АЙПЕРИ МЕДЕТ КЫЗЫ АЗИЯНЫН ҮЧ ЖОЛКУ ЧЕМПИОНУ БОЛДУ

  • 28.03.2025
  • 0

Кечээ, 27-мартта кечинде кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионатынын таймашууларында 76 кг салмакта Айпери Медет кызы баардык атаандаштарын утуп, алтын медаль тагынып, Азиянын үч жолку чемпиону аталды. 25-марттан бери Иорданиянын борбору Амман шаарында спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты курч мүнөздө өтүп жатат.

АЙПЕРИ МЕДЕТ КЫЗЫ АЗИЯНЫН ҮЧ ЖОЛКУ ЧЕМПИОНУ БОЛДУ

Айпери финалдык беттеште индиялык Ритика Худаны 7:6 эсебинде утуп, табында экенин далилдеди. Ал курч таймашууда акыркы 30 секундда төрт балл алып, жеңишке жетти. Айпери ушул индиялык балбан кызды буга чейин 2024-жылы Париж шаарында өткөн Жайкы олимпиада оюндарынын чейрек финалында да жеңип алган эле.

АЙПЕРИ МЕДЕТ КЫЗЫ АЗИЯНЫН ҮЧ ЖОЛКУ ЧЕМПИОНУ БОЛДУ

76kg WW — Aiperi Medet Kyzy (KGZ)

Кыргызстанды дүйнөлүк аренада таанытып келаткан Айпери Медет кызы 25 жашта.  Ал Дүйнө чемпионатынын күмүш (2023-ж.) жана коло байгелеринин ээси (2021-ж.). Дүйнө Кубогунун жеңүүчүсү. Азия оюндарынын алтын (2022-ж.) жана коло (2018-ж.) медалдарын уткан. Ал ушуну менен Азия чемпионатынын финалында алты жолу күрөшүп, 3 алтын, 3 күмүш байгелүү болду.  Ал буга чейин  2022-жылы Монголиянын Улан-Батор шаарында жана 2024-жылы Кыргызстандын баш калаасы Бишкекте өткөн  Азия чемпионаттарында баш байгенин ээси болгон.  Ошондой эле үч жолу  финалга чыгып, күмүш медаль тагынган (2020-ж., 2021-ж., 2023-ж.). Токио жана Париж шаарларында өткөн Жайкы олимпиада оюндарына катышып,  эки жолу  бешинчи орунду ээлеген. Ислам тилектештик оюндарынын чемпиону.

АЙПЕРИ МЕДЕТ КЫЗЫ АЗИЯНЫН ҮЧ ЖОЛКУ ЧЕМПИОНУ БОЛДУ

Айпери Медет кызы жаштар, 23 жашка чейинкилер арасында Дүйнө чемпиону жана бир нече эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү болуп, жаш спортчуларга үлгү, өрнөк болуп, шыктандырып келатат. Айпериге алгач күрөш ыкмаларын, сырларын үйрөткөн биринчи устаты, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Дүйшөн Жуманазаров болсо, эл аралык аренага тааныткан устаты, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Нурбек Изабеков болуп саналат. Ошондой эле Айпери Токио жана Париж олимпиада оюндарынын күмүш жана коло байге ээси, дүйнө жана Азия чемпиону Мээрим Жуманазарова менен бир класста окуп, Мээримдин атасы Дүйшөндө бирге машыккан.

АЙПЕРИ МЕДЕТ КЫЗЫ АЗИЯНЫН ҮЧ ЖОЛКУ ЧЕМПИОНУ БОЛДУБүгүн, 28-мартта кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионатынын таймашууларында кыргызстандык 4 балбан кыз мөрөй талашып, 57 кг салмакта Мээрим Жуманазарованын сиңдиси Сезим Жуманазарова, 62 кг салмакта Калмира Билимбек кызы,  65 кг салмакта  Дильназ Сазанова  жана  72 кг салмакта Нурзат Нуртаева өлкө намысмын коргойт. Балбан кыздарга дагы ийгиликтерди каалап, сүрөөнгө алып туралы.

Ал эми 28-мартта Амман шаарынан грек-рим күрөшүнүн балбандары Азия чемпионатынан Бишкекке кайтып келишти. Бул ирет Азия чемпионатына грек-рим күрөшү боюнча 10 балбан өлкө намысын коргоп, Раззак Бейшекеев –күмүш, Ырыскелди Максатбек уулу коло медаль утуп келишти.

Амман шаарында 25-мартта башталган Азия чемпионаты 30-мартта жыйынтыкталат.

Кабыл Макешов,

спорттук баяндамачы, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер