АЙДЫН КЫРТЫШЫНА КОЛУ ЖЕТКЕН ААЛЫМ

  • 05.04.2024
  • 0

Күнөстүү Ош жергесинин миңдеген мөлтүр  булактарынын бири –Араван  өлкөбүздөгү  эң бир ажайып, жери асыл, түшүмдүү  аймактардын бири. Көздүн жоосун алган гүлүстанды элестеткен чөлкөм жеринин асылдуулугу, түшүмдүүлүгү, кайратман дыйкандарынын мээнеткечитиги менен гана эмес, атагы алыска кеткен  жылдыздуу адамдары: чыгаан  окумуштуулары,  сөз чеберлери, айыл чарбасынын акылгөй  жетекчилери, иш десе ашын жерге койгон  эмгек баатырлары, ойлору  ааламды сыдырган академиктери менен да атактуу.

 

АЙДЫН КЫРТЫШЫНА КОЛУ ЖЕТКЕН ААЛЫМ

Экинчи дүйнөлүк согушта советтик аскерлерге танк тартуулаган колхоздун төрагасы Азамхан Сайдахматов, эки жолку Социалисттик Эмгектин Баатыры Алла Анаров, жалгыз эле Өзбекстандын эмес, бүтүндөй Орто Азиянын  алтын кендеринин картасын тартып, кагазга түшүргөн, 1956-1962-жылдары  Өзбекстандын Илимдер академиясынын президенти болгон, академик Хабиб Абдуллаев сыяктуу элим үчүн, жерим үчүн деп жанын сабап иштеген чыгаандар кудум Аравандын кулундары.

Киндик каны тамган кыштагынан ааламга жол салып, ысмын дүйнөгө таанытып, бүгүн өзүнүн кутман жаш 75 жылдык жылдыздуу маарекесин күтүп жаткан академик Мухаммаджан Мамасаидов да мына ушундай азамат, зирек аравандыктардын бири.

Мамасаидов М. 1949-жылдын 1-апрелинде Ош облусунун  Араван районундагы Араван кыштагында  мугалимдин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. 1966-жылы  орто мектепти алтын медаль, 1971-жылы  Фрунзедеги политехникалык институтту Лениндик степендиат катары артыкчылык диплому менен  бүтүргөн.

Мухаммаджан Мамасаидов 1971-1990-жылдары Илимдер академиясынын  Механика жана тоо машиналары бөлүмүндө (бүгүнкү машина таануу институту) эмгектенип, инженердик кызматтан  илимий лабораториянын башчылыгына чейинки жолду басып өткөн. 1973-жылы ФПИнин аспирантурасына тапшырып, кандидаттык диссертациясын коргоо үчүн эмгегин мөөнөтүнөн мурдараак 1975-жылы сунуштап, аспирантураны графиктен озуу менен аяктаган. 1989-жылы СССРдин Жогорку аттестациялык комиссиясы ага  ири илимий изилдөөлөрү үчүн  техникалык илимдердин доктору илимий даражасын ыйгарган. Ал эми профессор наамына 1992 (Орусия Федерациясы) жана 1994-жылы (Кыргыз Республикасы) татыктуу болгон.

 

Академик М.Мамасаидов Кыргызстандын єзбек тилдүү мектептери үчүн окуу китептерин даярдоо борборунун (1998-ж.) демилгечиси жана шыктандыруучусу болуп саналат. Бул борбор мамлекеттик маанилүү милдетти – 200гє жакын мектепти мамлекеттик стандарттагы окуу китептери менен жабдууну чечүүгє багытталган. Учурда борбор активдүү иштеп жатат жана анын илимий-методикалык жетекчилиги астында жалпы тиражы 2,5 миллион нускадан ашык 167 аталыштагы окуу китептери басылып чыкты. Мазмуну терең жаңы окуу китептеринин сериясын иштеп чыккандыгы үчүн 2004-жылы ага жана авторлор тобуна Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган.

 

Академик Мамасаидов 1990-жылы Илимдер академиясынын жолдомосу менен  Ош шаарына көчүп келген жана ЮКУНЦте иштей баштаган. 1994-жылы КР УИКнын Түштүк бөлүмүндө илимий бөлүмдү жетектеген жана  ошол эле мезгилде ОшТУнун окуу бөлүмү боюнча проректору катары эмгектенген. Ошол эле 1994-жылы жаңы негизделген Кыргыз-Өзбек жогорку коллежинин ректор-негиздөөчүсү болгон. Ал эми 1997-жылдан баштап 2005-жылга чейин  кайрадан уюшулган Кыргыз-Өзбек университетинин туңгуч ректору катары тарыхтын барактарына ысмы чегерилген.

Мухаммаджан Ташалиевич 1993-жылы КР Улуттук академиясынын мүчө-корреспонденти, ал эми 2000-жылы академиги болуп шайланган. 1995-жылдан бери  КР Инженердик академиясынын да  академиги.

М.Мамасаидов – өлкөбүздө жана чет мамлекеттерде  таанылган  окумуштуу-механик, инженер-ойлоп табуучу, педагог-насаатчы, илим-билимдин  мыкты уюштуруучусу, коомдук-мамлекеттик ишмер.

Ал көп кыймылдуу винттик механизмдердин атайын теориясынын жаратуучусу. Бул теория «Луна-16» жана «Луна-24» космос станциялары үчүн уникалдуу бургулоочу машинаны түзүү үчүн колдонулган (1975), ал Айдан топурактын колоннасын 2,2 м тереңдиктен алып, Жерге адамдын катышуусуз жеткирүүнү камсыз кылган. Кыргыз жана советтик илимдин сыймыгы болгон бул эмгектери үчүн илим жана техника тармагындагы Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты (1977), андан кийин «Орус космонавтикасына 50 жыл» жекелештирилген медалы (2012) менен сыйланган.

Ал тоо кыркаларынан табигый таш блокторун ажыратуунун технологиялык процессинин жалпы теориясынын негиздөөчүсү. Ал биринчи болуп технологиялык процесстин негизги көрсөткүчтөрү менен табигый таштын физикалык-механикалык касиеттерин, тоо кыркаларын, тоо-кен машиналарынын аракеттик жана конструкциялык мүнөздөмөлөрүн, уюштуруу-технологиялык факторлорунун ортосундагы фундаменталдуу байланыштарды аныктаган. Окумуштуунун илимий теорияларынын негизинде таш казуучу машиналардын бир катар жаңы моделдери түзүлгөн. Аларга бургулоочу агрегаттар кирет: универсалдуу УБА-1 жана адистештирилген СБА-2р, СБС-1ц, ПБС-1; таш кесүүчү машиналар: чынжырдуу ЦКМ-1, КМЦ-1 дискалуу ЦКМ-2д жана эшме зымдуу КМК-1; көчмө гидравликалык клин түзүлмѳсү ПГУ-1. Алар сыноолордон ийгиликтүү өтүп, мурдагы союздук өлкөлөрдүн жана Кыргыз Республикасынын карьерлеринде жана курулуш объектилеринде жогорку көрсөткүчтөрдү камсыз кылган.

М.Мамасаидовдун илимий кызыгуусу табигый ташты жарып, формалуу жасалгалоо жолу менен иштетүү ыкмаларына да багытталган. Ал бул технологиялардын теориясын жана практикасын өркүндөтүп, адаптацияланган ПКА-400, ПКА-800, ПКА-3000 таш жаргыч пресстеринин  бүтүндөй бир системасын, ошондой эле жогорудагылардын  мобилдүү үлгүлөрүнөн болгон ПКА-800п, ПКА-800м жана алардын бургулоочу көчмө варианттары ПКА-50, ПКА-30 түзүүгө  эбегейсиз салымын кошкон.

Ал тоо-кен машыналарын  комплестүү илимий-техникалык ѳнүктүрүү иштери үчүн  жогорку сыйлыктарга – Кыргыз ССРнин Жогорку Советинин Грамотасына (1983-ж) жана Ардак Грамотасына (1990-ж) татыктуу болгон. 1998-жылы  ага «Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер» жогорку наамы ыйгарылган.

М.Мамасаидов – уникалдуу Кыргыз-Өзбек университетинин чыныгы уюштуруучусу жана негиздөөчүсү. Анын чыгармачыл жетекчилиги жана түздөн-түз катышуусу астында жаңы түзүлгөн Кыргыз-Өзбек жогорку технологиялык коллежи   кыска мөөнөттө  университеттин статусуна жеткен жана бардык багыттар боюнча  максаттуу өнүгүүнүн жолун ары карай улап баратат:

  • студенттердин жалпы саны 24,5 миң жана 700дөн ашык профессордук-окутуучулук курамы, анын ичинен 23 илимдин доктору жана 107 кандидаты бар чоң окуу комплекси болууга жетишкен;
  • беш илимий изилдөө борбору, үч көйгөйлөрдүү чечүүчү лабораториясы жана диссертацияларды коргоо боюнча атайын кеңеши бар атактуу илим храмына айланган;
  • эгемен Кыргызстандын жана коңшу мамлекеттердин көп улуттуу жаштарынын достугунун жана биримдигинин символу болуп калган;
  • кубаттуу материалдык-техникалык жана экономикалык базага, анын ичинде 9 окуу корпусуна жана 73 миллион сомдон ашык финансалык каражаттарга ээ болду, бул университеттин мындан аркы ишмердигине негиз болду.

Мына ушулардын бүтүмү  10 жылга жетпеген кыска убакытта   жок жерден канатын сермеп, Кыргызстандын  мыкты 10 жогорку окуу жайларынын катарынан  орун алды. Мындай ийгиктин жаралуусуна, албетте, университеттин туңгуч ректору академик Мамасаидовдун кошкон эбегейсиз салымы бар.

Педагогикалык ишмердүүлүктөгү жогорку натыйжалары үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен М.Мамасаидов Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги (1995-ж.) жана Билим берүү министрлигинин коллегиясынын мүчөсү (2001-2005-ж.) болуп дайындалды. Ошондой эле дүйнөлүк коомчулук аны «Дүйнөнүн алдыңкы мугалимдери» Ардактуу лигасына шайлады (Кембридж, Англия, 2008 ж.).

М.Мамасаидов – жоктон барды жараткан сейрек кездешүүчү, тынымсыз изденген  окумушутуу жана эмгеги сиңген педагог. Анын 14 монографысын жана 12 окуу китептерин камтыган 280 илимий эмгектери бар. Анын изилдөөлөрүнүн натыйжалары абройлуу басылмаларда жарыяланып, эл аралык конференциялардын бийик минбарларынан баяндалган. Окумуштуу басымдуу бөлүгү техникаларда жана технологияларда пайдаланылган 37 ойлоп табуунун автору. Анын түздөн-түз жетекчилиги астында илимдин 16 кандидаты жана 2 доктору даярдалган, ал эми анын илимий мектеби жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоочу илимканага айланды.

М.Мамасаидовдун коомдук-мамлекеттик ишмердүүлүгү көп кырдуу жана  масштабдуу. Ал төрт жолу  (1995, 2000, 2005, 2007-жж.) КР Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Шайлоочулардын ишенимин толук актап, билим берүү жана илим тармагындагы мыйзамдарды даярдоого жана кабыл алууга, калктын социалдык-укуктук маанилүү маселелерин чечүүгө чыгармачылык менен катышкан. Расмий делегациялардын курамында ал АКШ, Малайзия, Италия, Бельгия (Европа парламенти), Франция (ЮНЕСКО), Чехия, Словакия, Австрия, Сауд Аравиясы, Түркияда болуп, парламенттер аралык маселелер боюнча актуалдуу  баяндамаларды жасап, Кыргызстандын эл аралык аренадагы кызыкчылыгын коргогон. Мына ушундай жигердүү эмгеги үчүн ага “Кыргыз Республикасынын II даражадагы мамлекеттик кеңешчиси” макамы (2003-ж.) берилип, Парламенттер аралык ассамблеянын медалы менен сыйланган (Санкт-Петербург, 2007-ж.).

1997-жылдан 2008-жылга чейин академик М.Мамасаидов Республикалык өзбек маданият борборунун биринчи төрагасы (азыр ардактуу президенты), Кыргызстан калкынын Ассамблеясынын кеңешинин мүчөсү. Бул жерде ал өзүн  чыныгы интернационалчы, акылман уюштуруучу жана алысты көрө билген саясатчы катары көрсөтүп келет. Улуттар аралык мамилелерди турукташтырууга жана элдердин биримдигин чыңдоого зор салымын кошууда. Ошондой эмгектери үчүн ал 2004-жылы Кыргыз Республикасынын «Данакер» ардак ордени жана «Руханият» эл аралык сыйлыгы (2002 ж.) менен сыйланган.

М.Мамасаидовдун  комплекстүү чыгармачылыгы жана  жемиштүү эмгектери дүйнөлүк илимий-техникалык коомчулукка кеңири  таанымал. Ал Эл аралык инженердик академиясынын академиги (1996), Нью-Йорк Илимдер академиясынын академиги (1998) жана Россиянын Табигый илимдер академиясынын академиги (Москва, 2006) болуп шайланган. Академик Мамасаидов М.В.Ломоносов атындагы сыйлыктын лауреаты (Москва, 2005); А.Нобель юбилейлик алтын медалынын (Стокгольм, 2005), А.Эйнштейн алтын медалынын (2006), ИМБДУнун чоң алтын медалынын (Вена, 2007) жана IPOнун (Москва, 2015) алтын медалынын ээси.

М.Мамасаидовдун ысымы Кыргыз
ССРинин энциклопедиясына (1987 ж.), энциклопедиялык маалымдамаларга жана Кыргызстан сөздүктөрүнө киргизилген. Илимий-техникалык ишмердүүлүктөгү жогорку көрсөткүчтөрү үчүн III даражадагы “Манас” ордени менен сыйланган (Бишкек, 2019-ж.)

Учурда  М.Т.Мамасаидов  элге билим берүүгө жана илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүүгө, өзгөчө Кыргызстандын түштүк чөлкөмүндө, баш оту менен кирип, өмүрүн, чыгармачылыгын илимге-билимге арнап келет. КөУнун «Табигый Таш» илимий изилдөө жана “Окуу китептерин даярдоо” борборлорунун директору жана КР УИАнын Түштүк бөлүмүндө башкы илимий кызматкер катарында талыкпай илимий-педагогикалык ишмердүүлүгүн улантып, студенттерге жана магистранттарга лекцияларды окуп, жаңы муундагы окуу китептерин жана технологиянын келечектүү моделдерин иштеп чыгып, жаш окумуштууларга насаатчылык кылууда. Окумуштуу – Кыргызстандын алдыңкы  ЖОЖнун ардактуу профессору.

М.Мамасаидов айыл жергесиндеги билим берүүгө өзгөчө көңүл  бурууга аракеттенет. Ал өзү айыл жергесинин кулуну. Академик өзү жашаган чөлкөмдөгү айыл жергелерине байма-бай каттап, айыл мектептерине, окуучуларга ар тараптуу жардам, колдоо көрсөтүп келет. Ошол эле учурда анын жаңы форматтагы мектепке чейинки билим берүү мекемелерин, орто мектептерди жана орто атайын билим берүү мекемелерин («Балажан» мектепке чейинки билим берүү мекемеси, «Мухамед Саид» мектеб-гимназыясы, «Араван Билим ордо» окуу мекемеси, “Ош Билим ордо” окуу мекемеси, “Араван Дулдул-ТОО” коллежи) түзүү боюнча анын талыкпас демилгелерин жана реалдуу иштерин өзгөчө белгилей кетүү керек. Бул окуу мекемелеринде элет жаштары сапаттуу жана заманбап билим алышууда.

Академик М.Мамасаидов өзүнүн 75 жылдык кутман  маарекесин руханий күч-кубаттын көтөрүлүшү, чыгармачылык идеяларга толгон активдүүлүгү жана айланасындагыларды жигердүү түгөнгүс энергиясы менен сереге канат серметтирип, мөлтүрөгөн көктөмдүн кучагында  тосуп алууда! Көптөгөн достору, кесиптештери жана студенттери окумуштуу-академик агайын  даңктуу юбилейи менен куттуктап, чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, мындан аркы чыгармачылык ийгиликтерди каалайт!

Шыңгырап мөлтүр булагың,

Акыл-күч толгон убагың.

Кылымды карыт, ылайым,

Кут болсун кутман курагың!

                    Калдарбек КОЙЛУБАЙТЕГИН, Журналисттер союзунун мүчөсү

Бөлүшүү

Комментарийлер