АЙСУЛУУ ТЫНЫБЕКОВА АЛТЫНЧЫ ЖОЛУ АЗИЯ ЧЕМПИОНУ БОЛДУ

  • 14.04.2024
  • 0

АЙСУЛУУ ТЫНЫБЕКОВА АЛТЫНЧЫ ЖОЛУ АЗИЯ ЧЕМПИОНУ БОЛДУБишкекте өтүп жаткан Күрөш боюнча Азия чемпионатында 14-апрелде  Токио олимпиадасынын күмүш байге ээси, дүйнөнүн үч жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова 6-ирет Азия чемпиону болду. Ал Азия чемпионатынын финалында жапониялык балбан Сакура Мотокини 9:6 эсебинде утту.

Бул балбан кыз менен 2023-жылы Сербияда өткөн дүйнө чемпионатынын финалында дагы беттешип, анда дагы Айсулуу жеңип алган.

Буга чейин Тыныбекова  чейрек финалда Түштүк Кореянын балбаны Субин Жону 3 мүнөт 30 секундга жетпеген убакта мөөнөтүнөн мурда артыкчылык менен жеңип алган. Ал эми жарым финалда Монголиянын намысын коргогон Церенчимед Сукхени дагы 13:3 эсебинде утуп алып, баш байгеге жолун ачкан.

Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан атактуу балбан Айсулуу Тыныбекова кыргыз спортунун тарыхында ушуну менен 2013-жылдан бери Азия чемпионаттарына 11 жолу катышып, 6 алтын, 3 күмүш жана 2 коло байге уткан алгачкы спортчу болуп саналат. Мындай ийгиликти кыргыз спортчуларынан эч ким жарата элек.

АЙСУЛУУ ТЫНЫБЕКОВА АЛТЫНЧЫ ЖОЛУ АЗИЯ ЧЕМПИОНУ БОЛДУКыргыз спортуна эмгек сиңирген чебер Айсулуу Тыныбекова 1993-жылы 4-майда Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында төрөлгөн. Үй-бүлөдө төртүнчү бала, эки эжеси, ага-иниси бар. Айсулуу бала кезинен баштап спортко жакын болуп өстү. Спортко жакын болушуна апасы чоң салым кошкон. Бул үй-бүлөдө өзгөчө салт бар: баары күн сайын эртең менен чуркашат.

АЙСУЛУУ ТЫНЫБЕКОВА АЛТЫНЧЫ ЖОЛУ АЗИЯ ЧЕМПИОНУ БОЛДУАйсулуу 8-класска чейин мектептин баскетбол командасынын капитаны болгон. 9-классты бүтүргөнгө чейин чыгыш өнөрү каратэ-до менен машыгып жүргөн. 10-классында эркин күрөш менен алектене баштаган. Ата-энесин колдоосуна ээ болуп, профессионалдык спорт менен машыгуу үчүн Бишкекке көчүп келген. Алгачкы устаты, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Түгөлбай Базакечев болсо, эл аралык аренага таанытып, күрөш ыкмаларын үйрөтүп, ийгиликтерди жаратуусуна  Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу, өлкөбүздүн башкы устаты Нурбек Изабеков болуп саналат.

АЙСУЛУУ ТЫНЫБЕКОВА АЛТЫНЧЫ ЖОЛУ АЗИЯ ЧЕМПИОНУ БОЛДУ2010-жылы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде окуп, машыгып жүргөндө агайы Сабыр Рысбеков азыркы машыктыруучусу Нурбек Изабеков менен тааныштырган. Айсулуунун тырышчаактыгын, эмгекчилдигин, өжөрлүгүн байкап,  келечегин көрө билген Нурбек  Изабеков аны эл аралык деңгээлге көтөрүп чыкты. Алтындай убактысын, баалуу нерселерин Айсулуу үчүн курман кылды. Ар мелдеште анын эмгегин текке кетирбөө үчүн Айсулуу да жакшы күрөшүүгө умтулуп, улам ийгиликтерди камсыз кылып, Кыргызстанды дүйнөгө тааныта алды.

2009-жылы күрөш боюнча курама командага кабыл алып, кийинки 2010-жылы Азия чемпионатында коло медаль утуу менен чоң спорттогу жолу ачылган. Андан кийин да көптөгөн эл аралык мелдештерде байгелүү орундарга ээ болуп, чеберчилиги жогорулап, ишеничти актап, кыргыз элин сүйүнүчкө бөлөп келатат.

Айсулуу Эгемен Кыргызстандын тарыхында спорттун Олимпиадалык түрлөрүнөн Дүйнө чемпиону болгон алгачкы кыргызстандык спортчу. Ал ошондой эле күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын финалында үч жолу күрөшүп, 3 жолу тең жеңишке жеткен алгачкы кыргызстандык балбан.

АЙСУЛУУ ТЫНЫБЕКОВА АЛТЫНЧЫ ЖОЛУ АЗИЯ ЧЕМПИОНУ БОЛДУАйсулуунун негизги жетишкендиктери

  • 2010-жылы кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионатында коло медалды уткан жана жаштар арасында Азиянын чемпиону болгон.
  • 2012-жылкы Лондон Олимпиадасынын катышуучусу. Эл аралык турнирлерде бир нече жолу утушка жетишкен.
  • 2013-жылы Азия чемпионатынын коло медалынын жеңген. Россиянын Казан шаарында өткөн Дүйнөлүк Студенттик Универсиадада коло медалга ээ болгон.
  • 2014-жылы Түштүк Кореянын Инчхон шаарында өткөн XIV Азия оюндарынын коло медалын тагынган.
  • 2015-жылы Орусияда өткөн Олимпиада чемпиону Иван Ярыгиндин Гран-при байгесинде күмүш медалын уткан.
  • 2014-2015-жылдары Азия чемпионатынын күмүш медалына ээ болгон.
  • 2016-жылы Таиланддын Бангкок шаарында өткөн Азия чемпионатында 58 килограмм салмакта Азиянын чемпиону болгон.
  • 2018-жылы XVIII Азия оюндарынын чемпиону. Индонезия.
  • 2019-жылы Астана шаарында Дүйнө чемпиону аталган.
  • 2020-жылы Дүйнө Кубогунун жеңүүчүсү. Белград, Сербия.
  • 2021-жылы Токио олимпиадасынын күмүш медалынын ээси болгон.
  • 2021-жылы экинчи ирет Дүйнө чемпиону. Осло, Норвегия.
  • 2023-жылы Сербиянын Белград шаарында үчүнчү жолу Дүйнө чемпиону болуу менен бирге Париж олимпиадасына жолдомо утуп алган.
  • 2024-жылы 14-апрелде Бишкекте 6-ирет Азия чемпиону болду.

АЙСУЛУУ ТЫНЫБЕКОВА АЛТЫНЧЫ ЖОЛУ АЗИЯ ЧЕМПИОНУ БОЛДУАйсулуунун сыйлыктары

  • 2017-жылы «Даңк» медалы менен сыйланган.
  • 2017-жылы Украинада «Золотой мангуст» эл аралык ордени менен сыйланган.
  • 2019-жылы «Спорт жаатындагы мыкты жетишкендик» номинациясында Кыргыз Республикасынын Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты болгон.
  • 2021-жылы Токио шаарында өткөн XXXII жайкы Олимпиада оюндарындагы ийгилиги үчүн II жана Манас ордени менен сыйланган.
  • 2023-жылы «Жылдын эң мыкты балбан кызы» деп Бириккен Күрөш дүйнөсү уюму жарыялаган.

Айсулуу кыз-келиндер күрөшүнүн 62 килограмм салмактагы балбандарынын дүйнөлүк рейтингинде биринчи орунда турат.

АЙСУЛУУ ТЫНЫБЕКОВА АЛТЫНЧЫ ЖОЛУ АЗИЯ ЧЕМПИОНУ БОЛДУ

Podium 62kg WW — Gold Aisuluu Tynybekova (KGZ)

Ал жалгыз калганда күндөлүгүн ачып, сырларын төгүп, ой-кыялдарын, максаттарын жазып турат. Көркөм адабиятка кызыгып, бош убактысында китеп окуйт. Мындан сырткары, кубанганда же кайгырганда кагаз бетин чиймелеп ыр жазып, сүрөт тартат.

Бишкектеги бул Азия чемпионаты Айсулуу үчүн Париж олимпиадасына даярдыгын сынап көрүүнүн бир этабы болду.

Кыз балбандардын 2 алтын, 2 коло байгеси

Азия чемпионатында 13-апрелде кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы жеңишке жетишип, алтын медаль тагынган. Ошондой эле Арууке Кадырбек кызы менен Гүлнура Таштанбекова коло байгеге ээ болушкан.

АЙСУЛУУ ТЫНЫБЕКОВА АЛТЫНЧЫ ЖОЛУ АЗИЯ ЧЕМПИОНУ БОЛДУ

Балбан кыздарды жеңиштери менен куттуктайбыз!

Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионаты 16-апрелге чейин уланат.

15-апрелде грек-рим күрөшү боюнча таймашуулар башталат.

Кабыл Макешов,  

Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер,“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер