АЙГҮЛ ЖАПАРОВА 1-ЭЛ АРАЛЫК КИНОФЕСТИВАЛЫНЫН АЧЫЛЫШ АЗЕМИНЕ КАТЫШТЫ

  • 30.11.2023
  • 0

 Өлкөнүн биринчи айымы Айгүл Жапарова Парижде (Франция) ЮНЕСКОнун колдоосу астында өтүп жаткан Cinema Heritag 1-эл аралык кинофестивалынын ачылыш аземине катышты.

АЙГҮЛ ЖАПАРОВА 1-ЭЛ АРАЛЫК КИНОФЕСТИВАЛЫНЫН АЧЫЛЫШ АЗЕМИНЕ КАТЫШТЫ

ЮНЕСКОнун штаб-квартирасында өткөн иш-чарага ЮНЕСКОнун башкы директорунун Африка жана тышкы байланыштар боюнча орун басары Энтони Охеменг-Боама, дүйнөлүк кинорежиссерлор, анын ичинде кытайлык легендарлуу режиссер Чжан Имоу, түрк кинорежиссеру, Берлин кинофестивалынын жогорку сыйлыгы «Алтын аюунун» ээси Семих Капланоглу жана башкалар да катышты. Аталган кинофестивалдын финалына кыргызстандык режиссер Актан Арым Кубаттын “Эсимде” тасмасы өткөн.

АЙГҮЛ ЖАПАРОВА 1-ЭЛ АРАЛЫК КИНОФЕСТИВАЛЫНЫН АЧЫЛЫШ АЗЕМИНЕ КАТЫШТЫ

Кошумчалай кетсек, бул күндөрү Париждин ири кинотеатрларында кыргызстандык режиссерлордун – Cinema Heritage программасынын катышуучуларынын тасмалары көрсөтүлүүдө.

Жаңы эл аралык кинофестивалдын негизги максаты – ЮНЕСКОнун идеяларын ээрчип, жаңы реалдуулуктарды жана образдарды ачуу, жаңы таланттардын өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү, өзгөчө кино тили аркылуу өлкөлөр, элдер, муундар жана доорлор ортосунда байланыш түзүү.

Cinema Heritage кинофестивалынын негиздөөчүлөрүнүн бири Кыргызстандын Франциядагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Садык Шер-Нияз.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер