АVN – ЖОЖДОРДО КОРРУПЦИЯ МЕНЕН КҮРӨШҮҮГӨ ЖАРДАМ БЕРЕТ
- 06.02.2025
- 0
Окуу процессин жана башкарууну автоматташтырган АVN маалыматтык системасы жогорку окуу жайлардын ишин илгерилетип, жемкорлук менен күрөшүүдө чоң жардамчы болууда. Бул система республиканын бардык жогорку окуу жайларына киргизилген. Системаны толук кандуу ишке ашырып, бардык ишти жөнгө салып алган окуу жайлардын бири — И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети.
Бул окуу жай акыркы эки-үч жылдан бери кагаз журналдарды, студенттик зачётка, студенттик билеттерди колдонбойт. Кафедранын саатынан баштап, сабактардын тизмеси, табель толтуруу, кыскасы, ич ара кагаз жүгүртүү толугу менен электрондоштурулган. АVN системасына толук кандуу кирүүнү 2013-жылдан баштап колго алып, үч жыл аралыгында кафедралардын жүктөмүн, окуу процессинде окутуучулардын саатын бөлүштүрүүнү жолго койгон. 2016-2017-окуу жылында системаны дагы да жакшыртуу максатында кошумча жабдыктарды сатып алса, 2023-2024-окуу жылында буга чейин колдонуп келген серверин мүмкүнчүлүктөрү кенен жаңы муундагы серверге алмаштырган.
— АVN — окуу процессин автоматташтырууну башкаруучу система. Окуу башкармалыктардын, деканат, кафедралардын иштери толук кандуу автоматташтырылды десек жаңылышпайбыз. Окуу пландарынын баары АVN маалыматтык системасында. Муну жакшыртуу үчүн көп иштерди жасадык жана жасап жатабыз. Ага чейин бардык иш кагаз жүзүндө аткарылчу. Окуу процессин башкаруу башка, сабактарды башкаруу башка система экендигин чаташтырбашыбыз керек, — дейт КМУнун Технологиялар борборунун башчысы Жолдошбек Мокешов.
Бүгүнкү күндө Кыргыз мамлекеттик университетинде студент окууга кабыл алынгандан баштап, аяктаганга чейинки процесстин баары санарип форматында жөнгө салынган. Маселен, адегенде, абитуриент бул университетте окуй тургандыгын тастыктагандан кийин буйруктун негизинде окууга кабыл алынат да, документтеринин баары AVN системасына жүктөлөт. Студентке жеке логин жана сыр сөз берилет. Андан кийин окуу башкармалыгы тарабынан окуу жүктөмү бөлүштүрүлүп, кайсыл окутуучу сабак берерине чейин система ичинде уюштурулат. Ал жерде студентке качан буйрук чыкканынан баштап, окуу төлөмүнүн канчасын төлөнгөндүгү, кайсы сабакты качан тапшырышы, кайсыл сабактар өтүлүш керектиги деген сыяктуу бардык маалыматтар камтылган. Окуу акысы да жеке төлөө коду аркылуу ишке ашырылат. Базага төлөөр замат убакыт-сааты менен төлөгөндүгү тууралуу маалымат түшөт.
Келгендигин тастыктоочу QRкод
Окуу жай ар кандай коррупциялык иштерди алдын алуу максатында эки жыл мурун QR код системасын иштеп чыккан. Студенттер сабакка катышып жаткандыгын аудиторияларга илинген QR код аркылуу тастыкташат. Ар бир студент сабак башталганга чейин 10, башталгандан кийин 10 мүнөттө сабакка катышып жатканын билдириши керек. Аны сканерлегенде автоматттык түрдө окутуучунун журналында студенттин сабакта экендиги белгиленип калат. Эгерде интернет жок болуп калса же жөнөкөй смартфон болсо, окутуучу өзү журналына белгилеп койсо болот. Мындай QR коддор университет эле эмес, студенттер практикага барган мектептерге да илинип, студенттер барган сайын практикада экендигин тастыктап турат. Маанилүүсү, QR коддор окуу жайдын же практика өтүүчү мекеменин аймагынан сырткары жерлерден окулбайт.
— Үйүндө жаткан студентке башкалар QR коддун сүрөтүн жиберсе, үйүнөн эле белгилеп койсо кандай болот деген суроо болушу мүмкүн. Биз муну иштеп чыгарда баарын эске алганбыз. Кайсыл жерден QR код киргизсе, ошол аймактын гана геолакациясы түшүп калат. Демек, QR кодду сканерлегенде аудитория менен телефондун геолокациялары дал келиши текшерилет. Ошондой эле бир смартфон бир эле жолу белгилөөгө мүмкүн. Башкысы, смартфондордо ордун аныктай турган жана камерага уруксат бере турган программасы болушу керек. Эгерде студент белгилүү себептер менен окууга келбей калса, ал кошумча балл топтоп алууга мүмкүнчүлүктөр бар. Окутуучуларга модуль, экзамендерди коюу үчүн атайын график түзүлөт. Ошол күндөрү гана портал ачылып, баалар коюлат. Учурда университетте 20 миңден ашык студент окуйт, 1400дөй профессор-окутуучу иштейт. Баарынын маалыматы бир серверде сакталат жана сыртка чыгарылбайт. Биздин негизги максат — маалыматтардын коопсуздугун сактоо. Себеби секунд сайын серверге вирустук чабуулдар болуп турат. Биз коргоо системаларын күнүгө бекемдеп турабыз, — дейт Жолдошбек Мокешов.
Коррупцияга каршы иштер
Мындан сырткары, университетте коррупциялык иштерге каршы жыл сайын онлайн сурамжылоо өткөрүлүп турат. Ал эки жол менен жүргүзүлөт. Биринчисинде, студенттерге “Белек бердиңиз беле?”, “Биздин факультетте акча берген учурлар барбы” деген сыяктуу чыныгы коррупцияга байланыштуу суроолор болсо, экинчисинде, “Окутуучу студенттин көз карашы менен” деген темадагы суроолор камтылат. Анын негизинде семестр сайын ар бир окутуучуга баа берилип турат.
AVN окутуучулардын рейтингин аныктоодо да чоң жардамчы. Эки жылдан бери система аркылуу бир канча категория боюнча окутуучулардын рейтингин аныктап келишет. Анда окутуучунун илимий даражасы, сыйлыктары, илимий-изилдөө иштери, спорттогу жетишкендиктери, маектери, кесиптик чеберчилигин жогорулатуусу, айтор, окутуучу тууралуу бардык маалыматтар камтылат. Аягында система өзү эле автоматтык түрдө топтогон упайын чыгарып берет. Анын негизинде окутуучулардын эмгек акысына үстөк кошулат. Мисалы, былтыр эң көп балл топтогон 2000 баллдан үч окутуучуга (2000 баллдан жогору) Жаңы жылда ноутбук, смартфон, планшет сыяктуу сыйлыктар тапшырылган. Көп балл топтогон кафедраларга да өзүнчө баалуу белектер берилди.
Мындан сырткары окуу жайда көпчүлүк аудиторияларга видео-көзөмөл орнотулган. Мамлекеттик экзамендер AVN маалыматтык системасы менен уюштурулуп, видео-көзөмөл менен жабдылган компьютердик класстарда өткөрүлөт. Студент келгенде комиссия тарабынан өздүгү такталып, документтери AVNдеги сүрөтү менен салыштырылат. Комиссия уруксат бергенден кийин гана студент экзамен тапшыра алат. Бардык процесс автоматтык түрдө видеого жаздырылып, диск түрүндө сакталат. Ведомость автоматтык түрдө чыгып, комиссия мүчөлөрү дароо кол коюп беришет.
Айгерим ТОКТОБАЙ КЫЗЫ
Комментарийлер