АЙТМАТОВДУН 95 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛДЫ

  • 30.10.2023
  • 0

ОшТУда Ч.Айматовдун 95 жылдыгына арналган студенттер арасындагы “Кыргыз тилин сактай билген жаңы доордун муунубуз” жана “Адам өмүрүндөгү эң кымбат байлык – эне тили” темаларындагы дилбаян жана эссе жазуу сынагынын жыйынтыгы чыкты.

АЙТМАТОВДУН 95 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛДЫ

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан “Кыргыз тили жана Ч.Айтматовдун ааламы” аттуу мамлекеттик тилдин үч айлыгынын алкагында Ош технологиялык университетинде китепкана жамааты адабий кече уюштурду. Бул иш-чарага ОшТУнун жетекчилиги, окутуучулар жана студенттер катышты. Студенттер залкар жазуучунун учкул сөздөрүн жана чыгармаларынан кыскача көрүнүштөрдү жогорку деңгээлде аткарып беришти.

Үч айлыктын алкагында Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына карата студенттер арасында “Кыргыз тилин сактай билген, жаңы доордун муунубуз” деген темада дилбаян жана “Адам өмүрүндөгү эң кымбат байлык – эне тили” аттуу темад эссе жазуу сынагы өткөрүлүп, жеңүүчүлөр аныкталып, диплом жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.

Дилбаян сынагы боюнча биринчи орунду ГСПМ-1-21 тайпасынын студенти Аскатбек Абдувалиев, экинчи орунду СР-1-22 тайпасынын студенти Ханзада Орозбекова жана үчүнчү орунду Өзгөн Эл аралык технологиялық жана билим берүү институтунун студенти Сезимгүл Жаныбек кызы ээледи. Ал эми эссе сынагы боюнча биринчи орун Өзгөн Эл аралык технологиялық жана билим берүү институтунун студенти Фатима Бекмаматовага, экинчи орун КСК-1-23(9) тайпасы Акбермет Абылкасымовага ыйгарылды.

ОшТУнун басма сөз кызматы.

Бөлүшүү

Комментарийлер