«АЙ КЬЮ» МЕКТЕБИНЕ ТЕКШЕРҮҮ КЕТТИ

  • 18.07.2023
  • 0

“Ай Кью” мектебине Билим берүү жана илим министрлигинин комиссиясы барып, текшерүү баштады.

Бул менчик мектептеги чыр окуя билим берүү чөйрөсүндө эле эмес, коомчулукта дагы түрдүү пикирди жаратты. Ээнбаш директор, өзүнө окшогон чала журналистти пайдаланып, эки жылга созулган коррупциялык схеманын өзөгүн Билим берүү жана илим министрлигине оодарып жаткан учуру. Аталган ОТКнын жетекчиси Мадина Кубаеванын “экстернат” программасынын миссиясы, ага керектүү документтер жөнүндө түшүнүгү жоктой. Бул мектепти ачуунун түпкү максаты эмнеде эле?

 Экстернат — окутуу эмес, башкача айтканда ылдамдатылган шартта жалпы орто билимди өз алдынча, кезектеги аттестация аркылуу алуу.

Экстерн – өз алдынча, аралыктан билим алып, программаны өздөштүрүү, аралык жана мамлекеттик аттестациядан өтүү мүмкүнчүлүгү бар окуучу.

Экстернаттын артыкчылыгы бир окуу жылынын ичинде эки жылдык программаны өздөштүргөндүгүн тастыктоодо.

Экстернат жалпы орто билимди мамлекет жана мамлекеттик эмес жалпы билим берүү мекемелеринде күндүзү окугандар, мектептерде ар түрдүү себептер менен убактылуу окубай калгандар (чет мамлекетте убактылуу жашап жана окуп жаткандар, оорусу боюнча мектепке барбай калгандар, качкындар ж. б.), орто жана баштапкы, орто профессионалдык окуу жайларын бүтпөй калган атуулдар, чет мамлекетке ата-энеси менен биротоло көчүп кетип жаткандар жана бүтүрүү аттестациясы мезгилинде мелдешке же гастролго кетип жатышкан спортсмендер менен артисттер алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Мамлекеттик жыйынтыктоо аттестациядан ийгиликтүү өткөн экстернаттарга аттестат, күбөлүк «экстернат» белгиси менен берилет. Экстернат түрүндө билим алуу үчүн консультация, сынак ж. б. чыгымдарга акы төлөнөт. Майып, жетим, көп бүлөлүү ж. б. социалдык жеңилдик шарты бар балдар акы төлөөдөн бошотулат.

Ошол эле учурда Токмок шаарындагы “Ай Кью” жеке менчик мектебинин 84 окуучусу мындай документ алуу мүмкүнчүлүгүнөн айрылып олтурат. Себеби, “Ай Кью” ОТКнын директору Мадина Кубаева мыйзамды аттап, эки жылдан бери экстернаттарды окутууга лицензиясы жок иштеп келген. Өкүнүчтүүсү, мындай былык иш 84 баланын үмүтүнө балта чапканында. Ал эми өткөн жылы аттестат алган  экстерндердин дагы документи мыйзам талаасында жараксыз болушу толук ыктымал.

“Ай Кью” ОТКнын директору М.Кубаеванын айтымында, 2021-жылдын июнь айында ал Билим берүү жана илим министрлигине  орто билим берүү программасы боюнча күндүзгү, сырттан жана экстернат формаларында окутуу үчүн өтүнмө таштаган. 2021-жылдын 18-июнунда министрлик тарабынан орто билим берүү программасы боюнча окутуу үчүн мөөнөтсүз лицензия берген. 2021-2022-окуу жылында мектеп 11-класста окуган 19 окуучуну “экстернат”программасынын негизинде, ата-энелердин кайрылуусу жана педкеңештин чечими менен кабыл алган. Ошол эле учурда “Ай Кью” ОТК министрликтин мектептер бөлүмүндө күндүзгү, сырттан окуу жана “экстернат” программасы боюнча окутуунун планын бекиттирген. Ал эми экстерн-окуучулар 2021-2022-окуу жылы ичинде эки жолу аралык тестирлөөдөн ийгиликтүү өтүп жатышкан.

-2022-жылдын мартында ОТКнын министриликке жыйынтыктоочу тестирлөөгө катышуу жөнүндө кат жолдоп, 19 окуучу мамлекеттик жыйынтыктоо аттестациясынан тоскоолдуксуз өтүп, орто билими тууралуу аттестатка ээ болгон. Ал учурда мекеме тараптан эч күмөн жаралган эмес”, — дейт ал.

2022-2023-окуу жылына карата комплекс11-класстын 160 окуучусунун ичинен 84 баланы ата-энесинин кат жүзүндө кайрылуусунун аркасында жана педкеңештин чечими менен экстернатка кабыл алынган. Алардын ичинде 15 Россия жана Казакстандын жарандары. 16-мартта 84 окуучунун жыйынтыктоо тестирлөөсүнө кирүү үчүн министрликке жолдонгон катка 28-апрелде “экстернат” формасы лицензияда белгиленбегендигине байланыштуу терс жооп келген.

Беттырмаачылыктын жеткен чеги менен жетекчи айым күнөөнү Билим берүү жана илим министрлигине оодаруу менен эки жылдан берки былык ишин жашыруу аракетинде.

Ал эмес, министрлик башка “экстернатка” лицензиясы жок мектептерге уруксат берген деп айтууда. Албетте укук коргоо органдары бул ишти жөн койбос жана мыйзам чегинде бул иштин айланасындагы фигуранттар өз жазасын алат. Ал эми Кыргызстандагы ИСУОдо каттоодон өткөн 193 жеке менчик формасындагы билим берүү мекемесинин алдыңкы үлгүлөрү билим берүү айдыңында кеңири кулач жайып келе жатканда, “Ай Кьюга” окшогон колу таза эместердин айынан сөз элегинен эле эмес, министрлик тарабынан түзүлгөн комиссиянын текшерүүсүнөн өтөөрү анык болду.

Чуулгандуу “Ай Кьюнун” директорунун аты-жөнү эмне эле тааныш угулат десе, бир кезде Билим берүү жана илим министрлигинде орун басар болуп иштеген Борис Кубаевдин кызы экен. Ал киши ИСИТОну негиздеп, көптөгөн жаңыланууларды алып келгени менен аркасында көптөгөн чуулары бар эле деп эскеришет, бир кездеги коллегалары. Кыязы, кызматтык абалдын “бармактан чыканакка чейинки майы” мураска калган көрүнөт.

А.Асаналиева «Кут Билим»

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер