз өркүндөтүү менен түйшүгү түмөн кесиптен тез эле өз жолун таап, ийгилик артынан ийгиликтерди чакыра баштайт.

Окуучулары аймактык, райондук, бара-бара облустук, ал эле эмес республикалык олимпиадаларды багындырып келет.

1981-1982-окуу жылынан 2020-2021-окуу жылдары окуучулары районду багындырып, облустук олимпиадада белгилүү орундарды ээлесе, 2014-2015-окуу жылында, 2020-2021/2021-2022-окуу жылдарда химия предмети боюнча республикалык олимпиадада алдыңкы  орундарды ээлеп, т.а. 2020-2021-окуу жылында  1-орунду алган.

Жасаган эмгеги, жетишкен ийгиликтери жогору бааланып, мектептин, Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн, Аксы райондук администрациясынын, Жалал-Абад облустук методикалык борборунун, Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн Ардак грамотасы менен бир нече ирет сыйланган. 2005-жылы Жалал-Абад облустук  мамлекеттик администрациясынын, 2013-жылы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасына ээ болгон.

2010-жылы Курманжан Датканын 200 жылдыгына, 8-март — Эл аралык аялдар майрамынын 100 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын  көз карандысыздыгынын 20 жылдыгына карата Борбордук Азиядагы биринчи Президент айым Роза Отунбаеванын сыйлык баракчасы менен сыйланган.

Өз предметинин чебери, мыктысы болууда ар тараптуулук натыйжа берет. 2011-жылы Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Кыргыз-Россия славян универстетинин Ардак грамотасы менен сыйланган.

Көп жылдар бою Аксы районундагы №10 Ж.Мамытбеков атындагы жалпы билим берүү орто мектебинде класстан тышкаркы иштерди уюштуруучу болуп эмгектенип, окуучулардын  шык-жөндөмүн, талантын, бекем билимин, мыкты тарбиясын жөнгө салуу үчүн уюштурулган  “Жаш таланттар”  сынагында райондук алдыңкы орундарды, баш байгени 2013-2014-2015-жылдары багындырган.

Класстан тышкаркы иштерди уюштурууда мыкты жетекчи экенин далилдеп, иш тажрыйбасын үйрөтүү  максатында 2012-2013-окуу жылында райондук класстан тышкаркы иштерди уюштуруучулардын семинарын өткөрүп, башталгыч класстардын он мугалиминин өткөн тарбиялык сабактары “Мугалимдер дүйнөсү” газетасына жарыяланган.

 “Изденүүдөн ийгилик жаралат”  дегендей эжекенин албан-албан ийгиликтери али алдыда. Биз  билген  Жаңы-Жол айылындагы улуулук менен тааныштыруу сиздер үчүн да ийгиликтерге жол ачат деп ойлойбуз.

Айгүл Момункулова, №10 Ж.Мамытбеков атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими, эл агартуунун мыктысы

Мугалимдин ишмердүүлүгүнөн асыл ой, бийик идея, максаттуулук жаралат. Ал эми ишмердүүлүк билим-тарбия берүүдө ийгиликке жеткирет.

ИЗДЕНҮҮДӨН  ИЙГИЛИК  ЖАРАЛАТ

Сабак – мугалим менен окуучунун биргелешкен чыгармачылык эмгеги. Окуучу  менен болгон биргелешкен эмгекте, окуучунун билим алуу мүмкүнчүлүгүнө  улуу педагог, педагогика илимдеринин доктору Ю.Бабанский    окуучунун коомдук жана эмгектик активдүүлүгү, адептүү тарбиялангандыгы, окууга болгон мамилеси,  окуу таанып-билүү иш-аракетинин калыптанышы, окуудагы туруктуулугу, дене бой жактан өсүшү, үй-бүлөнүн тарбиялык мааниси болгон жети параметрин сунуш кылган. Ушуларды эске алуу менен сабакта билим берүү — учурдун талабы. Мугалимдин ишмердүүлүгү анын өткөн  сабагында түптөлөт жана жаралат.

Педагогикалык ишмердүүлүк өз ара аракеттенүүчү эки тарапты камтыйт жана аң-сезимдүү мүнөзгө ээ. Коюлган максаттан  пайдаланылган каражаттардан,  алынган натыйжадан жана процесстин өзүнөн тургандыктан, 1979-1980-окуу жылынан 2022-2023-окуу жылына чейинки аралыкта ар бир өткөн сабактын максатын айкындоо, аны окуучуларга жеткирүү жолу жана сабактагы натыйжага ээ болуу – бул менин 43 жылдык педагогикалык ишмердүүлүгүмдүн алгачкы баскычы. Ал эми сабакта тема боюнча билимди берүүдөгү каражаттар, аларды таап жана тандай билүү, предмет аралык байланыштарды түзүү — бул ишмердүүлүктүн башаты.

Ишмердүүлүк адамга гана таандык болгондуктан, билим жана тарбия берүүдө окуучунун  активдүүлүгүнө жетишүү жана химия предметине болгон кызыгуусун арттыруу — бул менин педагогикалык ишмердүүлүгүмдөгү экинчи баскыч болуп эсептелет. Билим алууда баланын инсан катарында калыптанышын шарттаган баарлашуу, эмгектенүү, окуп үйрөнүү ишмердүүлүгүнө жетишүү багытында ар бир сабакта жагымдуу маанай, активдүү иш-аракетти түзүү керектиги зарыл.

Ишмердүүлүктүн ыкластуулук менен багыт алуу компонентинде ар бир сабактын толуктуулугуна, жеткиликтүүлүгүнө, илимдүүлүгүнө басым жасоо менен окуучулардын химия предметине болгон кызыгуусуна жетиштим. Менин окуучуларым 1991-2023-окуу жылына чейинки аралыкта ар бир окуу жылында райондук окуучулардын предметтик олимпиадасында химия боюнча 1-2-орунду, облустук  турда 1-2-3-орундардын ээси болсо,  республикалык этапта 2018-2022-окуу жылдарында  активдүү катышуучусу болду. Ал эми 2020-2021-окуу жылында окуучум  республикалык олимпиадада 1-орунду алган.

 Билим, тарбия берүү ишмердүүлүгү мугалимге гана таандык.

Мугалим ишмердүүлүктүн ой жүгүртүү иш-аракети компонентинде  окуучунун билгичтигин, баамдоосун, анализдөөсүн, салыштырма билүүсүн, жалпылоосун, проблеманы чече билүүсүн калыптандырат, өнүктүрөт  жана  окуучуну  ишмердүүлүккө  чакырат, натыйжада  окуучулар  тема  боюнча  буклеттерди, рефераттарды  жазып, химия  боюнча  билимдерин  тереңдетет.

Мугалимдин  ишмердүүлүгүнүн дагы бир орчундуу багыты — окуучуну  изилдөөчүлүк  иш-аракетке  тартуу. Эгерде  окуучу  теманын үстүндө өз  алдынча изилдөө ишин алып  барса, анда ал  ар бир кадамын баамдап,  изилдөө иш-аракетиндеги ыкмасына жана топтогон маалыматына басым жасап, билгичтигинен жыйынтык чыгара билүүсүнө түрткү берет. Ушундай жол менен  окуучунун химия предметине болгон кызыгуусун арттырдым.

Албетте, окуучумун кызыгуусу ийгиликти жаратат. Ал ийгилик – мугалимдин ишмердүүлүгүнүн натыйжасы.

Мугалимдин ишмердүүлүгү сабакта жаралгандыктан  ал окутуучу жана өнүктүрүүчү компонентке ээ. Маселен, мен сабакты окуучунун окуу ишмердүүлүгүн мотивдештирүүдөн баштайм. Алсак,  билимди актуалдаштырам, окуучулардын божомолдоосу аркылуу сабактын максаттары менен тааныштырам, тема боюнча билимди берүүдө окуучунун өз алдынча окуу ишмердүүлүгүнө өбөлгө түзөм, окуу материалдарын моделдештирем, мультимедиалык презентацияларды түзөм, бышыктайм жана окуучулардын билимин баалоо менен сабакты аяктайм.

Ар бир сабак өзүнчө кызыктуу дүйнө, бул дүйнөнү түзүүдө мугалим изденип, чыгармачылык менен эмгектенүүсү керек. Кайталангыс улуу химик Д.И.Менделеев: “Талыкпаган эмгектенүү, ишмердүүлүк болбосо, таланттар да, генийлер да болбойт” деп айткандай, ар бир окуучу таланттуу экенине ишенем жана алар менен билим-тарбия берүүдө биргелешкен кызматташуум үчүн сыймыктанам.

Жээнбүбү Надырбекова,  №10 Жоробек Мамытбеков атындагы орто мектебинин химия мугалими, эл агартуунун мыктысы, КР Президентинин Ардак грамотасынын ээси

Бөлүшүү

Комментарийлер